EURO 2012: АНГЛИЯ

АНГЛИЯ

Ассоциациясы түзүлгөн жыл – 1863
Башкы машыктыруучусу – Рой Хожсон
Капитаны – Стивен Жеррард («Ливерпуль»)
Мыкты бомбардир – рекордчу: Бобби Чарльтон (49), азыркылардан Майкл Оуэн (40)
Эң көп оюн өткөргөн оюнчусу – рекордчу: Питер Шилтон (125), азыркылардан Дэвид Бекхэм (115)
Эң ири жеңиши – 13:0 эсебинде Ирландияны (1882-жылы)
Эң ири жеңилүүсү – 7:1 эсебинде Венгриядан (1954-жылы)
Жетишкендиктери – 1966-жылкы мундиалдын чемпиону, «Евро-1968дин» коло медалчысы
ФИФАнын рейтингинде 7-орунда турат

ЕВРОПА ЧЕМПИОНУ БОЛО ЭЛЕК
Англия дүйнөдөгү эң «байыркы» улуттук курама командалардын бири болуп эсептелет. Кыргыздар ат чаап, жоокердик заман менен коштошо электе, тактап айтканда, 1863-жылы Англиянын футболдук ассоциациясы түзүлгөн. Андыктан Англия футбол боюнча тарыхы жана 1966-жылы уткан Дүйнө чемпиондугу менен гана мактана алат. Европа чемпиондугуна келсек, алар бир да ирет чемпион болуп көрүшкөн эмес. Буга карабай күйөрмандар аны ар бир мелдеште башкы талапкер атоодон тажашпайт. Бирок Англия дүйнөлүк класстагы атактуу оюнчулар жагынан бир топ эле жолдуу. 60-жылдары англиялыктардан Бобби Чарльтон мыкты чыгып, Пеле, Эйсебио сыяктуу футболчулардын тушунда Дүйнө чемпиондугун ута алган. Ал эми англис паспортун көтөргөн акыркы 20 жылдыктын мыктыларынан Гари Линекер, Алан Ширер, Дэвид Бекхэм, Майкл Оуэн жана Уэйн Рунини баса көрсөтүүгө болот. Учурда команданын лидерлери – Жеррард, Лэмпард жана Руни.

ӨЗҮНӨ ОР КАЗДЫБЫ?
Англия – футболдун эле эмес, футболдук чырлардын да мекени. Күйөрмандардын эле эмес, соңку мезгилде футболчулардын да аша чапкан шоктуктары катталууда. Жакында Англиянын капитаны Жон Терринин кылыгы курама команданы кыйын кезеңге апкелди. Терри Англия Премьер Лигасында «КПР» менен болгон оюнда Антон Фердинанддын терисинин өңүнө асылган эле. Муну Англия футбол федерациясы көз жаздымда калтырбай, анын капитандык статусун алган. Бул окуядан соң башкы машыктыруучу Фабио Капелло кызматын таштап баса берген. Кыйын кырдаал өкүм сүрүп жатканда Терринин ордуна капитан болуп «Ливерпулдун» жарым коргоочусу Стивен Жеррард шайланса, «Евро-2012ге» Рой Хожсон башкы машыктыруучу катары жетектеп бармай болду. Хожсон мындай «жылдыздуу курам» менен иштеп көрбөгөнүн айтышып, командага ишеним арткандар суюлуп калды. Муну менен эле кыйынчылык бүтүп калса кана? Команданын мыкты чабуулчусу Уэйн Руни да «Евро-2012де» тайпалык баскычтын алдыңкы 2 оюнун ойнобойт. Бул анын тандап алуу турунда оюн эрежесин бузгандыгы менен байланыштуу. Ооба, «Евро-2012ге» аз калганда британдыктар өзүнө ор казып алгандай эле болду. «Евро-2012ге» барчу курамы:

Дарбазачылар – Ж.Харт («Манчестер Сити»), Ж.Батленд («Бирмингем»), Роберт Грин («Вест Хэм»).
Коргоочулар – Л.Бэйнс, Ф.Жагелка (экөө тең «Эвертон»), Г.Кэйхилл, Э.Коул, Ж.Терри (баары «Челси»), Ф.Жонс («Манчестер Юнайтед»), Ж.Лескотт («Манчестер Сити»), Глэн Жонсон («Ливерпуль»).
Жарым коргоочулар – Ж.Милнер («Манчестер Сити»), С.Даунинг, С.Жеррард (экөө тең «Ливерпуль»), Т.Уолкотт, А.Окслэйд-Чемберлен (экөө тең «Арсенал»), С.Паркер («Тоттенхэм»), Э.Янг («Манчестер Юнайтед»), Фрэнк Лампард («Челси»).
Чабуулчулар – У.Руни, Д.Уэлбек (экөө тең «Манчестер Юнайтед»), Э.Кэрролл («Ливерпуль»), Ж.Дефо («Тоттенхэм»).

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
asyl
2012-06-04 18:00:17
5 кун калды Евронун башталышына.кечинде футбол коруп жыргайбыз)
0
№ 500, 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан