«СУПЕР-ИНФОнун» КУБОГУ ЖАРКЫН ЖАКТА ЖАШАЙТ!

26-27-майда Бишкектеги «Дордой» спорт комплексинде гезитибиздин 10 жылдыгына карата футбол өткөрүп, байгеге тай сайып той бердик. Бишкектин булуң-бурчунан келген 14 команда баш байге үчүн кара терге түштү. Той демекчи, айыгышкан күрөштөр менен кошо ырчы-бийчилерден чакан шоу программа да орун алды. Ал тойдо биз да болдук. 2 күн бою таң аткандан күн батканга чейин созулган майрамда тарыхта боло элек окуялардан кеп салалы...

ФУТБОЛДУК МЕЛДЕШ ДЕП УШУНУ АЙТ
10 жылдык тарыхы бар «Супер-Инфо» гезити күйөрмандарын жыл ичинде 2 ирет чогултарын билесиз. Бири кышта өтчү суперконцерт болсо, бири мына бул футболдук таймаш. Май айы келип, «Супер-Инфонун» футболдук кубогу ойнотулуучу мезгил да келди. Быйыл гезитибиздин 10 жылдык мааракеси болгондуктан, футболдук мелдеш чоң мааниге ээ эле. Андыктан байге да өзгөчө болуп, баш байгеге тай сайылса, 2-орунга кой, үчүнчү орунга козу берүү каралган. Биздин жобобуз боюнча, командалар 2 топко бөлүнүп чүчүкулак тартышмак. 14 команданын 8ин 3 мобилдик оператор («Билайн», «Мегаком», «О!»), 3 суусундук чыгаруучу ишкана: «Аю», «Кока-Кола», «Шоро» жана «Дасмия» рестораны менен «Жогорку Кеңеш» командалары түзсө, калган 6 команда шоу өкүлдөрү, чыгармачыл чөйрө: «Тамашоу», «Театр», «Ырчылар» командалары, ММК өкүлдөрү: КТРК, «Супер-Инфо» жана гезитибиздин расмий сайты Super.kg`нин колдонуучуларынан куралган командалар экинчи топто болушту. Оюндар олимпиадалык негизде өтүп, «ыргымай» принциби колдонулду. Чейрек финалда 8 команда болуш керек болчу. Бул үчүн атайын жобо иштеп чыгып, жарым чейрек финалда эң минималдуу эсеп менен утулган бир команда чейрек финалдын жолдомосун алмак. Салтанат, салтка айлангандай, командаларды майданга чакыруу менен башталып, ар бири өзүнө таандык музыкалык чыгармалар менен чыга келишти.

«Театр» – Африк Симондун аткаруусундагы «Hafanana» чыгармасы менен.
«Билайн» – «Билайн» компаниясынын гимни.
«Дасмия» – УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын расмий гимни.
«Мегаком» – «Мегаком» компаниясынын расмий обону.
Super.kg – «Danza kuduro» ыры.
«Шоро» – «Шоро» компаниясынын расмий гимни.
«Аю» – Шакиранын аткаруусундагы «Вака-вака» ыры.
«О!» – «О!» компаниясынын расмий обону.
«Кока-Кола» – «ЮАР-2010го» карата чыгарылган «Wavin flag» чыгармасы.
«Ырчылар & Бийчилер» – «Ai Se Eu Te Pego» чыгармасы.
«Супер-Инфо» – «Супер-Инфо» гезитинин расмий гимни.
«КТРК» – Улуу көч күүсү.
«Тамашоу» – «Тамашоу» Лигасынын расмий гимни.
«Жогорку Кеңеш» – «Гүлдө, Кыргызстан» ыры.

Андан соң элдин түздөнүүсү менен обого гезитибиздин расмий гимни жаңыртылды. Бул жолу аны Урмат Усенов, Добр, Сайкал Садыбакасова жана Чолпонай аткарып бериши. Анан гезитибиздин башкы редактору Шаиста Шатмановага сөз берилип, салтанат расмий түрдө ачык деп жарыяланды. Эжекебиз өз сөзүндө алгач бардык командаларга ийгилик каалап: «Супер-Инфо» бир нече жылдан бери негизги окурмандары болгон жаштарды жаман адаттардан арылууга, спортту сүйүүгө жана жакшылыктарга үндөп келет. Бул максатта суперфутбол уюшулуп жатат. Бул жолкусу өзгөчө, анткени бизге 10 жыл толду»,- деген кебин айтты. Алпаруучулук милдетти колго алган Бакыт Байсариев менен Назира Айтбекова андан ары чүчүкулакка орун беришти. Чүчүкулак тартууга «Супер сулуу-2011» сынагынын жеңүүчүсү Айсулуу Өмүралиева чакырылган эле. Кыргыздан чыккан айтылуу футболчу Эмил Кенжесариевдин карындашы Айсулуу атаандаштарды төмөнкүдөй кездештирди:
«Жогорку Кеңеш» – «Дасмия»
«О!» – «Билайн»
«Аю» – «Шоро»
«Мегаком» – «Кока-Кола»
«Ырчылар & Бийчилер» – «Супер-Инфо»
«Тамашоу» – КТРК
«Театр» – Super.kg

УЙКУНУ АЧКАН БЕТТЕШТЕР, ЖАНДУУ БАЯНДОО ЖАНА ЫР-БИЙЛЕР
26-27-май күндөрү «Дордой» спорт комплексине биз менен гезиттин 10 жылдыгын белгилөөгө эл агылды. Эртең мененки саат 9:30да башталганына карабай, беттештер көптөгөн күйөрмандардын курчоосунда башталды. Күн кечтегенге чейин аталган спорт комплексине каттагандардын аягы суюлган жок. «Супер-Инфо» үчүн 2 күндүк эс алуу күнүн курман кылган күйөрмандар кызыктуу оюндар жана жандуу баяндоолор менен майдан четинде уйкуларын умачтай ачып, атүгүл кумарга да кирип жатышты. Күндүн ысык аптабына карабай отургандары буга далил. Ырчылардан Нурлан Насип, Данияр Эрматов, Аскат Мусабеков, Дайыр Исмадияров, Урмат Усенов, Бактыгүл Бадыева, Чолпонай, Добр,Гүлзада, Кайыргүл обон созду. Анан да Хамза Латиповдун «Футбол» аттуу чыгармасы кечеге өзгөчө көрк кошту. Шоунун ортосунда «Береке» бий ансамблинин кыздары да келип, өзгөчө бий тартуулап кетишти. Өз кезегинде, убада кылынгандай, бекер балмуздак, поп-корн жана суусундуктар таратылды. «Суперфутбол-2012нин» тушоосун «Жогорку Кеңеш» менен «Дасмия» командаларынын оюну кести. Ар бир оюндан куйкум таап, көрк кошкон «тамашоучулар» Зияш менен Самат баяндоочулук «рулда» отурушту. Алар курч мүнөздө өтүп жаткан беттештерге кабак түйө үңүлгөн элди эрксизден жылмайтып жатышты. Ал эми экинчи күнү бул орунду КТРКнын спорттук баяндамачысы Кубан Атабеков колго алып, мыкты баяндап берди.

БЫЙЫЛ ПЕНАЛЬТИЛЕРДИН ЖЫЛЫ
Эрежеде жазылгандай, ар бир оюн 20 мүнөттөн 2 бөлүккө бөлүнгөн. УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын быйылкы сезонунда популярдуулугун арттырган пенальтилер сериясы биздин мелдеште да көп командаларды куткарып калды. Айрым командалар тартынбай эле коргонууга жатып алып, оюндун негизги бөлүгүн тең ойноо менен пенальтиге укук алып жатышты.

1-КҮН. 26-МАЙ. ЖАРЫМ ЧЕЙРЕК ФИНАЛ.

«Жогорку Кеңеш» - «Дасмия» – 0:3
Депутаттар менен официанттардын бир талаада футбол ойногонун көрдүңүз беле? «Жогорку Кеңеш» командасын, мурда айтылгандай, Камчыбек Ташиев эмес, Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция боюнча экс-министр, ЖКда бөлүм башчы Алмаз Абытов баштап чыкты. Эл өкүлдөрү Садыр Жапаров жана Дастан Жумабеков (экөө тең «Ата Журт» партиясынан депутат) болуп канчалык аракеттенбесин, баяндоочулар айтмакчы, официанттарды ута алышкан жок. «Ата журтчуларды» өзгөчө белгилеп кетпесек болбос. Намыс үчүн эт-бетинен кетишерин футбол талаасында кырчындай жаш официанттар менен жарыша чуркап жан үрөгөн Садыр Жапаров да, дарбаза кайтарган Дастан Жумабеков да далилдешти. Мелдеш өткөрүп жатканыбызды лидерлеринен тарта колдоп, майданда 2 депутаты ойноп кетти. Ал эми жылдагыдай эле «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев келем деп, бирок сөзүнө турган жок. Оюнга кайтсак, күнүмдүк жашоодо депутаттарды тейлеген официанттар майданда аларга футболдук меню боюнча башкача тейлөө көргөзүштү. Суюк тамактын ордуна биринчисине алыстан киргизилген гол, экинчисине болсо жекеме-жекеден гол «апкелип» беришти. Ал эми десертке айып соккусунан киргизилген гол болду.

«0!» - «Билайн» – 2 :3
Экинчи жарым чейрек финалда өлкөдөгү 2 ири мобилдик компаниянын таймашы курч мүнөздө өтүп, кара-сарылар жеңип чыкты. «Тамашоучулар» айтмакчы, эки уюлдук оператордо тең маал-маалы менен "сбой" болуп турса да, жеңишке карай «Билайндын» "бирдиги" көп болуп чыктыбы, акыркы мүнөттөрдө гол киргизип жеңишти илип кетишти.

«Аю» - «Шоро» – 0:0 (пенальтиден 4:2)
Чейрек финалдын 3-жолдомосу үчүн кийинки оюнга ичимдик жана суусундук чыгаруучу компаниялардын командалары чыкты. 20 жылдыгын белгилөө алдында турган «Шоро» компаниясы атаандашына караганда бир аз тажрыйбалуураак болсо да (суперфутболго былтыр да катышкан), негизги убакытта жеңишти өз жагына оодара алган жок. Пенальтилер сериясында бакыт кушу «Аюга» жылмайды.

«Мегаком» - «Кока-Кола» – 4:0
«Кока-Кола» учурдагы чемпион «Мегаком» менен ойноору белгилүү болгондо эле жеңишти колдон чыгарып койгондой кейип калышкан. Ал жөн жерден болбогонун биз майданда көрө алдык. Өз дарбазасына 4 гол өткөрүп алганына карабай, «колачылар» бир гол киргизүүнүн аракетин катуу көрүштү. Бирок алар «мегакомчулардын» темирдей коргонуусун тешип өтө алышпады.

«Ырчылар & Бийчилер» - «Супер-Инфо» – 2:0
Жыл сайын жеңилүүдөн башы чыкпай келген «Ырчылар» командасы быйыл өздөрүнүн мыкты сапаттарын көргөзүп, көпчүлүктү таң калтырышты. Буга курамына бийчилерден да кошуп алганы таасирин тийгизди десек жаңылышпайбыз. Мелдештин кожоюндарынын дарбазасына ар бир таймда бирден кооз гол киргизип, 2:0 эсебинде утуп алышты. Өз кезегинде «суперчилер» «былтыр «Гермес-профиге» 8:0 эсебинде утулганбыз, буюрса, жылыш бар» деп келечекке оптимисттик ойлорун билдиришти.

«Тамашоу» - КТРК – 2:2 (пенальтиден 3:5)
Бул оюнду, футбол тили менен айтканда, күндүн «камбэги» («come back» – «кайтып келүү») десек жарашат. «Тамашоучулар» 2:0 эсебинде алдыга чыкканы менен, эсепти теңетип жиберишти. Пенальтилер сериясында КТРК ийгиликтүү болуп чыгып, 5:3 эсебинде утуп кетти. Ошондо адатта жүздөрүнөн күлкү кетпеген «тамашоучуларды» сырттан көрсөңүз бооруңуз эзилбей эле, оорумак. Бирок жашоо сюрприздерге толтура демекчи, суперфутболдун эрежесинде каралган бактылуу команда жолдомосу дал «Тамашоуга» буюрду. Анткени алар жарым чейрек финалда жеңилбеген 2 команданын бири болуп («Шоро» «Аю» менен 0:0 ойноп, пенальтиден утулган), 2 гол киргизгендиги үчүн үстөмдүккө ээ болушту.

«Театр» - super.kg – 0:1
«Суперфутбол-2011дин» вице-чемпиондору Super.kg бул оюнда фаворит болчу. Алардын чоң эсептеги жеңишин божомолдогон күйөрмандардын ою туура чыга берген жок. Ойдо бышып жаткан чоң эсеп ишке ашпай, суперфорумчулар минималдуу эсеп менен гана жеңишке жетишишти. «Театр» курама командасынын бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган биримдиктүү оюну мактоого арзырлык болду. Курсак байлаган куракка барып калган актёрлор Super.kg'нин жаш жигиттерине каршы мыкты оюн көрсөтүштү.

2-КҮН. 27-МАЙ.

ЧЕЙРЕК ФИНАЛ.

КТРК-«Ырчылар & Бийчилер» – 1:0
Чейрек финалдын биринчи оюну КТРК менен "Ырчылардын" беттеши болду. "Ырчылар & Бийчилер" коомдук телеканалга утушту оңой менен бере койгон жок. Оюндун ортосунда киргизилген жалгыз топ КТРКны кийинки турга алып чыкты.

«Дасмия»-«Билайн» – 0:2
"Билайн" "0!" командасын уткандан кийин мелдештин башкы талапкери атала баштады. "Дасмия" алар менен кашык каны калганча күрөшүп, көңүл жубатуучу гол да киргизе алышкан жок. "Билайн" ишенимдүү жеңишке жетишип, сапарын андан ары улантты.

«Аю»-«Мегаком» – 0:2
"Аюнун" коргонуусуна бали! Бул оюн дээрлик "мегакомчулардын" чабуулу астында өтсө да, "аючулар" коргонууну ийгиликтүү көрсөтүштү. "Мегаком" 2 гол киргизип, жеңишке ийгиликтүү жакындаганына карабай, алсыз тарап күрөштү уланта берди. Калыстын ышкырыгы чырылдаганда гана "аючулар" жеңиштин колдон чыкканын түшүнүштү.

«Super.kg»-«Тамашоу» – 0:0 (2:4)
Бул командалардын оюнун мыкты дегенге ооз барбайт. Убактысынын көбү интернетке арналган форумчулар бул оюнда канчалык оюнду колго алып, "тамашоучуларды" катуу кысып, дембе-дем чабуул жасабасын, гол киргизе алышпады. Оюндан кийинки пенальтилер сериясында күлкү жаратуучулар ийгиликтүү чыгып, былтыркы вице-чемпиондорду чейрек финалда үйгө кетүүгө аргасыз кылышты.

ЖАРЫМ ФИНАЛ «Билайн»-«Мегаком» – 0:0 (пенальтиден 5:3)
Бул оюнду баары күткөн. "Билайн" менен "Мегаком" уюлдук байланыш мейкиндигинде эле эмес, майданда да атаандаш экен. Оюнга келсек, "Мегакомдун" үстөккө-босток чабуулу "Билайндын" коргонуусун жарып кире албады. Оюндардан кийинки пенальтилер сериясында жаза баскан "мегакомчулар" сапарын андан ары улай алышпады.

КТРК- «Тамашоу» – 1:0
"Дордойчу" Азамат Байматов машыктырган "тамашоучулар" коргонууга ыктап, кези келгенде каршы чабуул жасап жатышты. Экинчи бөлүктө алыстан киргизилген гол оюндун тагдырын чечип, КТРК финалга чыгып кетти.

3-орун үчүн оюн

«Мегаком»-«Тамашоу» – 2:0
Тай талаштан чыгып калган "Мегаком" менен "Тамашоу" командалары эми козу үчүн беттеш өткөрүштү. Оюн айыгышкан курч мүнөздө өткөнү менен, эсеп жагынан "Мегаком" алдыга чыгып, жеңишти бөктөрүп кетти.

ФИНАЛ

«Билайн»–КТРК 1:1 (пенальтиден 2:1) Күндүн жыйынтыктоочу, эң кызыктуу беттеши дал ушул финал болду. Оюн кадимки тартипте башталып, чабуул бирде бир дарбазаны көздөй жасалса, бирде экинчисине келип жатты. Экинчи таймда ачык эле коргонууну күчөтүшкөндө күйөрмандар пенальтилер сериясын күтө башташкан. Жок! Аңгыча КТРК эсепти ачып кетти. "Эми таймаш башталды" деп футбол күйөрмандарынын бүйүрү кызый түштү. Бирок Комдук телеканалдын оюнчулары коргонууга жатып алышты. Аңгыча айып аянтчасынан оюн эрежеси бузулуп, 11 кадамдык айып соккусу буюрулду. Ооба, оюн баары бир пенальтилер сериясына жетти. Кантсе да сүрү катуу эмеспи, финалда гол киргизе албай жатышты. "Билайнчылар" катары менен дарбазанын өйдө жагына тепсе, КТРКнын тепкендерин дарбазачы Эрлан Атаев кайтарып жатты. Ошентип, 5 соккудан 2 гол киргизген "Билайн" чемпиондукту майрамдоого укуктуу экенин далилдей алды. "Билайн" – чемпион! Ал биринчи эле аракетинде "Супер-Инфонун" кубогун жеңип алды. "Супер-Инфонун" кубогу жаркын жакты тандады. Эми ал кеминде 1 жыл жаркын жакта жашайт!

УЛАН МЕНЕН АЙПЕРИ – МЕЛДЕШТИН МЫКТЫЛАРЫ
Оюндар маалында байма-бай жар салынгандай, мелдештин "Мыкты футболчу мырзасына" сыйлыкты КРнын Футбол федерациясы, "Мыкты футболчу айымга" "Дордой" ассоциациясы тапшырмак. Мырзалар арасында мелдеште эң көп гол киргизген "мегакомчу" Улан Барпиев "Мыкты футболчу мырза" болуп табылса, "Мыкты футболчу айым" наамы Айпери Кубик кызына ыйгарылды. Мындан тышкары расмий эмес төмөнкүдөй номинациялар боюнча жыйынтык чыгарылды:

Жеңишке умтулуусу жана эрки күчтүү команда – "Театр" командасы.
Мыкты гол – Мирбек Масалиев ("Ырчылар & Бийчилер" командасынын чабуулчусу, «Супер-Инфонун» дарбазасына бурчтан чыгарып берген тобу түз эле дарбазадан орун алганы үчүн).
Бомбардир – Улан Барпиев (5 гол, "Мегаком").
Голду мыкты бел­гилөө – Улан Барпиев (гол киргизген соң Азамат Байматов менен майдан четинде учурда популярдуу болгон "Ai Se Eu Te Pego" ырына бийлегени үчүн).
Өзгөчө кийим – Камчы Сарыбаев ("Театр").

БАЙГЕЛЕРДИН КӨЗҮ ТИРҮҮ...
Той болот, тойдун эртеси да болот эмеспи. Баш байгени уткан "Билайн" командасы тай Бишкектеги Чүй жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги кеңсесинде багылып жатканын айтты. Жамааттын демилгеси менен белекти символ тутуп, атүгүл ага аткана издеп жатканын да айтышты. Жеңиш ээлери кароолду күчөтүп, сактыкты арттырышкан чыгар. Ал эми КТРКга кеткен койдун кийинки өмүрү бир гана күнгө созулуптур. Вице-чемпиондор чогулуп, аны союп куурдак жасашыптыр. Түшүнүктүү, финалда жеңилген ызасын чыгарып, ачуу басар кылышкан экен. Ал эми "Мегакомдун" козусунун көзү тирүү. Жакынкы күндө анын шишкебекке айланары күтүлүүдө. Байгеңер куттуу болсун! Коюңар койго улансын, тайыңар даамдуу болсун!

РАХМАТ, САГА, ӨНӨКТӨШ!
Суперфутболду өткөрүүгө көмөк­төш­көн өнөктөштөргө чын дилден ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Мелдешти жогорку деңгээлде уюштурууга көмөктөшкөн "Дордой" спорт комплексинин директору Касенов Шаршен Рахимовичке, КРнын Футбол федерациясынын маалымат катчысы Канат Асеновго, маалыматтык колдоо үчүн КТРКга, "Шоро" жана "Кыргыз Поп-корн", "Кока-Кола" компанияларына, баяндамачы Кубан Атабековго, алпаруучулар Бакыт Байсариев менен Назира Айтбековага, "тамашоучулар" Зияш менен Саматка ыраазычылык билдирмекчибиз. Силерге чоң рахмат!

СТАТИСТИКАНЫ СҮЙГӨНДӨР ҮЧҮН
Мелдеш алкагында 27 гол киргизилди.
Ойнолгон 15 оюндун бешөөндө жеңүүчү пенальтилер сериясында аныкталды.
"Мегаком" негизги убакытта бир да ирет жеңилген жок жана дарбазасына 1 да гол киргизбей, "кургак" сактап калды.

Максат Кудайбердиев,
Аксуубай Жуматаев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Talant86
2012-06-04 11:18:19
Бул кунду эмки жылга чейин эстеп журомго. Ал эми супер-инфонун жамаатына азаматсынар демекчимин,анткени футбол эн жакшы денгээлде отту.
0
Asus84
2012-06-04 11:58:54
ммм жакшы
0
tkaldybaev
2012-06-05 09:35:32
Турнир эн сонун болду, Билайн мыкты оюн корсотту )))
0
№ 500, 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан