Ош шаарынын милициясы Июнь окуясынын 2 жылдыгынын алдында “Арсенал” деген оперативдүү иш-чара өткөрөт. Ал 10 күнгө чейин созулмакчы. “Иш-чаранын жүрүшүндө жоготууга же тартып алууга дуушар болгон курал-жарактар кайтарылып, шаардын коомдук тартиби менен коопсуздук сакталат”,- деп мэриядан билдиришет. Ошондой эле шаарга кирип-чыккан автоунаалар текшерүүгө алынат.