«ЖАШООМДУ ЖАҢЫ БАРАКТАН БАШТАГЫМ КЕЛЕТ»

«НИКЕЛҮҮ ЖИГИТ МЕНИ АРБАДЫ»
-Бир кезде бактылуу үй-бүлөнүн эрке кызы элем. Мындай күнгө кабылам деп үч уктасам түшүмө кирчү эмес.
6 жыл мурун ата-энем Москва шаарына жумуш издеп кетишкен. Ырас, бат эле бутубузга турдук. Мен 9-классты бүтүп, колледжге окууга кирдим. Үйдө кенжеси болгондуктан, баары менин айтканымдай болчу. 1-курсту аяктап, Москвага барам деп жүрүп, акыры тилегиме жеттим. Ал жерден ишим оңунан чыкты. Жыл айланып, Кыргызстанга келип үй алып, жарым жылдай жүрүп калдым.
Ойлоп көрсөм, шумдуктун баары ошондо башталыптыр. Ата-энем Москвада болгондуктан, кой деген кожом жок, каалагандай басып жүрдүм. Чөнтөктө акча көп, дос, артымдан жүгүргөн балдардын саны да күн санап өсө берди. Каалаган жакка барам, каалаган убакта келем, кыскасы, ушинтип кеч келе берип, байкем менен да урушуп, кыздар менен өзүм алган үйгө көчүп кеттим. Курбум турмушка чыгып, анын тоюнда Мирлан деген үй-бүлөлүү жигит менен таанышып калдым. Ал никелүү болсо да, «жакында аялым менен ажырашам. Аны сүйбөйм, ата-энем зордоп алып берип коюшкан» деп жатып телефон номеримди алып калды. Чынын айтсам, Мирлан мага бир көз карашта эле жаккан. Эки күндөн кийин телефон чалып, жолугууну сунуштады. Аны бир көрүүгө зар болуп турсам да, никелүү кишиге жолугуп, үй-бүлөсүн бузгум келбеди.

«ӨЗҮМДӨН ӨЧ АЛЫП ЖАТКАНЫМДЫ БИЛБЕПТИРМИН»
-Көп өтпөй Москвага келе бердим. Бир айдан кийин Мирлан мени таап, күнү-түнү телефон чала баштады. Бир айча сүйлөшүп жүрдүк. Кийин артымдан ал да Москвага келди. Апам мени туура түшүнүп, «сүйүп калсаң, каршы эмесмин» деп жол ачып берди. Экөөбүз тез-тез көрүшүп турчубуз. Кызыгы тарап кеттиби, айтор, акыркы күндөрү көп урушчу болдук. Анан Мирлан Кыргызстанга кетип жатканын айтты. Андайды күтпөгөн жаным шолоктоп ыйлап, себебин сурасам, «сен менин сүйүүмө татыктуу эмессиң» деп күйдүрдү. Чынында, ал менин туңгуч сүйүүм эле. Башка бир да жигитке көз салып караган эмесмин. Сүйгөн адамым менен сүйлөшсөм да, мендик болбогону азапка салды, кирпик какпай ыйлап таң атырган күндөрүм болду.
«Көз жашыңды көргүм келбейт» деген апам күндөрдүн биринде бардар жигит менен тааныштырып, «ушуга турмушка чыгасың» деп калды. Мирлан бир пайда болуп, мага үмүт берет, мен ага ишенем да, кайра жоголуп кетет, анан көз жашка бөлөнүп жатып калам. Бардар жашаган жигитке турмушка чыга турган болуп, тойго аз калганда Мирландын айынан тойду токтотуп салдым.
Сүйгөн адамым менин сезимдерим менен ойносо керек, аялы менен жарашканы Бишкекке кетип калды. Бугум ичиме батпай, досторум менен кафе, клубдарга тез-тез барчу болдум. Бийлесем гана ичимдеги арманым сыртка чыккандай сезилчү. Ошондой күндөрдө Айбек жана Ренат деген балдар менен таанышып калдым. Досторумдун баары калмак, орус улутунан болгондуктан, алар менен таанышканыма бир жагынан сүйүндүм.
Айбектин никелүү болгонун билсем да, кыздык намысымды ага арнадым. Оюмда «Мирлан, сен аялың менен болсоң, мен Айбек мененмин, сенден ушинтип өч алам» дедим. Өзүмдөн өч алып жатканымды билбептирмин.
Ошол түндөн көп өтпөй Айбек Кыргызстанга кетти. Андан кийин бир да жолу телефон чалган жок. Мага айтканы боюнча, аялы менен ажырашып кеткен эле. Бир күнү Ренат келип, «Айбек аялы менен жарашыптыр» дейт. Бир чети кубансам, бир чети ичим күйүп турду. Жигиттерден ушунчалык көңүлүм калды. Аялзаты алсыз жаралганбызбы, үмүтүм өчпөй Айбекти бир ай күттүм, келбеди...

«КӨЙГӨЙДҮН НЕГИЗИ ЭЛЕ АКЧАГА КЕЛИП ТАКАЛЫП ЖАТТЫ»
-Адамдын башына бир кыйынчылык келсе, аркасынан да сыноолор көп болот окшойт. Ушул эле жетишпей жаткансып, жумуш да оорлой баштады. Көйгөйдүн негизи эле акчага келип такалып жатты. Негедир ата-энемден такыр акча сурагым келчү эмес. Акча деген балекет эмнелерге гана алып барбайт, ошол убакта Ренат экөөбүз мелдешип кетип, Ренаттын коюнуна биринчи жолу акча үчүн киргем. Ошол күнү жумушка барып, үйгө эч кайткым келбей, өзүмдөн жийиркенип турдум. «Ренатка кантип сүйлөйм, Айбекке эмне дейм?» деген ойлор жүрөгүмдү кыйнады.
Анан директор менен урушуп, жумуштан кеттим. Ылайыктуу жумуш жок, Ренаттын үйүндө жашап калдым. Күндөн-күнгө экөөбүздүн мамилебиз жакындай берди. Апамдын «даяр ашка кызыкпа, өз эмгегиң менен тапкан аш таттуу болот» деген сөзү кулагыма анда-санда жаңыра калат.
Ренаттын эми эле бутуна туруп келе жаткан мезгили эле. Үйлөнүп калсак, бирге аракет кылабыз деп ойлодум. Экөөбүздү үйдө баары кыз-жигит деп ойлошчу. Бирок менин жүрөгүмдүн эзилгени, экөөбүз жөн гана көңүлдөш элек. Бир күнү Айбек келди, Кыргызстандан, эч нерсе болбогондой. Ал келери менен Ренаттын мамилеси өзгөрүп, «эми экөөбүз сүйлөшпөйбүз» деп басып кетти. Канчалык ыйлабайын, эч нерсе жардам бере албады.

«ЖАШООДО ҮЧ НЕРСЕДЕН КОРКЧУМУН»
-Бир күнү үйдө жалгыз отурсам, Айбек келип, ага Ренат менен мамиле түзүп алганымды айттым. Ал «билгем ушундай болорун, мен сени ага ыраа көрбөйм» деген өңдүү сөздөрдү айтып жатканда сырттан Ренат келип, экөө урушуп кетишти. Акыры Ренат экөөбүз бирге калдык. Ал мага «күнөөңдүн баарын өзүмө алам, нике кыйып жашайлы» деп калды. Дароо эле ишенип, чогуу жашап калдык. Арадан 3-4 ай өтүп, Ренаттын мамилеси өзгөрө баштады...
Негизи, жашоодо үч нерседен коркчумун: намысымды алдырып коюудан, үй-бүлөлүү эркекти сүйүп калуудан жана эки достун ортосуна түшүп калуудан. Тагдыр ошол корккон нерселеримди маңдайыма жазган экен. Азыр деле Ренатты жоготуп алуудан корком да, кайра аны жек көрүп кетем. Себебин өзүм да билбейм.

«ТИЛИМДИ ТИШИМЕ КАТЫП ТИМ БОЛОМ»
-Ренат акыркы күндөрү катуу сүйлөчү болду. Ал айткан сөздөр менин жүрөгүмө кандай оор тиерин сезбесе керек. Айлам канча, тилимди тишиме катып тим болом. Бирок мындан ары минтип жашагым келбейт, күнөөлөрүмдү ойлоп, Кудайга тобо келтирем. Кайра «кантип кечирилсин, бир үй-бүлөнү бузуп, эки досту ажыратып, никем жок, бир адам менен жашап жүрсөм?..» деген ойлорго думугам.
Көп ойлонуп, бүгүн эртең менен бир чечимге келдим. Ушул жумада Ренатка айтпай башка шаарга кеткени жатам. Ошол жактан жашоомду жаңы, таза барактан баштагым келет. Ата-энем мен экенимди билишпесе да, гезит аркылуу алардан кечирим сурайм. Апа, мени кечир! Мен силер ойлогондой кыз болуп чоңойбодум, силердин ак эмгегиңерди актай албадым! Акырында кыздарга айтарым, жеңил ойлуу болбогула, ар бир кадамыңарды ойлоп баскыла!

Мээрим

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (117)
kyrgyzdyn_balasy
2012-06-17 21:00:07
Шуркуя андан башка соз жок!
0
medya123
2012-06-18 01:19:37
Молодец кеч болсо да ойлонуптурсун. Бизде канча кыз журот дагы деле ойлонбой ар кайсы байлардын акчасын ээрчип... Ошон учун кичинекейинен тарбиялаш керек кызды да баланы да...
+2
supeeri
2012-06-18 09:16:11
коп кайгырба,баары ж4кшы болот жаш экенсин.Аа сени алдаган,ойноткон эркектер мындан кийин жакшы жашоодо жашашпайт коросунго.Тагдырга аргасыз баш ийебиз,бирок бари бир Аллах кечиримду бактылуу болосун.)
-1
kristall
2012-06-18 12:19:57
эх адамбыз да, тарбия, тарбия дейбиз, бирок озубуз да ойлонушубуз керек го. Эмнеге чогуу жургон достордун улам биринин койнуна кирет. Ата-энеден акча сураган намыспы, анан жап-жаш туруп эркектерди алмаштыруу намыс эмес??? Жок болсо ал убактылуу нерсе го. Деги балдарга ыйман берсинчи кудайым.
+1
maratkuttugaliuulu
2012-06-24 02:29:51
Силер андай дегенинер менен алар деле балдардай елего акча кармап кийингиси келеткоо дейим... Анткени аял затынын кийим кечелери деле жаман кымбат ото еле... Ошго аял затыны сыйлоо керекко дейм ... Озунун тошок оюнуга колдонгон еркектерде деле куноо ... Мен девушкамы андай кылганды жаман кором ..обуп жытталашсам деле никесиз ата енендин макулдуулуугуусууз анткенге деле болбойткоо дейм... Кудайым жакшы жашоону берсин бааарына
0
future_kg
2012-06-24 19:55:41
Умуттун шооласы узулбойт дейт!акмактары болсо да,Албетте тушунгон чыныгы жигиттер коп кыргыздын!Бешенене жазган болсо жоолугасын бир кун,! Бир гана откондон сабак алып,кайталабай жашаасан болду!Албетте бирок созсуз кылган каталардын жообун аларынды да унутпа!
0
loir
2012-06-26 09:41:49
ar adam baarin kayra bawtoogo ukugu bar,ssen da mumkun emi kayra minday kata ketirbeyttirsin,kiyin bolo4ok kyuon tuwunot 4igar!!!!!baari buyursa jakwi bolot dep kudaydan umutundu uzbo
0
bakyt_9393
2012-07-20 14:58:04
ары жок десе
0
2012-07-26 15:13:36
Качандыр бир кезде уй-булон болор ошондо тушуносунор
0
REAL7
2012-08-10 02:36:21
Намысынды алдырган сон баарын кайра баштасан да окшобосо керек.Бирок турмушта эмнелер гана болбойт.Озуно деги эле баардык кыздарга сабак болду деп ойлойм.Озунду таштабай кучтуу бол!
0
ysymbek
2012-09-17 00:00:23
Куноосуно бушайман болуу,тооба кылганга барабар дейт.Ошондуктан жараткан Аллааны эсинерден чыгрбагыла урматтуу достор.Меерим озуну антип кыйнаба,Аллаа жолуна тушсон баары жайында болот,кеч эмес.
0
Aygul
2012-11-01 11:06:17
"Кой, тур" деген адам болбосо, ушундай болот да.Бири менен анан экинчиси менен, чын эле женил ойлуу экен. Дагы кийинкиге барбай, Тимур менен тил табышып кармап калса болот.Жаны барактан баштаса, эмне анысы билбей калчуу беле? Бирде болбосо, бирде соз жетет.
0
KyrgyzAiba89
2013-02-12 15:35:49
Эээ, кыздар..., терен ойлонуп иш кылсанар боло..., кыз баланын ою кыска болот деген чын да. Башка шаарга барып жашоонду башынан баштайм дейсин.., ты не можешь забыть негативного прошлого.. Ты прощала всех, но только не себя...
0
alisheran
2013-02-26 14:26:15
шуркуя деген балага айтаарым сен да уйлоносун кыздуу болосун.
0
Nuraiym94
2018-01-08 02:28:57
Бир ката кетирип,сабак албай эле,усту-устунон ката кыла бергенсин го,эми болду,мындайга барба!Эч качан!Эч качан!эркектерди постель менен кармай албайсынар,кыздар!Эртеси куну сенден жийиркенип басып кетет,женил ойлуу экен деп.Ошол учун никеден кийин гана баргылачы андайга...
0
№ 501, 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан