МУШКЕРЛЕР ӨЧ АЛЫШТЫ
Футболчуларыбыз казактарга жеңилген күндүн эртеси Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Сарайында эрежесиз мушташтын вале тудо түрү боюнча Кыргызстан жана Казакстандын ортосунда командалык беттеш өттү. Ага эки өлкөдөн тогуздан тандалма мушкер келип, мыкты беттеш тартуулап беришти. Эрежесиз эр урушту сүйүүчүлөр Кобра, Монгол, Кылыч лакап аттуу мушкерлерибиздин мыкты беттештерине күбө болушту. Эки тараптуу тиреште жеңиш 5:4 эсебинде биз жакта калып, футболдогу жеңилүүнүн өчүн алып беришти. Чечүүчү беттеште Жумабек уулу Актилек 70 салмак категориясында боордоштордун Исилио Саламат аттуу мушкерин утуп, жеңишти биз жакка оодара алды. Калган салмак категорияларында жеңүүчүлөр төмөнкүлөр: Рахматжан Муратов (65, Кыргызстан), Рустам Мухатов (70, Казакстан), Ислам Дзадзиев (93, Казакстан), Төлөгөн Рахматберди уулу (77, Кыргызстан), Алексей Бадюков (80, Казакстан), Игорь Свирид (90, Казакстан), Кылыч Саркарбаев (+95, Кыргызстан).
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
Монгол мен сени суйооооооом!
Азаматсынар! Мындан ары да ийгилик коштосун!
Суперчилер , оч алышты дегенинер жакбады, фудболчулардын артын мушкерлер жаап бермек беле? Кайра даярданып оздору женип келишсин! Ийгилик!
Азаматсынар ушинтип кыргызстандын желегин желбирете бергиле АЛГААА .АЛГАА МЕН СИЛЕР МЕНЕН.
Жигиттерге чоң рахмат,азаматсыңар!Биз ушинтип спорттун жеке түрлөрүн көтөрүп,өнүктүрсөк чоң ийгиликтерге жетишип,кыргыздын желеги көп жерлерде желбиремек.Ал эми командалык спорт түрлөрүнөн өзгөчө футболдон жүз жылда дагы чыга албайбыз.
биздин футбол кечирип кой да. аман эле болушсун футболистерибиз
Urikg КАнтет))! Эгер кулгум келсе суперге кирем да ,темага карата жазылган создорду окуйм.Озунчо эле ха ха,Жыргап кулсон болт.
мына ушул жерден эле тамашоуна тема тандап алсан болот.рахмат силерге бар болгула ар дайым!!!!!
Мына коросунор! Мамлекеттин жардамысыз эле кыргыз Желек желбирейт,Спортсмен балдар бар ,бир аз сабыр кылуу керек.Бирок деген жери бар: Буттан тартпаса ,артты чукулабаса эле болгону.
маалыматты так берсенер жакшы болот эле.толук жазып 5:4месэле казахтар коп алган окшойт 70кг.ким каз алдыбы же актилекпи?
Азаматсынар Манастын урпактар!!!
кргыздын атын чыгарган мушкер азамат жигитери ийгилик силерге
Azamattar!!! Alga Kyrgyzstan!