«Супер-Инфонун» 10 жылдык мааракесине карата оюн-утуштун Москва району боюнча жеңүүчүсү Стамова Назгүл: «СУПЕР-ИНФОДОН» БАШКА ГЕЗИТ ОКУБАЙМ»

– Назгүл эже, купондогу суроо­лор­го жооп табуу кыйынга турган жокпу?
– Жок, кыйналган деле жокмун. Өзгөчө Турсунбай Бакир уулу жөнүндөгү макала аябай эсимде калган экен, "чү" дегенде эле ошол суроонун жообун таптым. Берки эки суроону табууда жакындарым жардамга келди.

– Сиздин оюңузча, биздин гезит башка басылмалардан эмнеси менен айырмаланат?
– Чынын айтсам, мындан башка гезит деле окубайт экенмин. Гезит ар тармактуу болгондуктан, үй-бүлөм менен ушул гезитти тандагам. Эң өкүнүчтүүсү, биздин айылда гезит саткан күркөлөр жок болгондуктан, райондун борборуна түшүүгө туура келет. Кээде сүт алган балдарга дайындап алдыртам.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Oimo
2012-06-13 17:57:08
Азаматсын энеке! Кудайым ушундай энекелерди эч убакта бир тууган юалдарынан айырбасын! Бактыныз бар экен.Сыйлыгынызды жакшылыка иштетиниз.!
0
№ 501, 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан