МОНЧОДОГУ КЫЗМАТКЕРЛЕР КАРДАРЛАРДЫ КАНТИП АЛДАШАТ?

Биз баарыбыз керектөөчүбүз, кимдир бирөөгө кардарбыз. Бирок көп учурда турмуштун көп тармагында кардардык укугубуз бузулат. Ошондой учурларды эске алып, жаңы рубрика ачтык "Кардардын укугу" деп атап.
Эгер, сиз, керектөөчү, тейлөөчүлөргө алданып же алардын көрсөткөн кызматына нааразы болсоңуз, биздин редакцияга чалыңыз же кат жазыңыз. Сиздин суроолорго жана түйүндүү маселелерге керектүү адистер жооп берет.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28.

Учурда Бишкек шаарында оңдоп-түзөөлөргө байланыштуу ысык суу берүү токтотулган. Жыл сайын бир айга ушундай иш-чара жүргүзүлөт эмеспи. Бул ай ичинде баш калаабыздагы мончолордун күнү тууйт. Ошолордун бири, «Жеңил парыңыз менен» аттуу мончо жөнүндө сөз кылгым келип турат. Туугандар, кулагыңарга күмүш сырга, акчасын төлөөрдө сөзсүз чекти алып, текшерип көрүңүз.
Аталган мончонун кассасына аванс акча калтырып кирип, чыккан соң эсептешерде жагымсыз окуяга туш болдум. Авансты алып калган кассир кыз «сизден дагы 150 сом кошумча» дейт. Кандайча? Мен өзүмдүн канча суммада акча таштаганымды, анын канчасын пайдаланганымды жакшы билем да. Чекти берүүсүн талап кылдым. Карасам, «200 сомго скраб алды» деп жүрөт. «Кудайды карасаңар боло, албаган нерсени деле алды деп кошуп коё бересиңерби?» деп тактап берүүнү талап кылдым. Кассир кыз ыңгырана барып ичкериде самын-шампунь сатып отурган эжекесин чакырды. Ал «деги скраб деген эмне, мен билбейм аны. Сен кичинекей, төрт бурчтуу баштыктагы маска алдың беле?» деп менден сурап күйгүзөт адамды. Сатуучу менен кассир кыз «асмандан түшө калган скрабдын» тагдырын чечип бүтө алышпай турушту. «Мени жөнөтүп жибергиле, анан чечишесиңер» десем, кайрадан эсептеп, «дагы 53 сом кошумча төлөйсүз» дейт. Мен албаган нерсени алды деп кошуп салгандарын айтып, тактатканымдан кийинки эсептегени. Калькуляторун колунан алып, эсептеп берүүгө аргасыз болдум. Мен кошумча төлөбөй эле, кассир кыз кайтарым акча берүүсү керек болчу. Анда да бир ооз кечирим сурап койсочу?! Кабагын чытып, акчамды кайтарып берди. Аңгыча менин артымда кезекке турган аял «мага албаган эле самынды кошуп жазып салыптырсыңар. Мен өзүмдүн самыным менен жуундум» деп нааразы боло баштады. Таң калдым. Буга чейин кассадан берилген чекти текшерип, тактап көрүү оюма келчү эмес. Көрсө, текшербеген адамга каалаган товарды кошуп жазып, кардарларынын үстүнөн акча иштешет тура. Ошол мончонун кожоюну билет болду бекен, мындай былык иштерди?
Аталган мончонун Айгүл аттуу менеджерине телефон аркылуу 5-июнь күнү байланышка чыктым. Менеджери «мен чогулушта кассир кыздарга да, башка кызмат көрсөтүүчүлөргө да эскертем. Бирөө косметологго пилинг жасатып, акчасын сиздин номериңизге жаздырып коюптур, кечириңиз» деп кечирим сурады. Андай болушу мүмкүн эмес эле. Анткени кардар кандай кызматтан пайдаланбасын, анын колунда жүргөн ачкычтын номери аркылуу гана эсеп-кысап жүргүзүлөт. А мен ачкычты билегиме илип алган боюнча чыгарган эмесмин. Айтор, мончонун менеджерине гезит аркылуу бул ишти жарыялай турганыбызды эскерттим. Мага окшотуп дагы башкаларды алдап, абадан акча жасашпасын дедим.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aidinaernur
2012-06-12 02:17:26
аа ошондою да бар беле
0
Emil.
2012-06-12 10:22:42
Туура кылыпсынар текшериш керек
0
Aiya-2012
2012-06-12 18:14:55
katuu teksheruu jurguzush kerek andaylarga. uyat dele kalbagan go bul adamdarda!
0
jyrgal-2
2012-06-12 19:11:19
osho men dagy ejem menen barsam ele 1000 som dep chyga kalchuu,aaaaaaaaaa dep oozumdu achkan boiuncha tolop ele kelgem, Myndan kiiin este bolot sizge rahmat, "S legkim panam"go kiiinki jumada teksherish kerek chekti...
0
№ 501, 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан