ҮЧҮНЧҮ РЕВОЛЮЦИЯНЫН ШАМАЛЫ СОГО БАШТАДЫБЫ?
МИТИНГЧИЛЕРДИ КАРМОО КАЙРАДАН БАШТАЛДЫ
Бишкекте жол кире акысы кымбаттаганына студенттер бир топ нааразычылыгын билдирип, жыйынтык чыкпаган соң “Эркин эл” кыймылы мэриянын алдында митинг өткөргөн болчу. “Эркин эл” кыймылынын төрагасы билдиргендей, митингдин жүрүшүндө 2 активистти милиция кызматкерлери кармап кетишкен. “Милиция бизге "жолду тосуп алдыңар" деген айып коюп жатышат. Бирок биз жөн гана мэрия тарапты көздөй баратканбыз”,- деп кыймылдын төрагасы Мавлян Аскарбеков 24-майда журналисттерге кабарлаган болчу.
Митингдер менен Акаев кулатылган, Бакиев митинг менен келип, митинг менен куулду. Азыркы бийлик да эл түп көтөрүлүп чыккан митингдин арты менен келген. Бийлик бат эле өткөнүн унутуп кеттиби? Эл митингге айла кеткенде чыгарын азыркылар жакшы билишпейби?
СӨЗ ЭРКИНДИГИ КЫСМАККА АЛЫНДЫБЫ?
31-май күнү “Майдан.kg” гезитинин башкы редактору, "Ата Журт" партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов оперчилер тарабынан кармалды. ИИМдин берген маалыматына ылайык, борбор шаардын тургунунан акча өндүрүп алуу максатында аталган басылманын кызматкери тарабынан шантаж жасалып, талап кылган 11 миң сомду берүү учурунда милиция кызматкерлери Анаркуловду колго түшүрүшкөн.
"Балким, ошондой болгондур" деген менен, оппозициялык басылманын башчысы кармалып жатканынан улам бүдөмүк ойлор жаралбай койбойт. "Атайын ушундай оюн уюштурушуп, карматып жиберишпедиби?" деп... Буга чейинки бийликтер да оппозициялык маанайдагы басылмаларды ар кандай айып тага коюп, тизеге чаап келишпеди беле? "11 миң сом талап кылды" деп кармалган башкы редактордун иши башка кеп, ал эми миллиондорду сугунуп коюп, мандатына же депутаттардын актап жибергенине жашынып отургандарды кантебиз анда? Коррупция менен адилеттүү күрөшүү ушулбу?
Деги дежавю эместир. 7-апрелден бери оппозиция-позиция дебей жалпыга маалымдоо каражаттары эркиндикке чыгып калышты эле. Минтип эски бийликтин жышааны жыттанып, митингчилер менен журналисттерди кармоо, камоо башталса, мурунку режимдеги күндөр көзгө айласыздан элестей баштайт экен.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (59)
Учунчу революция болуп кетсе эптеп бир жерине илинсем деген кези бул Мавляндын.Бул озун гана ойлойт.Эркин Эл деп элдин атын жамынбай койсо болмок.Рев болсо канча ый канча кайгы болгонун унуттубу,бирок ал жонундо буга кызык эмес буга байлык жана бийлик керек.ал учун бул болушунча арекетин кылат байкуш карапайым студенттерди пайдаланып.алар мунун бал тилине ишенип журот
ekı somgo kymbattady dep katıp revollucıya bolsun. tradıcıya boyun4a 5 jılda bır bol4u emes bele:?
nursultanuma,
:-) анда куто туралыбы, 20 сом болгондо чыгабыз.
Керек эмес революция, баары бир койлорду карышкыр кайтарат.
Жакшы эле жашап жатабыз, бирок студенттерге кыйын - менимче алар Ош менен Бишкекете основной силаны, моторду тузушот ошондуктан алардын талабын угуп орундатышы керек деп ойлойм, кабинетте эле олтура бербей
Мунун баары батыш олколорунун кинолорунун таасириби деп ойлоп кетем кээде. Тарбиялык мааниси жок кээ бир кинолорунун. Кээ бир кинолорун таптакыр корууго дитин барбайт. Ошол кинолорду коруп алышып, психикасы слабый айбандардын кылып жатканы да.
10 сом болсо болсун. Ансыз деле майда жок деп 10 сомдон жыйнап алып журбоду беле ? Бирок кечкисин 12 сом дегени ашыкча. Жумушка 10до чыгып, 4ко чейин иштеп коюп уй — було бага албай калдык дегенден коро, тытынып иштесенер болмок.
эх туугандар э мне болот акыры??Чын журоктон кыргыз деп куйгон адам жок.бийлике келсем дейт баары келгенде озунун карманын гана ойлойт!!!!!!!!!!
Бар бол КырГыЗ аман бол!!
saida-aa,
Кыргыз элим дегендер бийликке жетбей жатат да. Ырысбек, Баяман деген патриоттор.
кыргызстан онугобу жокпу аны учун бийликкти такыр барын озгортуш керек туп тамыры менен канча эл ушу акыйкаты айтам деп олуп кетишти путиндей темир президент болсо болмок бизге да тез эле элибиздин жашоолору онолмок бизда оз мекенибизге барып иштемекпиз уятары жок экен акмактардын
жыйырма жылдан бери ажолорду кубалагандан корокчо жанындагы жеп ичкен кекиртектерди жулуш керек эле
kurstan1980, кошулам жанындагы пайдасыз кекиртектерди узуш керек, бийликтегилердин козун боеп озу билген жакка буриалап журушотко
Мамлекетибизде элим, жерим деген адамдар чекеден чыгат. Бирок азыркы учурда бизде акчанын кучу чон рольду ойноп калбадыбы. Дагы айта кетчу нерсе мамлекетибизде чындык жок, эгер чындык бсо КЫРГЫЗСТАНЫБЫЗ эчак эле Борбордук Азиядагы биринчи онуккон мамлекет болмокпуз.
Азыркы учурда жаштарыбыздын арасында патриоттор арбый баштаганын байкасак болот. Буйруса ЭГЕМЕНДУУ КЫРГЫЗСТАНЫБЫЗДЫН ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕГИ азыркы чиновниктердин эмес, азыркы онугуп, мамлекетти онуктурууго тажрыйба топтоп жаткан жаш, болочок саясатчыларыбыздын колунда деп ойлойм.
бийлик тоболдору эч бири элдин мудоосун кызыкчылыгын ойлобойт дайым алар оздорунун бизнестерин оркундотуу учун бийлике келген жегич акмак эл казынасына кол салган эки жуздуу эрки жоктор келди бийлике
митинг, тонкорулуш бизге эмне берди? Жакшы жакка озгорулбодук! 3 тонкоруштун ордуна элибиздин жашоосун ондойлу.
э андан коро.росийский гражданстваны .берип баштасын.ошону биздин приздент суйлошсо болмок.
онолмойунча чыга бериш керек митингби башкасыбы,бары бир деле кылаарга иш жок,ажеп эмес майнап чыгып калышы.