Ош
25-май күнү Ош шаарындагы Карл Маркс мектебинин бүтүрүүчүлөрү Алай районундагы Чыйырчык жайлоосуна ойноп барып, кайра шаарга келе жатып Ош-Эркечтам жолунун 27-чакырымында жол кырсыгына туш болушкан. Унаада 2 кыз, 3 бала болгон. Унаа бир канча ирет оодарылып кеткендиктен, аны башкарып келе жаткан 1994-жылы туулган Бексултан Жуманазаров каза болду. Кыздар жеңил жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилди. Калган балдардын абалы жакшы.