– Батма эже, байгеңиз кут болсун! Буга чейин мындай утуштарга ээ болдуңуз беле?
– Бул менин биринчи утушум. Буу казанга ээ болуп, аябай кубанып, толкунданып турган чагым. Келиним өткөндө эле «апа, жаңы буу казандары чыгыптыр. Ошондойдон бирди алсак» деп жатты эле. Жакшы нерсе көрүнөт. Алып барарым менен буга неберелериме манты жасап берейин деп жатам.
– Гезитибизге кандай сын-пикирлерди айта аласыз?
– Баары жагат. Мени толук канааттандырат. Эч кандай терс сын айта албайм. "Супер-Инфону" 2006-жылдан бери окуп келем. Эл эмнени окугусу келсе, ошонун баарын мындан таба аласың. Мындан ары да жамаатыңарга ийгиликтерди каалайм.