Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Алар ишеним артып тапшырылган менчикти ээлеп алуу же жок кылып жиберүү, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык бурмалоо боюнча шектелүүдө. Текшерүү учурунда кызматкерлердин айлык акысын, транспорттук чыгымын төлөө үчүн берилген акчанын ичинен 218 миң сомго чукул каражат жетпей калган. Ошондой эле башкы эсепчилер администрация кызматкерлерине 16 миң сомго жакын каражатты негизсиз беришкен. Учурда тергөө жүргүзүлүүдө.