Чүй
Чүй облусунда 161 тоннадан ашуун тузду артып чек арадан өтүп бара жаткан аткезчи (контрабандист) кармалды. Бул тууралуу кабарлаган ИИМдин билдирүүсүнө караганда, “Чалдовар” бажы бекети аркылуу Казакстандан техникалык максатта колдонулчу тузду мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бажы документтеринде туздун салмагы 36 660 килограмм деп көрсөтүлгөнү менен, таразалай келгенде 161 660 килограмм болуп чыккан. Зыяндын жалпы суммасы 172 000 сомду түзөт. Мыйзамсыз жүктүн кожоюну болуп чыккан Новопавловка айылынын 48 жаштагы тургуну учурда сурак берип жаткан кези.