1-июнда Алматы шаарында футбол боюнча Казакстан жана Кыргызстан курама командалары достук беттешин өткөрүшүп, үй ээлери 5:2 эсебинде утуп алышты. Казакстандын бир топ күчтүү экени көрүнүп турду. КРнын Футбол федерациясы тарабынан мүмкүнчүлүк түзүлүп, беттешке биз да күбө болдук. Стадиондун 4 тарабы казак күйөрмандары менен чулганып, укмуш колдошту. Салыштыра кетсек, Кыргызстан менен Казакстан буга чейин 6 ирет кез келип, бир да беттеш биздин пайдабызга чечилген эмес. Албетте, УЕФАнын желеги астында ойноп жаткан Казакстанга теңелүү биздин курам үчүн оңой эмес. Анткени алар эл аралык оюндарды көп өткөрөт. А биздикилер жылына бир же эки гана ирет...