Талас
Таласта жазгы талаа иштеринин темпи башка жылдарга караганда кыйла алдыда баратат. Бул тууралуу Талас облустук администрациясынын Агрардык өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмү билдирди. Алардын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 30-майына карата облус боюнча 7751 гектар күздүк эгиндерге кошумча азыктандыруу берилип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 542 гектарга көп болду. Ошондой эле Таласта картошка, жашылча-жемиштерди жана төө буурчактарды эгүү да бир кыйла алдыда. Облустук администрация белгилегендей, эгерде былтыр 1665 гектар жерге көп жылдык чөптөр эгилсе, быйыл бул көрсөткүч 3063 гектарга чейин жетип, 2011-жылга караганда 1398 гектарга көп болгон.