Эрнест Абдыжапаровдун уулу, атасынын жолун жолдоп кино жаатында аздыр-көптүр таанылып калган Санжар Абдыжапаров үйлөнүп, азыр келинчегинин ысык чайын ичип, үй-бүлөлүү жашоонун кызыгына батып турган чагы. “Бактыңды алыстан издебе” дегендей, өзү тарткан тасмаларында роль жаратып калган Айзада Өмүралиева аттуу кыздан бактысын тааптыр. Экөө эки жылдай сүйлөшүп жүрүп, жакында баш кошушту. Кубанычтар уланып, жаш жубайлардын бактылуу жашашына тилектешпиз.