Дубай десе эле баарыбыз жыргал жашоону элестетебиз. "Ал жакка эптеп эле жетип алсам, андан кийин баары жакшы болот" деген жалган сезимдерге жетеленгендер канча... Албетте, Дубай – учурда дүйнөдөгү эң бай, кооз, өнүккөн шаарлардын бири. Ал жакка жыл сайын миллиондогон туристтер менен бакыт издеген мигранттар барышат. Бирок ошол мигранттардын баарынын эле иши оңунан чыга бербейт. Буга Дубайда иштегенине 4 ай болгон Бони аттуу жигиттин айткандары далил.
“АЙТКАНДАРЫН АТКАРЫШКАН ЖОК”
– Дубайга келгениме 4 ай болуп калды. Бир бөлмөдө айына 1000 доллар төлөп бешөөбүз жашайбыз, бирөө азербайжандык бала, калганы – кыргыздар. Бөлмө кичинекей болгону менен, пейил кенен болсо, батат экенсиң. Баарыбыз намазга жыгылабыз. Мен бир кичинекей ресторанда официант болуп иштейм. Башка жумушка кирейин дегем, азырынча жумушумду алмаштыра албай жүрөм.
Биз Дубайга Бишкектеги “Араб борбору” аркылуу келгенбиз. Чыгымдарды Дубайдагы “Apparel Group” фирмасы көтөрүп, Кыргызстандан 40тан ашуун кыз-жигит барган. “Айлыгыңар айына 700 доллар, андан тышкары ай сайын “Sale Target” деген ресторандын бир айга пландалган акча көлөмүн чолгултса, бонус катары 300 доллар акча кошулуп, айлык 1000 долларга жетет” дешкен. Келгенде ал убадаларынын бирин да аткарышкан жок. Башында аванс сурасак, “кийин акчаңардан кармап калбайбыз” деп акча беришкен. Бирок ал акчасын кармап жатышат.
Мени менен чогуу келгендердин көбүнө фирманын таап берген жумуштары жакпай, айлыгы аз болуп, башка жакшы иш табылбай жатат. Акча чогултам деп келгендер өзүнө да жеткире албай, канчалаган кыргыз балдар-кыздары кыйналып, кор болушту.
“Apparel Group” фирмасынын башчылары индустар экен. Алар өз жердештерине гана жакшы жумуш таап, мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жардам беришет. Башкаларга пайдасы деле тийбейт. Биз менен аталган фирмада чогуу иштеген индус балдар деле бул фирманы сөгүп, жамандашат. Ошондуктан мекендештериме айтарым, бул жакка келерде эч бир фирмага, компанияларга кайрылбай, өздөрү эле келгендери оң. Себеби өзүнчө келгенде Vizit Viza (туристтик) деген виза болот да, бул жактын мыйзамы боюнча, Rezident Viza (жумуш) визасына алмаштырып, компаниялардан жумуш табуу оңой болот.
Биз Кыргызстандан эле жумушка орношуп келгенбиз да. Биздики жумуш визасы, аны алмаштырып, башкага өтүү кыйын болуп калат экен. Эгер жумуштан өз ыктыярың менен кете турган болсоң, анда фирманын сага короткон акчаларын кайтарып беришиң керек. Анткени ар бир компания өзүнүн атынан ар бир адамга виза ачат. Орус тилин билгендерге жакшы жумуштар, ал эми араб тилин билгендерге андан да жакшы жумуштар табылат. Эгер дипломуң бар болсо, ого бетер жакшы.
“АЙЛЫГЫҢ ЖОГОРУ БОЛГОНУ МЕНЕН, КЫМБАТЧЫЛЫК”
– Дубайдын мага жакканы, укуктар корголуп, мыйзам жакшы иштейт. Кызыгы, унаа майынын
АИ-95 жана Super деген эки эле түрү бар экен. Биздин акча менен литри 15-20 сом турат. Бирок такси кызматынын баасы кымбат. Андан көрө Regular Card картасын алып, метро менен эле жүргөн жакшы.
Бул жакта эң аз айлык алган пол жууган жумушчу айына сом менен 13 же 15 миңдей табат. Мода бутиктеринде иштегендер айына 1500 доллардан 5000 долларга чейин табышса болот. Менин айлыгым – 700 доллар. Бирок кымбатчылык, жетпейт. Жашаган жериме 200 доллар, тамак-ашыма айына 100-150 доллар, жолума 200-300 доллардай кетет. Анысы аз келгенсип, айлык да убагында берилбейт. Кээ бир балдардын эки айдан бери айлыктарын ала албай жүрүшкөндөрүн уктум. Антип акча чогулбайт. Ошондуктан бул жумуштан башка жумушка кетейин деп издеп жатам.
Иштеп, үйдөгүлөргө акча салып, жардам берем деген киши кафеге кирбей эле койгону оң. Себеби биздикине салыштырмалуу кафелердин баасы өтө кымбат. Дубайда “Город 312” деген кафе ачылган. Ал кафеде кыргыздын улуттук тамактары бар.
“МЕКЕНИН ЧАНГАН КЫРГЫЗ-МАҢКУРТ!”
– Келген кыргыздардын кээ бири жыргап жүрүшсө, айрымдары кыйналышат. Канча кыргыз кыздарды байкайм, кыздар эле эмес, чоң эжелер да башка улуттун улгайып калган кишилери менен жүрүшөт. Кыргыздарды уят кылып жатышат. “Кыргыз кыздары Дубайга атайын күйөөгө тийиш үчүн келишет” деген сөздөрдү көп угам. Эмне себептен кыргыз кыздары мындай жеңил ойлорго жетеленишет? Кыздардын баары жаман жолго барышат деп айтпайм, айрым кыздар жакшынакай эле тирилик кылып жүрүшөт.
Дубайда кыргыз “бай-манаптарынын” балдар-кыздары да бар. Алар көчөдөн кыргыз экени байкалып турса да, учурашайын десең асманды карап, тоготпой өтүп кетишет. Бул кыргыздыкка жатпайт да. Кыргыз деген кайсы жакта жүрсө да, жок дегенде саламынан жазбаш керек. Анан асманды карап өтүп кеткендер алар өздөрүнө канчалык бай, европалык көрүнбөсүн, Кыргызстанга барганда ошол эле кыргыз, а барбаса, кыргыз эмес, маңкурт!
Мен бул жакта калбайм. Дубайда жумушум канча жакшы болсо да, баары бир мекениме кетем. Кыргызстанды сагынам. Ала-Тоодой бейиш өңдөнгөн жерде туулуп-өскөнүм үчүн сүйүнөм. Абасы начар, үп, ысык, биздин абадай кериле дем ала албайсың, тойбойсуң...
Кыргызда “миң уккандан бир көргөн жакшы” деген жакшы сөз бар эмеспи. Азыр деле Дубайга барып иштеп келүүнү каалагандардын саны арбын. Бирок аларды кандай жашоо күтүп жатканы белгисиз. Жогорудагы каарманыбыздын айткандары аларга кичине болсо да сабак болот деген ойдобуз.
БУЛ ЫРДЫ КЫРГЫЗСТАНГА АРНАП ЖАЗДЫМ.
Ата Мекен, Ата Мекен,
Ата менен апа экен.
Ата-энесин таштап кеткен,
Асыл эсте бала экен.
Ата-энеден бөтөн жерди асыл көргөн,
Жалгыздыкты көрөт акыреттен.
КЫРГЫЗ деп мен сыймыктансам,
Душман бизди кырып жатса,
Кыргыз эли байлык артса,
Четти карай качып жатса,
АТАМ, ЭНЕМ, ЖЕРИМ,
ЖЫЛУУ МЕКЕНИМ дегендерди, Жаратканым, өзүң жанда.
САТАМ, КЕТЕМ, ЭНЕ дебей,
ЖЕРИ КЕДЕЙ дегендерден, Жаратканым, өзүң сакта.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg