«Супер-Инфонун» 10 жылдык мааракесине карата оюн-утуштун Жумгал району боюнча жеңүүчүсү Сейитнасирова Бегайым: «СЕРИАЛ ҮЧҮН «СУПЕР-ИНФОГО» БАЙЛАНГАМ»

– Эже, байгеңиз кут болсун! Байгеге ээ болом деп ойлодуңуз беле?
– Негизинен, Жумгал районуна гезит дүйшөмбү, шейшемби күндөрү гана жетет. «Кечигип калдым го, ошентсе да жөнөтүп көрөйүн» деп катымды шаршемби күнү жөнөткөн элем. Бактыма жараша жеңүүчү деп табылыптырмын. Дароо Бишкектеги кызыма чалып, редакцияга жөнөткөн элем. Ал белегимди алып, салып жибериптир. Заманбап меш экен. Өзү камыр жасап, өзү ачытып, өзү нан бышырат турбайбы. Үй-бүлөбүз менен сүйүнүп отурабыз. Союз убагында алган мешимди колдонуп жүргөн элем. Жаңы меш келгенден кийин аныбызды «пенсияга» чыгардык.

– «Супер-Инфо» менен «достошконуңузга» канча болду?
– 2001-жылы силердин редакцияңардан «Супер сканворддор» деген гезит чыкчу эмес беле. Ага кызыктуу сериалдар жарыяланчу. Бир жылдан кийин «Супер-Инфо» негизделип, ага сериалдардын уландысы жарыялана баштаган. Ошол сериалдарды кууп окуп жүрүп, бул гезитке байланып калгам. Албетте, баштапкы «Супер-Инфого» караганда азыркы гезит алда канча кызыктуу, ар тармактуу, маалыматка бай. Гезитиңерди үй-бүлөбүз менен сүйүп окуйбуз. Силерге мындан ары да жаңыланууну, өсүп-өнүгүүнү каалайбыз.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 500, 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан