«ПРАКТИКАНТ АГАЙ АЗАПКА САЛДЫ»

Түштөн кийин бармагын тиштеп, кылган кылык-жоруктарына кейип-кепчигендер арабызда көп. Жашоонун коко тикендүү жолунан буйтап өтө албай арман кылган кыздын баяны.

“КЫЗДАР МЕНЕН МЕЛДЕШЕ КЕТТИМ”
– Анча-мынча жигиттерди көзгө илбеген керме каштардын бири элем. Артымдан чуркаган жигиттердин шагын көктү тиктеп, мурун чүйрүп сындырып койчумун. Ошондой күндөрдүн биринде сүйүүгө кабылдым. Математика сабагы боюнча шаардан бизге Талип аттуу практикант агай келди. Мурда сөз айткан жигиттердин алдында өзүмдү жогору сезсем, агайдын алдында берген суроолоруна жооп бере албай тердеп-кургап, уялчаак кызга айлана түшөм.
Бир күнү курбуларым менен мелдеше кеттик. Алар эгерде мен агайды өзүмө багындырсам, узун чачтарын кестиришмек болушту. Ал эми мен жеңилсем, айылдын эң мыркынбайы деп аталган Мадыл менен жүрмөй болдум. Ичимден “баары бир мен жеңишке жетишем” деп, болгон аракетимди жасай баштадым.
Агай айылдын четкерээк жагындагы үйдө турчу. Кечкисин терезесинин алдына коюлган столдо улам көчөнү карап коюп, түн бир оокумга чейин китеп окуйт. Бир күнү ата-энемден “курбу кызымдыкына барып чогуу сабак даярдайбыз” деп суранып, китеп-дептерлеримди көтөрүп алып агайдын үйүн көздөй бастым. Агай менин күтүүсүздөн келип калышыма апкаарый түштү.
– Саламатсызбы, сизден бир теманы жакшылап түшүнүп алайын дедим эле...
– Ой, Айжамал, тынччылыкпы? Кир, өйдө өт. Кайсы теманы? Сабактан түшүнбөй калдыңбы?
– Ооба.
Мектептен сүрдүү көрүнгөнү менен, агай жөнөкөй эле экен.
– Кана, кайсы теманы түшүнбөй калдың?
– Мм... бүгүнкү теманы.
Агай өзүнүн китебин алып, столун мага жандай коюп түшүндүрө баштады. Кулагым дүлөй, агайдын илебине мас боло түштүм. Бир кезде “сен эмне бир чекитти карап катып калдың, мени угуп жатасыңбы?” дегенде гана селт эте түштүм. “Ойлонуп кетиптирмин” деп кутулдум. Акырын колумдан кармап, “эртең да кел, жакшылап түшүндүрүп берем” деди.
Эртеси агайга дагы келдим. Негедир терезе пардасы чүмкөлүп жабык. “Үйүндө жок го...” деген ой келип, буруларда эшикти ачып өзү чыгып калды. Мына ошол күндөн баштап агайдын үйүнө барууну адат кылып алдым.

“КАРТ БӨРҮ ДА, СЕЗИМИМДИ БИЛИП КОЮПТУР”
– 11-классты аяктаар мезгил болгондуктан, “Жалпы республикалык тестирлөөгө бизди Талип агай даярдай турган болду” деп үйдөгүлөрдү көндүрүп койгом. Ошентип, алгебрадан кошумча сабакка бара баштадым. Агай менин баш-отум менен сүйүп калганымды “чү” дегенде эле түшүнгөн экен, көрсө. Кантсе да карт бөрү эмеспи. Бир жолу барганымда китеп-дептер коюлган столдо шире, шарап туруптур. Муну көрүп эшикке шарт бурулдум, бирок агайым колдон кармап өзүнө бекем тартты. Мен уялып кеттим, моюнумдан, бетимден өпкүлөп кирди. Бир башкача сезим мени байлап алды ошондо. Канчалык “жок” дегеним менен, коргошундай эрип, чапташып калдым. Балалыгым менен ошол күнү кош айтыштым...
Оо, арман күн! Көз ачып жумганчалык жыргал үчүн азыр соолуган гүлгө айландым. Экөөбүз жашырынып жолугуп жүрдүк. “Сүйөм-күйөм” деген сөздөр жамгырдай жаады. Убакыт өтүп, баягы курбуларым бурчка такай башташты, “агайың биздин көзүбүзчө сага сүйүү сезимин билдириши керек, антпесе ишенбейбиз” деп. Агайыма мелдеш тууралуу айтууга туура келди. Мына ошондогу анын кебетесин көрүп алгыла. “Сен мени ким деп ойлоп жатасың, мени ошол окуучу кыздардын көзүнчө маймыл кылгың келип жатабы?” деп демитип кирди. Баягы жароокер көз караштар заардуу көз карашка айланды. Көзүмдү ала качып жаттым. Анан эч нерсе болбогондой “болду, эми мени унут” деп басып кетти. Бет алдымдан жер көчүп, отуруп эле калдым.Көп өтпөй шаарына кетип калды.
Эми баарын түшүндүм, мени кусур урду. Теңиме албай жүргөн балдардын кусуру. Ооба, билем, айылдын мыркынбайы Мадылга турмушка чыккан күндө да ал менден өйдө турат. Мен сүйүү эмне экенин билбей туруп чалындым. Азыр апам чүнчүп, жадакалса чачын да жөндөп тарабай калган кызына түшүнбөй жүргөн кези. Көчөгө да чыгуудан тартынам, мектепке эптеп барып келем да, үйдөн чыкпайм.
Ошол, окурман, учурда эмне кыларымды билбей, чайналып жатам. Курсагым чоңоё баштады. Абийиримди эми кантип жашырам?..

Айжамал

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (118)
RainaDiamond
2012-06-11 03:25:25
Boloru boldu emi arka kaitpai aldiga jiliw kk jawsin jawoo aldida baari jakwi bolot.
0
www.belek
2012-06-13 03:51:24
Бул кыз курсактагы баладан кутулса, эмки мелдеш кайсы темада болот болду экен.
0
Venita
2012-06-16 00:29:01
Эми болоор иш болуп, боесу каныптыр, бойдогу баланды алдырбай эптеп тороп ал анын устуно биринчи балан экен, баланын оз ырыскысы озундо азыр аборттон кийин торой албай жургондор канча
0
Narynbek
2012-06-16 00:53:06
Ата-энеси жакшы адамдар экен.Кечкисин агайынын уйуно кызын жиберген.Эми тороп ал.Эл суйлоп-суйлоп калат.Аборттон кийин балалуу болбой каласын.
0
jeniw
2012-07-01 14:00:21
Аябай жакшы болуптур ошол кызга аздык кылат эми Бишкекке келсен сага жакшы иш табылат эми сага абийирдин да кереги жок
0
natu
2012-07-13 23:34:07
агай жакшынакай сонун статья мн кетет кыз жашы жетелек болсо
0
omo93
2012-07-20 07:19:11
менда ошондой кылат элем агайдын ордунда болгондо кыз озу келип адамды кызыктырып жаткандан кийин анан ал не кылышы керек
0
doddy
2012-08-06 14:28:32
Сага окшогон адашкан кыздар коп, бирок ойлонушпайт турмушун. Врачка барып корунуп башкасыга турмушка чыга бер. Бир эле сен эмессин мындай !
0
koky85
2012-08-17 21:03:44
азыр чынында кыздардын89% селкасы жок
0
ayzatushka
2012-09-19 16:36:23
неге неге ишенчээк болосунар мынчалык
0
Атасынын баласы
2012-09-25 11:36:51
Суйууну булгап минтип суйушпой эле койбойлубу туугандар, адам сезиминде суйуу тунук таза аруу бойдон калсын!
0
Komissarova
2012-10-06 23:31:06
Журогум оруп чыкты ((
0
KyrgyzAiba89
2013-02-12 15:48:49
Оюндан от чыгат деген чын да...
0
Ledi-beby.kg
2014-03-15 03:26:57
Башын иштебесе колу бутундун шору
0
dinara7684
2014-09-14 22:37:24
озу келсе уйуно жинди эмессинби,сага чала,мындан жаман болосун,Мыркынбай башына эмес башка жагына дагы тартпайт сени.ачык айтып агайынды сотко берип балана фамилия ал.
0
№ 500, 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан