Борбордогу мектептердин мугалимдери окуучулардын ата-энелеринен акча жыйноону мыйзамдаштырууну суранышууда. Билим берүү жана илим министринин орун басары Гүлжигит Сооронкулов билдиргендей, мугалимдер окуучулардын ата-энелеринен окутуу-тарбиялоо комплекстеринин статусун аныктап берүүнү, окуу китептерин ижарага алуу жагын чечип берүүнү суранышкан.
Мыйзамдуулук, укук, тартип жана кылмыштуулук боюнча комитеттин отурумунда Гүлжигит Сооронкулов мектептер китептер менен 40 пайызга гана камсыз болгонун белгиледи. “Кыргызстан – дүйнөдөгү өз окуучуларын китеп менен камсыз кыла албаган жалгыз өлкө”,- дейт Гүлжигит мырза. Ошондой эле 100 миңден ашуун окуучуга парта жетпейт. Ал эми мамлекеттин бардык муктаждыктарына акча бөлүп бергенге бюджет жол бербейт.