Токмок шаарынын айдоочулары, маршруттук парктын жетекчилери атайын жеңилдетүү алган жүргүнчүлөр үчүн жол кире акысын кымбаттатуу талабы менен митингге чыгышты. Бүгүнкү күндө жол кире акысы жеңилдик алган жүргүнчүлөргө 5 сомду түзөт. “Мегатранс” ЖЧКсынын өкүлү Жаныш Жаркынбаев билдиргендей, Токмок шаарында жүргүнчүлөрдүн көбү атайын жеңилдиктерди алышкан. Жаныш мырзанын айтымында, митингге чогулгандар Бишкек шаарындагыдай кылып бардык жүргүнчүлөргө 10 сомдон, 5 сомду пенсионерлерге гана калтырууну талап кылышкан. “Токмокто унаалар бат бузулат. Жолдор Ооганстандын жолдорунан жаман. Тапканыбыз тетиктерди сатып алуудан ашпай калып жатат”,- деп кошумчалады “Мегатранс” ЖЧКсынын өкүлү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
pono4ka
2012-06-06 20:18:37
уят деген калган жокко. митингге чыкан майрамга чыккандай эле болуп калды.
0
TolonturCN
2012-06-08 08:05:57
эл өкүмөткө сөөнүп көнүп алганынан МИТИНГ, пикет деген токтобой уланабы эмне.
0
aikoledi
2012-06-08 16:59:30
кайактагы 5 сом 7 сомда жол канчага которойун деп атасынар айлык аз болсо озу
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.