«ПАТРИОТТОРдон» КОРДУК КӨРГӨН САПАРГҮЛ РФ БАШ ПРОКУРОРУНА КАЙРЫЛДЫ

Өткөн саныбызда Орусияда жүргөн кыз-келиндерибиздин кыргыз жигиттеринин ур-токмогуна кабылып жатканын жазганбыз. “Патриотчулардын” курмандыгына айланган Сапаргүл тууралуу сөз козголуп, анын тирүү экени белгисиз эле. Коомчулуктагы талкуулар кайрат берген белем, Сапаргүл өзүн кордогон балдардын үстүнөн арыз жазып, РФнын Башкы прокуратурасына кайрылыптыр. Арыздын бир көчүрмөсү редакциябызга келди.
Макала гезит бетине чыккандан бери жабыр тарткандардын экөөсү тарабынан тиешелүү органдарга арыз түшкөнү белгилүү болгон. Алардын бири азыркы учурда кичи мекени Жалал-Абадда болсо, экинчиси Москвада. Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгы “патриотчулар” ким экенин аныктап, Орусияга тиешелүү документтерди жөнөттү. Төмөнкү арыз Орусиянын Башкы прокуратурасына даректелген Сапаргүлдөн келген:
– Жолдошум менен 12 жыл мурун ажырашып кетип, 2 баламды Орусияга келгиче өзүм бакчумун. Орусияга да жыргаганымдан эмес, акча табуунун айласы менен келгем. 2007-жылдан баштап Екатеринбургда ар кайсы дүкөндөрдө пол жуугуч болуп иштеп, 2011-жылы январдан тарта автобуста кондуктор болуп жумушка орношкон элем. Маңдай терим менен тапкан акчамды карыган ата-энеме, мектепте окуп жаткан балдарыма жөнөтчүмүн. Чогулткан акчама Жалал-Абаддан жер тилкесин да сатып алгам.
Бир күнү курбум экөөбүз Екатеринбургдагы бир кафеге тамактанууга кирип калдык. Кафенин ичинде ар түрдүү улуттагы адамдар бар болчу. Бир маалда эле бир жигит келип тийише баштады. Мен аны катуу урушуп койдум. Тиги бала кафеден чыгып кеткен. Бир канча убакыт өткөндө досторун ээрчитип келип, “эмне тажиктер менен отурасыңар?” деп кыйкыра баштады. Чынында, бизден кийинки столдо тажиктер отурушкан, бирок биз алар менен сүйлөшмөк тургай тааныбайт да болчубуз.
Алар бири-бирин атынан чакырып жатканынан Нурбек жана Ильхам деген балдар экенин жаттап калгам. Анан балдар күч менен кафеден алып чыгып, машинага салып суу тарапка алып кетишти. Колу-бутубузду ток өткөрүүчү зым менен байлап, машинанын аккумуляторуна туташтырып коюп тепкилешти, сабашты, кийимдерибизди тытып салышты. Кылбаган нерселерди кыйнап айттырып, видеого тартып жатышкан. Биз алардан жаныбызды аман коюуну сурандык. Аларга “мен силердин апаңардай энемин, балдарым бой жете элек” деп ыйласам, телефонумду, 7000 рубль акчамды, алтын шакектеримди, сөйкөмдү, чынжырчамды, курбум Надиранын да бардык буюмдарын алып качып кетишти. “Эгер бул тууралуу бирөөгө айтсаңар, жердин түбүнөн болсо да таап, өлтүрүп кетебиз” деп коркутушкан эле.
Бул окуядан 3 күн өткөндөн кийин Москвага кетип калдым. Курбум Надира менен ошол бойдон кабарым үзүлдү. Азыр тирүү жан экеним да түшүнүксүз, бирок мен бул жашоодо жокмун. Мындан аркы жашоом кандай болорун билбейм. Ата-энемди же балдарымды көрө албасам кандай кылам? Ошолор үчүн жашап жүрчүмүн да. Эми адамдарга окшоп баса да албай калдым. Кайсы күнөөм үчүн жашоом ушундай тозокко айланды?! Жардам бергилечи! Алсыз аялдарга ушинтип кол көтөрүп, шылдыңдап, адам кылбаган айбандык ишти кылып, бир күндө эле жашоосуна балта чаап койсо болобу?!

Сапаргүл А.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (140)
tatakozy
2012-06-09 13:30:36
Айта берсе соз коп кыргыз кыздарын орус, тажик озбек балдары менен кочодо кафеде обушконун коруп нервим кайнайт да кыз болуп туруп жиним келет Туура баары эмес жакшы кыздар деле коп бирок арасында ушундайлар чыгып бардык кыздарды жаман корсотушот да. Кыргыз балдар менен эле суйлошпойбу деген ой келет, а балдар болсо апасындай катындар менен журот анда балдарды да жыланачтап апандай аял менен неге журосун деп сабап кетиш керекби?((((.
0
sanya
2012-06-10 00:49:31
Чындыгында кыш маалында кыздарыбыз тобо кылдым кичинеси да чону да кафеге кетип жатканын коруп зеенин кейийт туугандар кафеге ачка калганбы деп ойлойсун биз толка акча кылып оз жерибизге кетишибиз керек деп ойлойсун бирок андай ой жокпу буларда дейсин адам кафеге барсан олбоду дегенде 15000мин рубль кетет андан коро уйлоруно апасына салса жакшы нерселерине иштетмек эми тууган кыздарды жыланачтап бардык элге корсоту чон куноо дебедиби муфтийатыбыз росияда кочого азырак ишке кобурок барсак утабы
0
sanya
2012-06-10 00:56:03
(башы ойдодо)утабыз еврейлер мусулмандарды кантип женсе болот дегенге алар мындай изилдеп корушкон эгер мусулман калкын басып алгын келсе алардын кыздарын абийрин кетириш керек деген жооп алышкан демек бул еврейлердин колдосунда аткарылып жатат ошон учун кыздарыбыз ыйманыбызды эч нерсеге алмаштырбайлы силерден суранам ичпейли ал бизге жарашпайт балдарда жана кыздарыбызда ислам корсоткон жолдо кетсе бул дуйно да акырет да бактылуу жашообуз жанаттта болот ишен тууган бугундон озгорт жашондуу кеч э
0
kyrghyzboy
2012-06-10 22:55:01
cен озун тузук эммессин!
0
juraeva
2012-06-11 00:28:16
салам кыргыз элим! сиздердин пикириниздерди окуп отуруп кызыгыпта да жана куйунуп да кеттим. билбейм жана сапаргулдун эч бир созу анык эмес мен эч ким эч теке дей албайм,себеби чон чон эжелер коп жаш балдар менен жургонун далай эле кубоо болдум.бирок мен да москва шаарында жашап жана иштеп жатам,кудай озу сактасындегеле арам нерсе ойго келген эмес. мен кыргыздын жигиттеринин жообкерчилиги жок анан да озунон чон акчасы бар аялдарга кеттип калганына окуном.анан келип эле кыргыз кыздарына асылып
0
juraeva
2012-06-11 00:40:29
калдынар,озунор биздин баркыбызды билбей жатасынар. озумун эле турмушумдан алайын,ажыращканыма 4жылдан ашты, улуум 4жашта жолдошум бирда жолубаламы сураган жок.мен торогондо озунон 10 жаш чон кызга кеттип калды, озу эле кетпестен мени карызга батырып уйдогу акчанын баарын алып кеткен. улуума озумун фамилиямды бердим. кудайга шугур карызданда чыктым улуум да чоноюп жатат азытр москва шаарында ресторанда менеджер болуп иштейм. окунучтусу улуум ата мээримин билбейт ата деген создун озун тушунбойт.
0
juraeva
2012-06-11 00:57:08
мына 4жылдан ашты улуума жакшы ата озумо жакшы жуубай тилейм,бирок бир да жолуктура албадым.кыргыз жигиттери таптакыр эле жоктой сезилет.4жыл ичинде жалан гана башка улуттун жигиттери мамиле куруга чакырат,а менин принцибим кыргыз жигити,жана ак нике менен турмуш баштоо.да аябай окунучтуу кыргыз кыздары ар эркекке тряпка болуп калып жатат,бирок баардык кыздар эмес арасында таза кыргыз кыздары коп.ошондуктан кыргыз жигиттери ойлонуп патриоттук жасагыла!
0
Ziresh
2012-06-11 08:15:14
juraeva,
0
dinaro4ka
2012-06-11 17:38:08
анда ал патриот балдар эмне учун алардын буюмдарын алып качып кетишет, бул патриоттук эмес, патриотпуз деп шылтоо кылып кыздарды тоноп кетип жатышыптырго, бул айбанчылык, мындайлар оз жазаларын алыш керек
0
Ulan-kg
2012-06-13 21:16:02
Ooba tuugandar, tuura echkim biroonu uulbu je kyzby urup sabashka akysy jok .A birok karap tursam echkimdin oyuna da kelgen jok tigi kyz aytkan sozdordun baary chynby je kalppy, any echkim bilbeyt ozunon bashka,oylop korgulo ozun jamandap jazmak bele.tigi jigitter da akmaktyk kylgan tuura.Bashka kyzdarga da aytyp ketchu jerim ayrykcha orussiada jurgondorgo ozunordu dostoyno alyp jurgulo ushunday okuyalardan alys bolgula.
0
kino_xxi
2012-06-16 02:42:03
Салам баарына егер ал кыз аппак екен емнеге ушул убака чеин арз жазган жок. Макул алардан коркуп жазбаптыр еми аркимин ойлоп коргуло мындай деп айтып жатат кафеге кирсем тийишти еле менин балам менен тен екенсин десе еле кафеден судуроп чыгыптыр ойлонуп косонор ошону судуроп чыкса ечкимиси унчукпай еле карап тура бериптирби менин билишимче Россияда андай нерсе болсо кафедеги иштеп аткандар еле милицияга чала койот мен ушунча иштеп журду Россияда андай болушу мумкун емес. Ал емне тили жок сакоо
0
kino_xxi
2012-06-16 02:44:39
Жардам деп еле бакырса болот кафеде ошончо адамдын ичинен жок дегенде бироосу жардам бермек. Тимеле озунон чыккан жомоко ишенип олтурасынар баарын боорунар ооруп
0
Nukura-kyrgyz
2012-07-13 09:21:45
Ар кимдин башы озундо.Эмне болгон учурда да Сапаргульго мынчалык мыкаачылык мамиле жасабашы керек болчу.Ошон учун бизди башка улуттун адамдары "баран" дешет.Чынында айбанчылык.Ушунчадык эле патриот болсо акчасын, соткасын алышбай эле коюшпайбы?
0
Nukura-kyrgyz
2012-07-13 09:24:00
Биздин Кыздар да балдарда копчулугу бузулуп кетишти.
0
Nukura-kyrgyz
2012-07-13 09:32:56
Керек болсо бизди жигиттербизи чон чооон аялдар менен (катындар) менен жашап жатышпайбы.бул нерсе аябай уятка жатат го
0
kyzjibek_alieva
2012-07-25 19:19:48
О жазалалагылар келсе,сураштырып карап билип чын эле ошондой жургон кыздарды жазалашпайбы,бээ куно эже-карындаштарын уруп соккулабай.Булар менимче оздорун "патриот" дегенден уялыш керек,нукура кыргыз байкелерим мындай арам иштерге барышпай!!!!!
0
№ 500, 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан