ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛЫНЫН ЭЛИ ТАЗА СУУ МАСЕЛЕСИНЕН КУТУЛДУ
Ош
29-майда Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл округунун Папан участогунун жашоочуларынын көп жылдар күткөн тилеги ишке ашты. Унутта калган айыл жашоочуларына Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын буюртмасынын жана келишиминин негизинде жоопкерчилиги чектелген “Ирригатор” коомунун адистери 4420 метр аралыкка суу түтүкчөлөрүн тартып келип, 21 суу колонкасын орнотуп, таза суу чыгарып беришти. Бул боюнча дирекциянын басма сөз кызматы билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.