ТҮРКМӨНСТАНГА ТҮЗ КАТТАЙБЫЗ

Премьер Өмүрбек Бабанов 29-30-май күндөрү Ашхабадда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммитине катышып келди. Өзүнүн иш сапарында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Өкмөт башчы Кыргызстанда Түркмөнстандын элчилигин ачууну сунуштап, сунуш Гурбангулы Бердымухамедов тарабынан колдоого алынды. Андан тышкары Кыргызстан менен Түркмөнстандын борбор шаарларынын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу боюнча бир пикирге келишти. Айтмакчы, үстүбүздөгү жылдын 23-августунда Бишкекте өтө турган түрк тилдүү мамлекет башчыларынын саммитине түркмөн лидеринин катыша тургандыгы күтүлүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
miniusha
2012-06-04 18:25:11
Турцияга визасы жок 1 айга чейин дегенде суйунгом да,соода кылгандарга жакшы болду деп,корсо бизге келген турктор учун экен да.Биз аларга барып визасыз соода кылалбайбыз да,бизге турктордун келгенинен кандай пайда,и так толуп кетти,же фасолду котрушпойт,турк лицейлеринин контрагы болсо АУЦА,биякта эле калат,болбосо окуучулар эле да,канча акчаларыбызды шыпырып кетишип жатат,андан коро мамл казнага визасынан акча тушмок да.Бул катнаш деле Туркмонстандын пайдасы учун чечилет болуш керек!
0
DEFENDER
2012-06-05 12:49:04
miniusha,

Бул жерде Туркмонстан жонундо соз болуп жатат. Турция кайда, Туркмения кайда ???
Ушундай сабасыздар, абройду тушу руп атышат ар жакка барышып...
0
Шаиста Шатманова
2012-06-05 13:41:58
DEFENDER, жогорудагы колдонуучуну сабатсыз деп жибериптирсиз, алгач окуп, түшүнүп, анан жооп жазсаңыз болмок. Ал колдонуучу буга чейин Түркия менен 1 айга визасыз режим кирди деп жар салынганын, иш жүзүндө Түркия тарап үчүн эле пайдалуу экендигин, Түрмөнстанга каттоо деле ошол сыяктуу экинчи тараптын пайдасына болушу мүмкүн экендигин айтып жатат, салыштыруу иретинде.
0
Rustik90
2012-06-05 22:54:42
DEFENDER, Бироону сабатсыз дээдин астында озунтун Ан сезимине, ой журтууно сарасеп салып, байкап корсон болмок экен.:))) Эмне жонундо соз болуп жатканында тушунбой калгансынго Байкуш :)
0
jhanibek
2012-06-04 19:31:33
казак андан коро оруссия мн мамилени ондобойсунбу.элиндин жарымы ошол жакта
+2
sardar
2012-06-06 12:18:39
miniusha sen birinchi barip turk liseylerin karap kor al jakta bergen tarbiani e4 kim berealbayt jana atamekendi 4inigi suygon jigitter da al jakltan 4igat!
0
Bek81
2012-06-08 22:15:27
турк,менен турмонду 2чи орунга койюп, россия жана казак менен мамилени кылсанар пайдасы бар
0
Buma
2012-06-09 01:24:00
Babanov ozunun biznesin chonoitoyun dep jatsa kerek, turkmondordo nefti chygat da:D....
0
matazim
2012-06-09 22:44:58
жакшы эле иштеп жатат,мындан артык кандай иштесин.
0
№ 500, 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан