ЫРГАЛ КАДЫРАЛИЕВА, ЖКда КСДП фракциясынан депутат: «КЫЗ БАГЫП АЛАЙЫН ДЕП ЖҮРӨМ»

Жыйындарда жаш экенине карабастан, үнү өктөм чыгып, курчтугу менен айырмаланган депутат айымдардын бири – Ыргал Кадыралиева. Жаркылдап тосуп алган эл өкүлү шаңдуу сүйлөп, маекти тамашага да бөлөп жиберди. Бирок көзгө жаш тегеренткен учурларды да аттап өтө албадык.

КЫРГЫЗ ТИЛЧИ ЫРГАЛ АЙЫМ

1981-жылы 2-августта Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылында төрөлгөн.
2003-жылы ОшМУда филология факультетин аяктап, азыр ошол окуу жайдын юридика бөлүмүндө окуйт.
Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романы менен Сооронбай Жусуевдин ырларын кайталап окуйт.
Дүйнөлүк саясатчылардын өмүр баяны тууралуу китептерди кайсы тилде жазылганына карабай чогултат.
Жолдошу экөө Өзгөн күрүчүнөн палоо жегенден тажашпайт.
Ыргал айымды кинотеатрдан көрсөңүз, таң калбаңыз. Акыркы жолу “Аманат” жана “Ээнсиреген үй” тасмаларын көрүптүр.
Башында сулуулук салонуна барбаса, азыр атайын кам көрүүгө көңүл бурат.
Иш тажрыйбасын мугалимдик менен баштаган.
ЖКнын 4-чакырылышындагы депутат маркум Санжар Кадыралиевдин карындашы.

ӨЗГӨЧӨ КҮРҮЧТҮН МЕКЕНИ – ӨЗГӨНДҮН КЫЗЫ
«Атым Ыргал, жашоо жыргал. Эртең менен турамын, гүлдөргө суу куямын» деп кичинемде ырдап калчумун. Балалык курагым Өзгөн районунун Куршаб айылында өткөн. Биздин аймактын элин кыйын деп айткандан тартынбайм. Парламентте эң жаш депутат болгондор: Адахан Мадумаров, өз агам Санжар Кадыралиев, анын ичинде мен дагы өзгөндүкмүн.
Үйдө сегиз бир туугандын жетинчисимин. Шүгүр, баарыбыз өз оокатыбыз менен алекпиз. Ата-энем чет өлкөлөрдө окутпаса да, облустун эң алдыңкы гимназияларында билим алууга шарт түзүп беришти. Болбосо, алар жөнөкөй эле адамдар, атам фельдшер, апам мээрман айым. Экөө тең сөзгө чебер, макал-лакап, жомок менен санжыраны жакшы билгендер.

«ЖАРДАМЧЫМ – ӨЗ ОКУУЧУМ»
– Мугалимдин айлыгы аз болгонуна карабай, ошол кесипке ээ болуу үчүн окууга тапшырдым. Жөн гана өзүмө «мугалим болуу бул – меники» дегем ошол кезде. Аны бүткөндөн кийин өзүм билим алган гимназияга келип, кыргыз тили жана адабиятынан сабак бере баштадым. Ушунчалык берилип кеткенимден кийин мектепти таштап, аспирантурага бара албай кыйналгам. Окуучуларымдын ар бирин чын жүрөгүмдөн жакшы көрүп, сабак бүткөн соң класстан чыкканда кадимкидей рахат алчумун. Мени көбү жаш деп айтышы мүмкүн. Бирок ошол кездеги окуучуларым азыр жогорку окуу жайын аяктап, иштеп калган учуру. Бири жанымда жардамчым болуп иштейт. Аларды балдарымдай көрүп, сыймыктанам. Окуучуларыма кандай мугалим болдум билбейм. Жардамчым «ым-м, эме...» деп сөзүн таппай калса, «менин жаман мугалим болгонумду көрсөтүп жатасың» деп тамашалап урушуп калам.

«КАЙГЫМДЫ ЖЕҢЕ АЛБАЙ, ЖОК БОЛУП КЕТЕМ ДЕГЕМ»
– Агам Санжарды атып кетишкен. Ал каза болгонго чейин бул турмуштун оордугун, катаалдыгын сезбептирмин. «Карасы болбой, актын кадырына жетпейсиң» деп коюшат. Анын сыңарындай, мен дагы жыргап эле жүргөн экенмин. Агам өлгөндөн кийин бул дүйнөдөгү эң заар соккуга туш келип, бизди тизеге чапкандай эле болгон. Жоготуунун орду толбойт да, мен кайгымды жеңе албай, ушуну менен жок болуп кетем го дегем. Алгач тагдырдан өч алгым келди. Агамдын пландарын, максаттарын, эмне иш кылып жатканынан өйдө баарын жакшы билчүмүн. Максаттары орто жолдо калып, өзүңүздөр билгендей, үй-бүлөсү да жок болчу. Агамдын өлүмү саясий өлүм болгондуктан, анын артынан сая түшүп, саясатка кантип келгенимди билбей калдым. Жаштар электрондук дарегиме «мен сиздей болгум келет» деп жазып калышат. А мен ичимден «ылайым мендей болуп калбагыла» дейм.
Сот иштерине келсек, ушул процесстер мени, чын, аябай кыйнады. Калагы жок кайыкка түшүп, жээги көрүнбөгөн сууда калып кеткендеймин. Кыйыры билинбей, качан бүтөрү белгисиз. Бирок бир нерсеге бекем ишенем, мен Санжар агамдын кайгысын жеңе алдым, демек, чындык кыйшыкпы же түзбү, аны көрүүгө даярмын. Баары бир сот ишин аягына чыгарам. Агам «тагдыр кайталоону жакшы көрөт» деп калчу. Бирок, буюрса, тагдыр экинчи кайталанбашы үчүн бүт күч-аракетимди жумшайм.

«НАТАШАНЫН КӨК КӨЗДӨРҮ ЭСИМДЕН КЕТПЕЙ...»
– Эки уулум бар. Эмитеден «жылдыз оорусуна» кабылышкан сыяктуу. Өткөндө телеканалдардын бири уулдарым менен кошо тартып кетишти эле, менин ишимдин жоопкерчилигин кичинекей экендигине карабай түшүнүштү. Журналист менен оператордун көзүнчө томпоюп, тымпыйып эле отуруп калышпадыбы... «Бул менин балам беле?» деп өз уулумду тааныбай калдым (күлүп). Жумуштун айынан экөөнү дүйшөмбү күнү чоң ата-чоң энесине жөнөтөм, студенттердей эле жума күнү үйгө келишет. Ар бир саатым чектелүү, жазылуу болгондуктан, бош убактым пайда болору менен балдарыма чуркайм. Балык уулаганы барабыз. Таза аба деп, жаратылышка көп алып чыгам.
Өткөндө кесиптештерим менен Токмоктогу балдар үйүнө барып калдык. Ал жактан Наташа деген кызды көрүп, анын көпкөк көздөрүн үч күн унута албай жүрдүм. Анан кыз багып алайын деп, туугандарым менен да кеңешип чыктым. Азыр уулдарымды психологиялык жактан даярдап жатам, «карындаштуу болгуңар келеби?» деп.

«КЕЛЕЧЕКТҮҮ ЖИГИТ ДЕСЕ, ҮНДӨБӨЙ ТИЙДИМ»
«Кызды өткөнүнө, жигитти келечегине карап танда» деп калышат. Ата-энем, анын ичинде Санжар агам да жакшы тааныганы үчүн «ушул балага тиесиң, келечеги бар» дешти. Мен, албетте, үйдөгүлөрдүн койгон шартына каршы чыкпай, анын колун кармадым. Кээде жолдошум тамашалап калат, «сүйүшүп эле тийгем» деп койбойсуңбу» депчи...
Жолдошум орган кызматкери. Депутат болгондон кийин үйдө көп түшүнбөстүктөр болгонун жашырбайм, «кимдин иши маанилүү?» дегенге чейин бардык. Анан Маргарет Тетчер тууралуу жазылган «Белгисиз Мэгги» китебин окуп калып, бир фраза жагып калды. «Жолдошу менен аялы бири-бирине тоскоол болуу үчүн эмес, колдоо үчүн жашашы керек» деген. Эми ошол принцип менен жашап жатам.

«МИГРАНТ КЫЗ-КЕЛИНДЕРГЕ ЖОЛУГУУ ҮЧҮН МОСКВАГА БАРАМ»
– Бүгүн чоң талкуу жараткан Орусиядагы кыргыз кыз-келиндеринин абалы жөнүндө депутаттардын ичинен биринчи болуп реакция кылдым. 22 жаштан улуу кыз-келиндерге гана сыртка чыгууга уруксат берүү керек деген демилгем да Жогорку Кеңеште колдоо табат деп ишенем. Алдын ала күчүм жетпей тургандыгына, жалгыз үн баарына угулбасына көзүм жетип, Социалдык саясат комитетине да алып чыктым. Орусиядагы акыркы окуялар маанилүү экенине кесиптештердин көңүлүн бурдуруп, алардын көйгөйүн жакындан билүү максатында мекендештерибиз көп жашаган шаарларына бармай болдук.
Мамлекет эмгек мигранттарынын которуп жаткан каражаттарына кубанып эле жүрө бербей, аларга шарт түзүп берүү жагын да ойлонушу керек. Эгерде Орусиядагы жарандарыбыз жүрөгүн өйүгөн маселелери болсо, 4-июнда Екатеринбург шаарында, ал эми 7-8-июнь күндөрү Москвада болобуз, жолугуп, айтышсын. Алардын суранычын кийин биз өкмөттөн талап кылабыз.

Эльвира Караева
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ыргал Кадыралиева: «Кыз багып алайын деп жүрөм»
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Survey
2012-06-04 10:11:43
азаматсыз Ыргал мен сизди колдойм.Кыргызда сиздей кыздар коп болсун.кудайым сизди колдосун.
0
Elanda
2012-06-04 13:38:34
Азаматсыз Ыргал эже! Ишинизге ийгилик! Сиздей айымдар качан кобоет болду экен, ушул суроо ойлонтот. Сиздин жаштарды колдогонунуз мени кубантат.
0
nurjamal
2012-06-04 22:22:02
men 19jashtamyn, anan dagy ata enemdin kreditin ishtep kutuluuga jardam berdim, jana dagy ozumdu ozum karjylap kelem. siz aitkandai 22 jashtan otkondor chek aradan chygyshsa bizdi kim karjylait?
0
mek-81kg
2012-06-05 16:23:46
чон уулун Санжар акеге окшош экен
0
adalsvards
2012-06-06 14:50:39
mek-81kg, "эр тага журтун тартат"!
0
ainura220888
2012-06-06 21:44:57
nurjamal менда сага кошулам. Кечиресизго Ыргал эже демилгениз аябай жакшы экен. Менда Москвага келгенде жыргаганымын келген эмесмин атам 71жашта апам 62жашта эле мындан 4 жыл мурун мен18 жашта элем атамын пенсиясы 2800 апамыкы 2000 сом эле мен студент элем уйубуз илгерки чон атам куруп берен эски уй эле. Биз акем экообуз келип иштедик кудайга шугур зангыратып уй салдык а мамлекет ошол эле ордунда турат онукон жок начарлашы мумкун. Эми айтынызчы мамлекет бизге уй салып берет беле биз
0
ainura220888
2012-06-06 23:31:04
6 бир тууганбыз бизди мамлекет багат беле же жайды жайлай 50 сотик жерди карап кышында тапкан 30мин сом доходубузду карыздарга берип отуруп калайлыкбы. ушул 4 жылдын ичине мамлекет артка кетсе кети онукон жок. Демилгениз учун чоон рахмат андан коро Кыргыздарга Росиянын жарандыгын кайра берууну карап чыксанар болмок. Ат айланып казыгын табат кичине уй жайыбызды ондоп алып кайра барабызда. Баарыбыз Кыргызстанды суйобуз сагынабыз!!!
0
Elika
2012-06-07 02:06:41
Ыргал Каиыралиева азаматсыз ишинизге ийгилик.
0
Sezy
2012-06-07 02:42:14
22 жашка чейин чет олкого чыга албайт деген бул туура эмес, бул жерде адамдын укугу тебеленип калат, жаран кайсы жашта жана кайсы жерге баруу жаран озу гана чечет. Озунор билгендей окуучулар учун ар кандай программалар бар, ошол программа аркылуу чет олкого окууга жолдомо алышат, анан алар эмне болот? Дагы коп нерселерге тоскоолдуктар болот. Андан коро оор кылмыш кылгандарга олум жазасын киргизсин деген демилгени которуп чыксанар, жаш оспрум кыздарды зордуктоо болмок эмес беле!
0
Rustik90
2012-06-07 13:30:26
Sezy, Тушунбой туруп ар нерсени жаза берет экенсинер келесоодой болуп (таарынбагыла), ал сунушталган ыйзамды биринчи толугу менен окуп чыккылада, андан кийин Акылдуу болуп сунушунарды, акылмандуулугунарды айткыла, жазгыла!!! Ал жерде, эгер окуу учун Чет олкого чыга турган болсо, аны токтотпой кайра Комоктошобуз, а жумушка иштегени чыга турган болсо, биринчи Бара турган жеринен Тиешелуу документтерин карап анан чыгарабыз деп айтылган!!! Эмнеге, кайда, эмне у-н бараарын билбегендерге тыюуу салы-т!
0
Sezy
2012-06-07 22:06:00
Rustik90,Рахмат тушундуруп койгонунарга, сизге окшогон акылман, акылмандуулун айтып жазган адамдар коп болсун. Ии макул тушунбогондор келесоодой болупжазбай эле коелу анда кол чабуулар сизге акылман Адам!
0
№ 500, 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан