КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова: «УУЛУМДУ ТАРБИЯЛАЙМ ДЕП ТУРМУШКА ЧЫККАН ЖОКМУН»

Гүлнур Сатылганова ыр жандуу кыргыз элин өзгөчө мукам үнү менен «багып» келе жатканына отуз жылга чукулдап калды. Ал тургай анын күлкүсүнө ашык болгондор эле канча?! Сахнанын төрүнөн түшпөгөн ырчы биздин окурмандар менен түз байланышта болду.

Салтанат, Сокулук району, Асыл-Баш айылы:
– Гүлнур эже, алгачкы махабатыңыз тууралуу айтып бериңизчи?
Ата-энебиз бизди аябай катуу кармап тарбиялашты. Мектепте окуп жүргөндө сүйүп деле көргөн эмесмин. Алгачкы сүйүүм – уулум Арнастын атасы болду. Ал дагы чыгармачыл чөйрөдөн, Даниэль Токтобаев деген актёр болчу.

Майрам, Талас шаары:
– Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?
Үй-бүлөдө 10 бир туугандын жетинчисимин. Ата-энебиз кайтыш болуп кеткен.

Айганыш, Талас шаары:
– Уулуңуз тууралуу маалымат берип кетсеңиз?
Уулум Арнас быйыл 10-классты бүтүрүп жатат. Кыргыз-түрк лицейинде окуйт.

Гүлкайыр, Бишкек шаары:
– Көпчүлүк ырчы-чоорчулар балдарын сахнага кошо ээрчитип жүрүп эле чоңойтушат. Сиз деле ушундай абалга кабылсаңыз керек...
Эсимде, уулум төрөлүп, кыркы чыкканда «Азия Даусы» фестивалына чакыруу келип калды. Аябай баргым келип туруп алдым. Кудай өзү сактасын деп бир айлык баламды алып, фестивалга конок катары барып ырдап келгем. Көп эле концерттерге баламды көтөрүп барып, бирөөгө кармата салып ырдаган учурлар болгон.

– Сиз эмнеге КТРКдан башка телеканалдарга көп чыкпайсыз?
Эми Коомдук телеканал болгондуктан, биз тыгыз байланышта иштешебиз. Анча-мынча жеке телеканалдар чакырып калса, барып эле турам. Мүмкүн, мен гастролдоп жүргөндө таппай калып жатышкандыр. Же ошол теледе иштегендерден да болушу мүмкүн. Ушундай себептер эле болбосо, башкача себеби жок го?..

Айсулуу, Ат-Башы району:
– Башка маселелер аз болуп жаткансып, Чубак ажы «мырзалардын көп аял алуусуна макулдук беришибиз керек» деп айтып жатат. Сиз буга кандай карайсыз?
Ха-ха-ха! Биз мындай нерсеге макулдук берсек да, бербесек да адамдардын жашоосу өтө берет. Менимче, эркектер экинчи аял алам десе, ала берет. Менин көз карашым бул нерсеге түз. Муну мыйзам ченемдүү нерсе деп кабыл алам. Сүйүүгө чек болбошу керек.

Туратбек, Балыкчы шаары:
– Балыкчыга качан концерт коюп келесиң? Анан мага телефон номериңди бересиңби?
Жакын арада концерт берүүгө жетишпей калабыз го. Себеби жеке концертке даярданып жатабыз. Буюрса, эмдиги жылы жазда Кыргызстандын бардык булуң-бурчуна концерт коюу тууралуу пландарыбыз бар. Экинчи суранычыңызды аткара албайм, телефонумду бере албайм.

Зоотбек, Нарын шаары:
– Алгачкы жолу сахнага канча жашыңызда чыктыңыз эле?
Негизи, чоң сахнага биринчи жолу 1986-жылы чыккам. Бирок ага чейин эле мектепте ар кандай сынактарга катышып ырдап жүргөм.

Эльмира, Токмок шаары:
– Азыркы учурда шакирттериңиз барбы?
Учурда жок. Бирок алдыда боло турган жеке концертимде бир-эки шакиртимди даярдап чыгарам деген оюм бар, Кудай буюрса.

– Көп белгилүү адамдар өздөрүнө тиешелүү бренд кийимдерин чыгарышат. Сизде да ушундай мүмкүнчүлүк барбы?
Мындай нерсе чоң мамлекеттерде кездешет. Андай мамлекеттердин ырчылары да бай, ошол себептен ар кандай фирмаларды ачышат. Биз андай деңгээлге жете элекпиз.

Нурдана, Ала- Бука району:
– Сыр болбосо бир ырыңызды канчага жаздырасыз?
Бүгүн ырга салымын кошкон адамдардын баарына акы төлөнүшү керек. Акынга, обонун жазганга, аранжировкасына деп отуруп, мисалы, менин бир ырым клипти кошпогондо 600-800 долларга чейин чыгып кетет. Клиптерди болсо кино жаатындагы профессионалдар тартышат. Орточо эсеп менен айтканда, бир клип 3000 доллардын тегерегинде болот.

Ислам, Кант шаары:
– Жолдошуңузга катуу таарынганыңыз эсиңиздеби? Ошондой эле кайненеңиз менен урушкан күндөр болду беле?
Чынын айтсам, жолдошумдун каза болгонуна 16 жыл болду. Ага таарынган күндөрүм эсимде деле жок. Кайненем менен урушкан күндөр болгон эмес.

Жылдыз, Бишкек шаары:
– Мурда костюмдарыңыз оймо-чиймелер менен кыргыздын колоритинде болсо, азыр европалык стилге ыктай баштадыңыз...
Азыр улуттук костюм кийгендер аябай көбөйдү. Бир гана ырчылар эмес, тойго барсаң коноктор деле кыргызча кийинип калышты. Бул жаман нерсе эмес. Ошого окшоштук болбосун деген ойдо эле стилди өзгөртүп койдум.

Ислам, Кант шаары:
– Гүлнур жеңе, «Асман» деген клибиңизге окшоштуруп клип тартсам каршы эмессизби?
«Гүлнур жеңе» деди го, ха- ха-ха... Ал эми окшоштуруп клип тартышыңызга каршы эмесмин.

"СУПЕР-ИНФОДОН" СУРООЛОР

– "Сүйүү жаш-карыга карабайт" дейт, ушул жашта сүйүүгө кабылсаңыз, өзүңүздөн кичүү мырзага турмушка чыгат белеңиз?
М-мм, эми муну убакыт көрсөтөт. Сүйүү кары-жашка карабайт. Албетте, ушунчалык сүйүп калсам, ал жагын да, жашын дагы карап көрмөкмүн.

– Уулуңуз бой жетип калыптыр. Үй-бүлө күтө турган маалы да алыс эмес, келин тандоого кийлигишесизби?
Менин уулум эрке талтаң болуп өскөн жок. Колумдан келишинче туура тарбия бердим. Эми жакшы эле кызга жолугат болуш керек. Мен кийлигише албайм. Ата-эне кийлигишип, ажырашып жаткан жаштарды деле көрүп жатам. Ошондуктан өзү эле тандайт.

– Уулуңуз өзү тандаган кыз сизге таптакыр жакпай калсачы?
Кудай анын бетин ары кылсын. Балам жакшы кызга жолуксун деп эле тилек кылайын.

– Кайнене болууга даярмын деңизчи...
Албетте, өзүңдү карыткың келбейт. Бирок баламдын чоңоюп калганын көрүп, ойлорум алдыга кетип, небере багып отурууну да ойлоп калам.

– Балаңыздын саясатчы болуусун каалайсызбы же ырчы болушуна добуш берет белеңиз?
Уулумдун ырчы болушун каалабайм. Эгерде Арнас саясатка кызыкса, түшүнүгү бар болсо, саясатчы болуусуна макулдугумду бермекмин.

– Жалгыздыктан тажаган учурларыңыз болобу?
Жалгыздык да керек кээде. Жалгыз отуруп алып чыгармачылыкка болгон жакшы ойлор, пландар жаралат.

– Ырларыңыздын сөзүнө аябай маани бересиз. Дегеним, биринчи обон жаралабы же сөзү жаралабы?
Ар кандай болот, биринчи обон жаралып, анан ага карата текст жаздырган учурлар болот, кээде тескерисинче. Көбүнчөсү Эркин Мээрканов менен иштешем. Ал биринчи обонду жазып коёт. Анан мага угузганда ойлоно баштайм «тексти кандай болушу керек, эмне жөнүндө болушу керек, кимге жаздырсам?» деп. Мисалы, «Апакем» деген ырымдын биринчи обону жаралган.

ЫРЧЫ WWW.SUPER.KG САЙТЫБЫЗДЫН КОЛДОНУУЧУЛАРЫ ТАРАБЫНАН КАЛТЫРЫЛГАН СУРООЛОРГО ДА ЖООП БЕРҮҮГӨ ЖЕТИШТИ.

Мика:
– Гүлнур эже, кыргыз тилден сырткары орусчага кандайсыз? Дегеним, сизди "орусча акцент менен ырдабай эле койбойбу" деп жүрүштү эле...
Орус эмесмин да, ошон үчүн, албетте, акцент болот. Кээде авторлор орусча ырларын сунуштап калганда жагып калса, ырдаганга туура келет. Бирок мен орусча ырды акцент менен ырдап койдум деп эч качан уялбайм. Негизгиси, өз тилимди эң жакшы билем.

Elit:
– Сиздин жеке бизнесиңиз барбы?
Жеке бизнесим жок, чыгармачылыкта гана иштеп акча табам.

Narynbek:
– Сиздин жолдошуңуз жаңы балалуу болгондо эле каза болуп калган деп окугам. Кийин турмушка чыгууну ойлодуңузбу? Же өмүрүңүздү чыгармачылыкка жана уулуңузга арнадыңызбы?
Калган өмүрүмдү чыгармачылык менен эле уулума арнадым окшойт. Бир адам менен турмуш куруу ооз менен айтканга оңой, иш жүзүнө келгенде аябай олуттуу нерсе. Кыскасы, турмуш куруу оюнчук эмес. Ошол себептен чыгармачылык менен алек болуп, уулумду тарбиялап жүрүп эле турмушка чыкпай калдым.

iad_79:
– Мен бир жолу "Народный" дүкөнүнөн сизди көрүп калып, кол тамга алып калсам экен деп чуркап барып учурашсам, сиз учурашмак турсун мени бутумдан башыма чейин алайып бир карагансыз, ал эмнени түшүндүрөт? Эмне, бой көтөргөндүгүңүзбү?
Мен коомдук жайларда көп жүрөм, бирок мындай нерсе болгон эмес. Бирөө салам айтса, мен кантип эле алик албай коёюн?! Мени менен дүкөндүн ичинен саламдашмак тургай сүрөткө түшүшөт. Жөн эле бирөөнү кагып салмай адатым жок.

Асылжан:
– Акыркы күндөрү сизди кайсы жерде көрбөйүн үстүңүздөн кара пиджагыңыз түшпөйт, эмнеге?
Көйнөктүн үстүнөн пиджак кийип алган бүгүнкү күндүн модасы. Экинчиден, мен өзүмдү ыңгайлуу сезем. Үчүнчүдөн, пиджак мага жакшы жарашат.

Luntik:
– Киного тартылгансызбы жана сунуш түшсө тартылат белеңиз? Кандай каармандын образын жараткыңыз келет?
Мындай сунуштар көп эле болот. Бирок мен негедир тасмага тартылууга каалоом жок. Кечээ жакында эле бир тасмага сунуш түшкөнүнөн баш тартууга туура келди. Эгер өзүмдүн жашыма ылайыктуу, жарашыктуу болсо, балким, макул болмокмун. Ошентсе да мен өзүмдө актрисалык талантым бар деп ойлобойм. Каалаган эле адамдар актёр боло алышпайт.

snejinka:
– Өзүңүзгө баа берип кетсеңиз, сырткы сулуулук, ички сулуулук боюнча?..
Мен өзүмдү сулуумун деп эсептеген эмесмин. Мектепте окуп жүргөндө «сулуулар сынагына катыш» деген сунуш түшкөндө «мен өзүмдү сулуумун деп эсептебейм» деп катышпай койгом. «Сырты сулуу болуп, ички дүйнөсү ага карама-каршы болсо, баары бир жүзүнө ошол нерсе чыгып кетет» деп коюшат эмеспи. Мен да ичи тарлык кылбаган, боорукер, ушак сүйлөбөгөн, бирөөгө жамандык каалабаган адамдардын ички дүйнөсү сулуу болот деп эсептейм. Менде ошол сапаттар бар.

Fekus:
– Жашоого кайра жаралсаңыз, кандай жашамаксыз? Эгер алтын балык кармап алсаңыз, эмнени биринчи орундатууну суранмаксыз?
Мен азыркы жашоомо деле нааразы эмесмин. Өзүм каалап ырчы болдум, элимдин сүйүктүү ырчысымын. Дайыма сый-урматтын үстүндө жүрөм. Эгер алтын балык кармап алсам, ата-энемдин ден соолугун сурап, кайра кайрып берүүсүн өтүнмөкмүн.

Myrza_Kaiyr:
– Намаз окуйсузбу? Спирт ичимдиктерин, чылымды жашооңузда колдоносузбу?
Негизи, Кудайга жүрөгүм менен ишенем. Бирок намаз окубайм. Спирт ичимдигин кээде майрамдарда ичишим мүмкүн, бирок чылым чекпейм.

NUR.DIM:
– Саясатка аралашуу пландарыңызда барбы?
Саясатка кызыкпайм. Алдыда саясатка аралашайын деген оюм да жок.

MaksatXXI:
– Кайын журтуңуз менен азыр байланышыңыз барбы?
Катташып турабыз. Уулум майрамдарда белек-бечкегин алып, каникулдарда барып турат.

MaRmeLaDka:
– Ырчылык менен жан багып кетүүгө болобу?
Эгерде сапаттуу, жогорку деңгээлдеги ырчы болсо, албетте, ырчылык менен жан багууга болот. Ар кандай чакыруулар болот, анын баары бекер эмес. Мына мен ушул күнгө чейин өзүмдү ырчылык менен эле багып келе жатам.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Гүлнур Сатылганова: "Эркектердин экинчи аял алышы мыйзам ченемдүү көрүнүш"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
aidinaernur
2012-06-12 01:39:25
мен сыйлаган ырчылардын катарында Гулнур эже биринчи кезекте турат! ишинизге ийгилик, уулунуздун убайын корунуз,жашоода дайыма жакшылыктар коштоп журсун, сизге бакыт каалайм. Эми НАМАЗ окуп алыныз пайдадан башка эыяны жок!
0
NUR.DIM
2012-06-12 02:52:04
Жонокой биздин карапайым калктын арасында бой которуп озун кыйын сезгендер бар го. Ага караганда ырчылардын ошончо куйорманы бар бири жакшы суйлойт бири жаман суйлойт алардын да койгойлору бар миллиондогон куйормандардын ичинен бир-экоосун капа кылып койсо бул деген закон ченемдуу эле корунуш болуш керек.
0
Mir83
2012-06-12 11:19:02
Гулнур эже сизге ийгилик. Дайыма бар болунуз. Мен сиздин ырларыныз м.н жашайм.
0
miniusha
2012-06-12 12:01:53
журналистин кебетеси кантет,жакшына болуп алса болмок.ЭЭ достор,же мен аша чаап жатамбы?
0
nasi
2012-06-12 15:22:25
miniusha, супер инфодо жонокой адамдар иштейт
0
miniusha
2012-06-12 12:10:44
эки аялга мамилеси туз анткени озу экинчи аялы да,бактылуу болсун канчанчы аялы болсо да!
0
aikasarinjievna
2012-06-12 13:07:04
салам.чындап келгенде Гулнур эжеге кийимдин баары жарашат деп ойлоймун.озуно да жарашатго.
0
Aroozat
2012-06-12 15:04:18
Гулнур эжени аябай сыйлайм,мен жакшы коргон ырчы.Сизге ийгилик,дайыма сый устундо журо бериниз
0
nasi
2012-06-12 15:19:29
2 аял алганга мамилем туз дегени жаккан жок. кудай озу сактасын мурун 2чи аялы жок эле бактылуу жашашпады беле ... аттин кээде жашагын келбей кетет, эх, СССРде сонун жашоо болгон экен
0
takeshaman
2012-06-12 22:46:38
1аялы начар чыгып калса 2аял алганга туура келет да бактылуу болунуз Гулнур эже сизди аябай сыйлаймын
0
asdf
2012-06-13 13:48:51
Гулгону жакшы жарашат озуно
0
fanatka19
2012-06-14 00:06:28
эн сонун жооп бериптир азаматсыз
0
nikolik
2012-06-15 17:04:56
Гулнур эженин вокалдык чеберчилиги, бийик ноталарды кыйналбай эле алганы аябай жагат.
0
jennifer90
2012-06-16 11:44:07
аябай жакшы ырдайт ырларын тажабай угам
0
kansuluu
2012-06-16 19:14:12
Кыргызстандын при модоннасын Гулнур эже алыш керек болчу?! Колдойм, чыгармачылыгынызда чон-чон ийгиликтер жарала берсин!
0
HUMMER
2012-06-17 07:56:58
Гулнур еже супер да чыгармачылынызга ийгилик
0
№ 501, 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан