ӨЗГӨЧӨ ЖАРАЛГАН ЖАНДАР

Эрте картайган өспүрүм

Учурда Казакстандын Атырау областында болгону 15 жашта экенине карабай сырткы кебетеси 80 жаштагы абышканы элестеткен өс­пү­рүм жашоодо. Ал 4 жашта экенинде бир түндө эле бети кыйма-чийме бырышка толуп чыккан. Нуржан эч жеринин ооруганына арызданбагандыктан, үйүндөгүлөр буга алгач чоң маани деле беришкен эмес. Бирок, бырышы менен катар улам улгайгансып баратканы ата-энесинин тынчын алып, медиктерге көрсөтүүгө аргасыз болушкан. Медиктер болсо “соолуган тери синдрому” деген диагноз коюшкан. Нуржандын сырткы көрүнүшү гана картайганы болбосо, ички органдарынын иштөөсү өспү­рүм­дөрдүкү сымал эле иштейт. Башкача айтканда, ички органдары “картаюу” оорусуна чалдыккан эмес. Нуржан дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп турат жана убак-убагы менен текшерилүү үчүн ооруканага жатып турат.

Үч буттуу адам

1889-жылы Италиянын Сицилия аралындагы Лентинилердин үйбү­лө­­­сүндө 3 буттуу наристе төрөлгөн. Мындай өзгөчөлүү уулуна ата-энеси Франческо деген ысым ыйгарган. Ымыркайдын үчүнчү буту артында жайгашкандан тышкары берки экөөнө караганда кыскараак болгон. Франческо 9 жашка чыкканда аны цирк менеджерлери Америкага алып кетип, циркке орноштурушат. Ошентип, үч буттуу бала Буффало Билл аттуу адамдын атактуу шоусунда ойноп чыга баштайт. Цирктин алып баруучулары аны элге “үч буттуу ажайып бала” деп тааныштырышчу. Франческо убагы жеткенде үйлөнүп, 4 дени-карды соо баланын атасы болууга жетишкен.
Ал үлгү­лүү ата бол­­­­гондугу тууралуу маалыматтар да бар. Үч бут­туу Франческо Американын Флорида шаарында жашап, 1966-жылы дүй­­нөдөн өткөн.

Эң узун адамдар

  • Эң узун бойлуу адамдар боюнча 2-орун пакистандык фермер Мохаммед Алам Чаннага таандык. Ал бой жеткен курагында бою 2 метр 31 сантиметрди түзгөн. Мохаммед оорукчан болгон. Дарыгерлер анын оорукчан бөй­рөгүн алмаштырганга анын бөйрөгүн­дөй көлөмдүү бөй­рөктү таппай кою­шат. Ошондуктан, врачтар ага чет элге барып, ошол жактан операция жасатып келүүсүнө кеңеш беришет. Бул тууралуу кабардар болгон америкалык врачтар ага колдоо көрсөтө тургандыктарын билдиришип, Америкага чакырышат. Бирок, ал кезде кеч болуп калган. Анткени, Мохаммеддин бөйрөгү иштебей калып, комада калат да, 1998-жылдын 3-июлунда жашоо менен кош айтышкан.
  • Дүйнөдөгү аялдардын эң узуну бою 2 метр 32 сантиметрди түзгөн Сэндли Аллен болуп эсептелет. Ал учурда АКШда жашайт. Ал 1955-жылы АКШда туулган, салмагы 209 килограмм. 50-өлчөмдөгү бут кийим киет.

Эң кыска адам

  • Кытайлык 1984-жылы туулган Чжу Хайчжэнь да учурдагы эң кыска аялдардын катарына кирет. Өткөн жылы анын бою 80 сантиметрди түзүп, салмагы 10 килограмм чыккан. Туугандарынын айтканына караганда, ал туулгандан кийин эле ооруга чалдыгып, ошонун айынан бою өспөй, акыл-эси жагынан да артта кала баштаган.

Дарыгерлер аны оорусунан айыктырып, кемчиликтеринен арылуусуна колдорунан келишинче аракеттенип кели­шүү­дө. Ушун­дан улам өткөн жылдан берки дарыгерлердин аракетинин артында Чжунун бою 4 сантиметрге өстү. Эми анын бою 84 сантиметр. Боюнун арты менен Чжу Гиннестин китебине кирди.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aizada.ru
2014-09-14 18:28:49
Урматту Супер Инфо келээрки сандарда белгилуу инсан Майкл Жексон тууралуу жазгылачы кененирек сураныч.анын баоа чагын уй булосун кантип олгонун жана кандай шартта комулгонун.менин билишимче ал Мусулманчылыкты кабыл алган дешет.
0
admin_superstan
2014-09-15 10:34:24
aizada.ru, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот.
0
№ 197, 11-17-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан