ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРГӨНДҮГҮ ҮЧҮН СӨГҮШ АЛДЫ

Нарын

Кочкор районунун Сары-Булак айылындагы орто мектепте 4-май күнү сабак өтүлбөй калганы үчүн айыл тургундары тарабынан акт түзүлгөн эле. Аталган мектептин директору Дайырбек Айдарбековдун айтымында, 4-майда ишембилик уюштурулган. Ошого байланыштуу мектепте сабактар өтүлбөй калган. Акыйкатчы институтунун Нарын облусундагы өкүлү Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнө мектептеги сабактардын себепсиз өтүлбөй калгандыгы тууралуу маалымат берүү талабы менен кайрылган. Кочкор райондук билим берүү бөлүмү мектептерге ишембилик өткөрүү боюнча эч кандай көрсөтмөлөр берилбегендиги, эгерде ишембилик өткөрүү боюнча көрсөтмөлөр берилсе, сабактан кийинки мезгилде өткөрүлө турганын айтышкан. Ошондуктан мектеп директору өз билемдиги үчүн Кочкор районунун жетекчилиги тарабынан сөгүш алды. Ал эми окуу бөлүмүнүн башчысы А.Шайымбетова менен тарбия иштери боюнча директордун орун басары Т.Бакиров кызмат ордуларынан бошотулушту.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
monchok
2012-06-04 14:02:48
Кыргызча кылып коюшканго
0
sambo
2012-06-04 15:00:47
Охо Кыргызстан өнүгүп баратканбыз го!
0
historic
2012-06-06 13:59:53
Минтип ишембилик кылгандыгы учун жумуштан ала берсе онукпой калдык го
0
Urankai
2012-06-06 14:58:19
historic ошону айтсан
0
ainura220888
2012-06-06 23:35:33
эээ милионду жегендерди корбойтда эки жакты тазалайлы дегенди коруп калат бекен. Оздорунун башындагы тоону корбой бироонун башындагы чиркейди корушот да биздин чондор. Уят эле
+1
mirbekkg
2012-06-10 04:47:20
ainura220888, ууру тойгончо жеп, олгончо карганат деген ушул да... :-)
0
№ 500, 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан