“Артисттерге чыдаган аялдарга медаль тагыш керек” деп өткөн жумада Камчы Сарыбаев айтып, жылмайган эле. Дал ошол артисттердин суугуна тоңуп, ысыгына күйүп жашап келаткан түгөйлөрүнө эл адамдары үйдө кандай экенин билүү максатында суроолорубузду узатканбыз...
Кубик Калыковдун жубайы Динара Мамадалиева: “АЧКА БОЛСО, 5 МҮНӨТТӨ БААРЫБЫЗДЫ ТАПЫРАТЫП САЛАТ”
– Кубик сахнада артист, ал эми үйдө мыкты кожоюн. Мен жасаган тамактарды ылгабай жейт. Кээде өзү деле тамак жасап салмайы бар. Таң атпай саат алтыда туруп алып баарыбызды ойготконду жакшы көрөт. Курсагы ачып кетсе, такыр чыдамы жок, 5 мүнөттүн ичинде баарыбызды тапыратып жиберет.
Анжеликанын жолдошу Урмат Бекболиев:“КАТУУ СҮЙСӨҢ, КЕМЧИЛИГИ ДЕЛЕ КӨЗГӨ КӨРҮНБӨЙ КАЛАТ”
– Анжелика өзү төгөрөгү төп келишкен айым. “Катуу сүйсөң, кемчилиги деле көзгө көрүнбөй калат” деген чын экен. Кемчиликтери менин көзүмө дээрлик көрүнбөйт. Ананчы, “жанко”, “жаным”, “Ули” деп эле эркелетип турса алданасың да. Машинаны менден ылдам айдайт. Мен жанында отуруп алып “жай айдачы” деп эскертип турам. Иши кылса бүт баары сонун да, үйдө да, жумушта да, сахнада да.
Күмөндөр Абыловдун жубайы Жамийла Султанкожоева: “КҮМӨНДӨРДҮН ЖИНИ КЕЛГЕНДЕ УНЧУКПАЙ КУТУЛУП КЕТЕМ”
– Күмөндөр менен 30 жылдан бери чогуу түтүн булатып, анын түшкөн кирпигинен бери билип калдым го. Мүнөзү аябай оор басырыктуу, орду менен сүйлөйт. Чыгармачылыкта идеясы болсо, жарылып эч кимге айтпайт, ичине катып жүрө берет. Үй оокаттары менен анча иши жок. Энөө, көп майда-барат нерселерге көңүл бура бербейт. Ачуусу чукул, жини келгенде тилимди тишиме катып унчукпай кутулам. Акыркы күндөрү мамлекеттик тилибиздин абалына абдан кейип жүргөн убагы. Негизи, чыгармачыл адамдар сынга караганда мактоодон жакшы өсүшөт. Ошондуктан аларга мактоо эле жарашат.
Бакыт Байсариевдин жубайы Наргиза Момунтаева:“БАКЫТ МАГА БИЙЛЕП БЕРБЕЙТ”
– Кээлер ойлошот экен, Бакыт бийчи үйдө жубайына бийлеп берет деп. Бирок бизде андай эмес, ал дагы, мен дагы үйдө бийлебейбиз. Бакыт абдан чечкиндүү, аракетчил адам. Ата-энесин, үй-бүлөсүн бүт өзү каржылайт. Биз сүйлөшүп жүргөндө эле ушундай болчу. Бир эле кемчилиги – үйдө абдан аз болгондугу. Ошондуктан адаттарын деле жакшы билбейм. Таарынышып кетсек, бат эле жазылат. Негизи, жини чукул эмес, бир жылда бир келет десем жаңылышпайт болушум керек.
Мирбек Иманбековдун жубайы Бурул Жакыпова: “МЕН ҮЙДӨ ЖОК БОЛСОМ, ЭКИ КҮН ЭЛЕ ЧЫДАЙТ”
– Учурда мен уулум менен алекмин, кызымды көбүнчө Мирбек карайт. Гүлчөтайды тамшанып жейт. Абдан өжөр, айтканынан кайтпаган көк беттиги бар. Ойлогон максатына жетмейинче жаны жай албайт. Мен үйдө жок болсом, эки күн эле чыдайт. Анын үйдө бир адаты бар, музыканын же аккордеондун үнү чыгып калса, колу менен үстөлдү, эмеректерди музыканын ыгына жараша баскылай берет. Түнү угуп калса, менин денемди ошентип баскылайт. Анан баары эле билишет болуш керек, чыгармачыл адамдар абдан уйкучу болушат. Мирбекти да ошол адаттан арылта албай келебиз.
Лунара Бекиева
star@super.kg