«Евровидение-2012». 42 ӨЛКӨНҮН МЫКТЫСЫ – ЛОРИН

ЛОРИН ТУУРАЛУУ

Толук аты-жөнү – Лорин Зинеб Нока Тальхауи
Туулган жылы – 1983-жыл,16-октябрь
Туулган жери – Стокгольм, Швеция
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Учурда "Rob'n'Raz" тобу менен иштешет

КЫМБАТКА ТҮШКӨН СЫНАК
Жаздын аягында баарыбыз күткөн “Евровидение -2012” сынагы жыйынтыкталды. Бул сапар сынак былтыркы жеңүүчүлөрдүн үйүндө – Азербайжандын борбору Баку шаарында өткөрүлдү. Чыгыш өлкөлөрүнүн ичинен Азербайжанда биринчи жолу мындай чоң кече уюштурулганын жана ал үчүн атайын Бакин Кристал залы курулганын айта кетпесек болбос. Расмий эмес маалыматтарга караганда, жалпысынан 700 миллион АКШ доллары сарпталгандыгы айтылууда. Ошентип, "Евровидениенин" тарыхында 57-жолкусу эң кымбат өткөндүгү менен бардык өлкөлөрдүн эсинде калып отурат.

"Эйфория" жеңишке жетти
Бүйүрдү кызыткан сынакка 42 мамлекет катышты. Күңүрт сахнада мыкты аткаруусу жана таң калычтуу, өзгөчө бийи менен 372 добуш чогулткан швед ырчысы Лорин өзүнүн “Эйфория” аттуу ыры менен биринчи орунду жеңип, мекенине хрусталь микрофонду жана келерки жылы бул сынакты өткөрүү укугун алып кетти.
2-орунду жаштарга тең тайлаша сахнага чыккан, Орусиянын намысын коргогон “Бурановолук чоң энелер” “Ар бир адамга майрам” (“Party for everybody”) аттуу ыры менен татыктуу багындырышты. Орусиянын курамындагы Удмуртия Республикасынын Президенти Александр Волков чоң энелердин жеңиши үчүн “Удмуртиянын Улуттук Баатырлары” деген наам берүү астында турат. Жакын аранын ичинде Орусиянын президенти В.В.Путин менен ырчы чоң энелердин жолугушуусу күтүлүүдө. Көпчүлүктү таң калтырган, жөнөкөй айылдан чыккан карапайым чоң энелерге ар тараптан гастролго чыгуу сунушу азыртадан түшүп баштаганын айтышат. Бирок алар айылды сагынгандарын жана бакча жумуштары күтүп жаткандыгын айтып, азырынча мындай сунуштарды четке кагышууда.
3-орун сербиялык Желько Йоксимовичке буюруп, 4-орун азербайжандык Сабина Бабаева, 5-орунду Бакудан Рона Нишлиу ээледи. Көпчүлүккө таанымал Гайтана Украинанын намысын коргоп, 15-орунга араң жетти.
Сынакка катышар астында продюсери Лоринге имиджин толугу менен өзгөртүүсүн өтүнгөн. Тармал чачтуу, мурдуна сөйкө таккан айым чачын түздөп өстүрүп, кийинүү стилин да өзгөртүп чыга келген. Эми минтип ал швед элинин сыймыгына айланып отурат. Ошентип, кийинки жылкы сынак өткөрүү эстафетасы шведдерге буюрду.

Назгүл Исакова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
zamko
2012-06-05 01:32:00
toluk informasiya jazbapsinar go Lorin ukutu arap kizi Marokkodon
0
Nara_zi
2012-06-05 04:26:12
Эн сонун!ырдаганы да бийлегени да.
0
gulnura09
2012-06-05 15:01:19
vaaai azamat...
0
strangergirl
2012-06-09 11:36:22
Бизден качан чыгат ущуга окшогошдор, бироолордун сыйлыгына коз артып коюп эле журо беребизби ыя, жанагы жайнаган ырчылар не кылып журущот...
0
Xana
2012-06-10 19:43:00
Лорин молодец жакшы ырдган действительноо
0
istina
2012-06-11 18:37:09
Жан Бономо жонундо да жазсанар болмок
0
№ 500, 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан