25-майда Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында бодибилдинг жана бодифитнес боюнча Кыргызстандын XXI ачык чемпиондугу өттү. Ага өлкөбүздөн тышкары коңшу Казакстандын атынан 35 спортчу катышты. Чоңдор арасында 1-орунду мекендештерибиз казакстандык Иннокентий Константиновго тарттырып жиберишти. Ал эми экинчи орунду Николай Кривошеев ("ЛеоНик" спорт борбору) ээлесе, үчүнчү орунга Эмил Надырбаев (“Чемпион” клубу) ээ болду. Эмил тууралуу айта кетсек, ал спорттун бул түрү менен алектенип келаткан саналуу кыргыз жигиттеринин бири. Айымдар арасында бодифитнес боюнча казакстандык Татьяна Волкова мыкты аталса, “Бикини сулуусу” категориясында Алина Потылицина Кыргызстандын атынан жеңишке жетишти.