29-майда саясий партиялардын жаштар канатынын футболдук турнири өткөрүлүп, анда “Ата Мекен” жана “Республиканын” оюнчулары мушташып кетишти.
“Эсеп биздин команданын пайдасына 16:4 болгондо, калыс оюнчубузга кызыл кагаз көрсөттү. Ал жазалоого макул болбой койду. Кийин калыс оюнчубузду түртүп жиберди. Бул аралыкта “Ата Мекендин” оюнчулары биздин футболчуга жулунушуп, аягында массалык уруш болуп кетти”,- деп “Республиканын” жаштар канатынын координатору Наргиза Ажыбаева айткан.
Буга жооп катары “Ата Мекендин” оюнчулары “Республиканын” футболчулары эрежени туура сактабагандыктан уруш келип чыкканын билдирүүшүдө. “Калыстын чечими менен макул болбогон “Республика” партиясынын оюнчусу калысты сөгө баштады. Ал биздин оюнчубузга да кол көтөрдү”,- дейт “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Аваз Мирзахалилов. Мушташта "республикачы" оюнчу жаракат алганы айтылган, бирок "ата мекенчилер" бул маалыматты четке кагышууда.