ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (4-июндан 10-июнга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада тааныштарыңыздын бири өзүнүн маселесин чечип берүүнү суранса, андан баш тартканыңыз оң. Анткени жеке жашооңузга да терс таасирин тийгизип калышы мүмкүн. Шаршембиде акча иштеринде тактык керек, болбосо алдатып жиберишиңиз мүмкүн. Дем алыш күндөрү сизди кыйнай турган маселе жок, эс алуу менен өтмөкчү.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада пландалган иштер кандай жыйынтыкка алып келерин алдын ала изилдөө керек. Болбосо өкүнүчтө калууңуз ыктымал. Бейшембиде иштерди убагында бүтүрүү үчүн бирөөдөн жардам күтпөй, өз күчүңүзгө гана ишениңиз. Ишембиде түгөйүңүздүн оюн эске албай таарынтып албаңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын алгачкы жарымында алыскы жолго аттануу кооптуу, аны кийинкиге жылдыруу сунушталат. Шаршембиде кандайдыр бир чечим кабыл алууда чечкиндүүлүк талап кылынат. Күмөн санай берүү ишиңизге тоскоолдук жаратары эсиңизде болсун. Ишембиде сүйүү жаатында жаңы барактар ачылуусу мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бул аптада жакшы аракет кылсаңыз, көптөн күткөн тилектериңиз орундалат. Шаршембиде жетекчилик тараптан кызматыңыздан жогорулоо боюнча жагымдуу кабар келиши мүмкүн. Жума күнү капчыгыңыз кампайып кубанасыз. Апта соңу жагымдуу эс алуу жана жаңы таанышуулар менен аякташы күтүлөт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Дүйшөмбүдө бизнес чөйрөсүндөгү ишкерлер баштаган ишинин пайдасын көрүп, кирешеге ээ болушат. Шейшембиде күтүүсүз жолугушуу орун алышы мүмкүн. Апта ортосунда кандайдыр бир сунуштар болсо, баш тартканыңыз оң. Сиз үчүн эч кандай пайда алып келбейт дешет жылдыздар. Дем алыш күндөрү каалооңузга чек койгусу келген адамдар менен тил табышууга туура келет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Дүйшөмбүдө этияттык менен иш кылбасаңыз, кетирген катачылык чоң чыгымга алып келиши ыктымал. Ал эми иш орунун которуу боюнча шашылыш чечим кабыл алып, “аңгектен качсаң, дөңгөккө” дегендей абалга тушугуп калбаңыз. Шаршембиде иш кылууда адистердин жардамына таяныңыз. Апта соңунда орунсуз айтылган сөздөн улам жакындарыңыз менен кайым айтышып кетүүдөн алыс болуңуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта ичинде бир топ иш бүтүрүп, жеңилдей түшөсүз. Шейшембиде жолдо жүрүүдө этият болуңуз, денеңизге жаракат келтирип алуу коркунучу бар. Апта ортосунда кыялыңыздагы адамга туш болосуз. Ишембиде үй иштери менен алектенүүгө туура келет. Жекшембиде үйүңүзгө конок келиши күтүлүүдө.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада сүйүктүүңүздү таарынтып алуунун аягы ажырашуу боюнча чечим кабыл алууга жеткириши мүмкүн. Андыктан ачууга алдырбай, өзүңүздү кармай билиңиз. Шаршембиде ден соолугуңуз кескин начарлап кетүү коркунучу болгондуктан, өзүңүзгө кам көрүүңүз зарыл. Жума күнү көзүңүз жетпеген ишти аткарууга убада бербеңиз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Эски тааныштарыңыз менен кезигишүү күтүүдө. Ошондой эле кадыр-баркыңызды түшүрүп албайын десеңиз, берген убадаларыңызды аткарууга тырышыңыз. Шейшембиде жумушуңуздагы майда иштерди да көз жаздымга калтырбай, так жасаңыз. Болбосо кийинки күнү ал иштер колду кармайт. Жеке жашооңузга өзгөртүү киргизген жаңы таанышуу орун алышы күтүлүүдө.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада каржылык абалыңыз жакшырып, капчыгыңыз кампаймакчы. Шейшембиде алдыга койгон пландарыңызды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Апта ортосунда ишиңизге кийлигишкен адамдардын сөзүнө кулак салуунун кажети жок. Жекшембиде тамак-аштан ууланып калуудан сак болуңуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада убакыттын тартыштыгы жаралбаш үчүн аткара турган иштерди алдын ала пландаңыз. Шейшембиде билимиңизди толук көрсөтө билсеңиз, жаңы иш оруну сунушталышы мүмкүн. Бейшембиде эмоцияга алдырбасаңыз, үй-бүлө мүчөлөрү менен таарынышып кетүүнүн алдын алган болосуз. Апта соңу адаттагыдай эс алуу менен өтмөкчү.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул апта күтүүсүз окуялар менен коштолмокчу. Шейшембиде жалган жалаа жаап, күнөөлөгөндөр болушу мүмкүн. Бейшембиде колуңузга акча тийип же белек алып кубанасыз. Дем алыш күндөрү буюм сатып алууга убакыт коротосуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 500, 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан