ИСПАНИЯ ЧЕМПИОНДУК НААМЫН КОРГОСО, 30 МИЛЛИОН ЕВРО УТАТ

“ЕВРО-2012ге” катышуучу 16 команда менен жакындан таанышып бүттүк. Жайкы эс алуу сезону менен катар зарыгып күткөн Европанын 14-чемпиондугу старт алды. “Украина жана Польшада өтүүчү майрамга үй ээлеринин даярдыгы кандай, эл кимди чемпиондукка көрсөтүүдө?” деген суроолор менен катар мелдеш жадыбалын сунуштайбыз.

ЖАРЫМ КЫЛЫМ КАРЫТКАН “ЕВРО”
Быйылкысы менен Европа чемпиондугу 14-ирет өтүп жатат. 1960-жылдан бери 4 жыл сайын түрдүү өлкөлөрдө өтүп келген мелдеш быйыл Украина жана Польшада өтөт. Эске салсак, мелдештин финалдык баскычына чыгуу үчүн бардык Европа өлкөлөрү катышып, 16 команда иргелип алынган. Мелдештин ачылыш аземи 8-июнда Варшавада башталып, 1-июлда Киевде финалдык оюн менен жыйынтыкталат. “ЕВРО-2012” – эки мамлекет биригип өткөрүп жаткан үчүнчү Европа чемпиондугу ("Бельгия-Голландия-2000", "Австрия-Швейцария-2008"). Анан да Европанын чемпиондук таажысын акыркы жолу 16 команда талашып жатат. УЕФАнын чечими менен 2016-жылдан тарта командалардын саны 24кө жетет.

АЧЫЛЫШ АЗЕМИ КОРКУНУЧТА
Польша менен Украина “ЕВРО-2012ни” өз үйүндө өткөрүү талашында Азербайжан, Венгрия менен Хорватия, Греция, Италия, Орусия, Румыния жана Түркияны артка таштаган. Арыздарды кароо маалында ага Италия менен Түркия гана кичине атаандаштык көргөзгөнү менен, күтүлгөндөй эле 2007-жылы УЕФА “ЕВРО-2012” өтүүчү өлкө катары Украина жана Польшага токтолгон. Кийин УЕФАнын президенти Мишель Платини бул өлкөлөр даярдык жагынан артта калып баратканда “эмнеге буларга бердим?” деп далай ирет бармак тиштегенин айткан. Бирок акыры польшалыктар менен украиналыктар ишеничти актап, мелдеш өтчү 8 шаардын (4 шаар Польшада, 4 шаар Украинада) стадион, аэропортторун өз маалында оңдоп-түзөп чыгышкан. Курулуш жана оңдоп-түзөө иштерине Украина 5 миллиард, ал эми Польша 34 миллиард доллар сарптаган. Бул сумма мамлекеттин бюджетине мелдеш маалында жарнама, телеканалдан түз алып берүү, туризм жана билет сатуу иштери аркылуу кайтарылат.
Азыр Польшада “Улуттук стадионунун” куруучулары акчаларын албай калганы үчүн бунт чыгарышууда. Эгер мамлекет кагаз жүзүндө бир кепилдик жазып бербесе, 40тын тегерегинде курулуш фирмалары 8-июнда стадионду миңдеген автоунаалар менен тосуп, ачылыш аземин токтотууну пландашууда. Мамлекет аларга 2 миллион евро бермек, бирок жумушчулар андан он эсе көп экенин айтышат. Эмнеси болсо да бул чыр ачылыш аземине чейин бүтсө экен деп турушкан чак.

ФРАНЦУЗДАР ЭҢ КӨП ГОНОРАР АЛЫШАТ
“Акча кишини катуу күүлөйт” деп бекер айтылбаса керек. Өлкөлөр намыс үчүн эле эмес, чоң суммадагы акча үчүн да кармаш жүргүзүшмөкчү. Бул мелдештин жалпы байге фонду 196 миллион еврону түзөт. Чемпион анын 23,5 миллионун алат. Командалар ар бир жеңиш үчүн 1 миллион, тең чыгууга 500 миң евро алышат. Чейрек финалчыларга 2 миллиондон, жарым финалчыларга 3 миллион евродон каралган. Ал эми финалга 12 миллион евро коюлуп, утканы 7,5, утулганы 4,5 миллион доллар алат. Андан тышкары ар бир өлкө өз футболчуларына акчалай сыйлык кароодо. “ЕВРО-2012ни” ута турган болушса, Франция ар бир футболчусуна сыйлык иретинде 356 миң евро, Германия 307 миң евро, Англия 123 миң евро бөлөрү маалым болду. Европанын учурдагы чемпиондору – испаниялыктар наамын сактап калышса, ар бири 300 миң евродон алышат. Ошондо “Кызыл фурия” чемпион болсо, УЕФА менен испан өкмөтү тарабынан бөлүнгөн сумманын эсебинен каражатын 30 миллион еврого чейин көтөрөт. Мелдештин кожоюндарынын бири – Польша жеңишке жетишсе, ар бир футболчусу 163 миң еврого байыйт.

ВИЛЬЯ, ПУЙОЛЬ ЖАНА ЛЭМПАРДСЫЗ ӨТӨТ
Жаракаттан жана соңку мезгилде көрсөткүчү начарлап кеткенден улам айрым жылдыздар мелдешти сыналгыдан көрүүгө аргасыз болушат. Командасы мелдешке катышып, бирок жаракат улам төмөнкүлөр барбайт: Давид Вилья, Карлес Пуйоль (Испания), Данни, Жозе Босингва (Португалия), Гарри Кэйхил, Фрэнк Лэмпард, Жек Уилшер (Англия), Василий Березуцкий, Роман Шишкин (Орусия), Андрей Дикань (Украина), Томас Соренсен (Дания), Лоик Реми (Франция). Курамга чакырылбай калгандардан Младен Петрич (Хорватия), Какау (Германия), Доменико Кришито (Италия), Рио Фердинанд, Майк Ричардс (Англия), Роберто Сольдадо (Испания) жана Йоанн Гуркюфф (Франция) бар.
Ал эми италиялыктар чоң коркунуч алдында турушат. Башкы машыктыруучусу Чезаре Пранделли билдиргендей, Италия “А” сериясынын тегерегиндеги чуудан улам (келишимдик оюндардан) “Евродон” алынып салынышы мүмкүн. Мындай каңырыш жакында италиялыктардын дарбазачысы Жанлуижи Буффондун келишимдик оюндар боюнча шектелип жатканынан кийин келип чыккан.

КИМ ЧЕМПИОН БОЛОТ?
Азыр көпчүлүктүн бүйүрүн “ЕВРО-2012де” ким чемпион болот?” деген суроо кызытып жатат. Чынында, ким чемпион болот? Бул суроого букмекердик кеңселердин жообу Испания болууда. Экинчи талапкер Германия болсо, үчүнчүгө Голландия көрсөтүлүүдө.

МЕЛДЕШТЕ ЭҢ...
Көп оюнчу жиберген Улуттук Лигасы.
Мелдешке Англия Премьер Лигасында ойногон 79 футболчу катышат. 16 команданын ичинен аталган лигада Украина менен Грециянын гана оюнчулары ойнобойт. Германиянын Бундес Лигасынан 48 футболчу аттанса, Испаниянын Ла Лигасы 33 футболчу жиберди. Анан да Англия мелдеште легионери жок жалгыз команда болсо, Ирландиянын курамында 23 оюнчу – легионерлер. Клубдарга токтолсок, “ЕВРО-2012ге” эң көп оюнчусун жиберген командалардын сап башында мюнхендик “Бавария” (13) менен мадриддик “Реал” (11) турат.
Узун жана кыска бойлуулары. Мелдештеги эң узун футболчу – швециялык дарбазачы Андреас Исакссон (бою – 199 сантиметр). Анын артында германиялык Пер Мертезакер (198) жана чехиялык Пётр Чех бар (197). Эң кыска футболчу – италиялык Себастьян Жовинко (164 ).
Картаңы. Эң карт командалар – Орусия, Швеция, Италия жана Ирландия. Курамдагы оюнчулардын орточо жашы – 28 жаш. Ал эми эң жаш курам Германияга (24 жаш) таандык. Эң карт оюнчу – Грециянын дарбазачысы, 38 жаштагы Константинос Халкиас. Ал эми эң жаш футболчу – голландиялык коргоочу Жетро Виллемс (“ПСВнын” оюнчусу, туулган күнү – 30-март, 1994-жыл).

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
kumarbeka
2012-06-11 12:23:52
испания алга,
0
jaz_0904
2012-06-11 15:15:15
Россия менен Чехия ойногондо ким утту???
0
adilet.adi
2012-06-12 07:25:34
4:1 эсебинде россияда
алга россия
0
ai_ka
2012-06-12 18:09:58
Испания алга!!!
0
№ 501, 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан