Ош шаарынын прокуратурасынын маалыматына ылайык, былтыркы жылы 18 жашка толо электердин арасында 3 суицид фактысы катталган. Милиция кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүп, анын жыйынтыгында үч окуя боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган. Бирок тергөөчүлөр тарабынан үч окуяда тең өмүрүнө кол салуунун себептерин аныктоо максатында мугалимдер, коңшулар, өспүрүмдөрдүн достору суракка алынган эмес. Быйылкы жылдын башынан бери шаарда суицид фактысы каттала элек болсо да, өспүрүмдөр арасында 16 ирет бул дүйнөдөн өз эрки менен кетүү аракети катталган. Анын 15и кыз, бирөө эркек. Прокуратура суицидге барган өспүрүмдөрдүн курагы 15-17 жаштагылар экенин баса белгилеп, ата-энелерди өткөөл курактагы балдарына көбүрөөк көңүл бурууга чакырат.