– 5 жаштагы уулумду телевизордон деги алыстата албай койдум. "Эшикке чыгып ойноп кел" десем, бир аз ойноп келет да, кайра эле мультфильмин тиктеп отуруп калат. Бир күнү кандай мультфильм болду экен деп кызыгып, жанында отуруп, анысына түшүнгөн жокмун. Кыйкырышып-бакырышкан, түрү суук каармандар... Аларды көрүп өзүм иренжидим. Эртеси советтик мультфильмдердин топтомун алып келип берсем, уулум ага такыр кызыккан жок. Менимче, бул биздин үйдөгү гана маселе болбосо керек. Анткени бир таанышымдыкына барсам, анын уулу да компьютерде оюн ойноп, ошол эле убакта телевизордон ызы-чуулуу мультфильм көрүп отуруптур. Мындай мультфильмдер балдарга зыян эмеспи? Баланы кантип телевизордон алаксытуу керек?
Айжамал, Бишкек.
Сиздин сурооңузга «ParadiseSun» психологиялык борборунун психологу Гуля Акбутина жооп берет.
"БАЛАКАЙ БАШ КААРМАНДЫ ТУУРАЙТ"
– Айжамал, сиз бүгүнкү күндөгү балдардын эң көйгөйлүү маселесин көтөрүп чыгыптырсыз. Учурда ата-энелер жанынын тынчына карап балдарына мультфильм коюп берип койгон көрүнүш ар бир эле үйдө кездешет. Аны коюп берерден мурун ар бир ата-эне кооз, анимациялуу мультфильмдер баланы убактылуу алаксытканы менен, кийинки жашоосуна, аң-сезиминин калыптанышына, ден соолугуна канчалык кедергисин тийгизерин билип алышса.
Негизинен, мультфильмдер эки топко бөлүнөт. Биринчиси, баланын жашоосуна ылайыкталгандар. Экинчиси, чоңдорго арналган кинонун анимациялык эле түрү. Балдар үчүн мультфильмдеги каармандар, анын тегерегинде болуп жаткан окуялар абдан маанилүү. Алар өзүнө жат болгон сырткы дүйнөнү жомоктогу окуялар аркылуу кабыл алышат. Каарман менен болуп жаткан кооптуу көрүнүштөрдү, анын башына түшкөн кыйынчылыктарды экрандан көрүп, кошо жашап алышат. Кооз кийинген кыз же эр жүрөк жигит аркылуу өздөрүнүн келечектеги образын түзүшөт. Андыктан мультфильм тандоодо башкы каармандарга басым жасоону унутпаңыз.
Мисалга, "Том жана Жери" мультфильмин алалы. Дайыма чычкандын артынан кууп жүргөн мышык. Бул мультфильмди бир көргөндө бала алдуулар алсыздарды ура берсе болот экен деген түшүнүктө калат. Ошондуктан баланын телевизорду тиктеп тынч отурганына кубанбай, ал мультфильм көрүп жатканда жанында болуп, анын "апа, бул эмне? Эмнеге аны кууп жүрөт?" деген өңдүү суроолоруна эринбей жооп бериңиз.
Бүгүнкү күндө Норвегия, Австралия, Англия өлкөлөрүндө мультфильмдин терс таасири тууралуу атайын коом ачылган. Бул коомдун изилдөөсүнөн кийин баланын психологиясына төмөнкү мультфильмдер: "Пакемон", "Симпсондор", "Губка Боб" жана "Гриффиндер" өзгөчө зыян алып келери белгилүү болгон. Мисалы, "Пакемонду" көргөн япониялык 685 бала талма оорусунун белгилери менен бейтапканага жеткирилгени айтылып келет.
Эсиңиздерде болсо керек, совет мезгилинде бардык мультфильмдер катуу көзөмөлдөн өтүп, ар бир кадры ийне-жибине чейин талкууга алынчу. Балдарга туура келбеген кичине эле жери болсо, ал мультфильм Көркөм кеңештин сынынан өтпөй калчу. Ошого жараша советтик мультфильмдердин баары өтө жөнөкөй, балдардын психикасына оң гана таасирин тийгизип, баланы боорукерликке, достукту бекем сактоого, кыскасы, жакшы болууга үйрөтөт. Андыктан бала үчүн советтик мультфильмдерден өтөрү жок.
Мультфильмди чени менен көрсөтүү керек. Мисалы, 3 жашка чейинки бала экран деген эмне экенин билбегени эле дурус. Ал эми 3-5 жаштагы балдар ата-энесинин уруксаты менен атайын программаны 30 мүнөттөн ашыкча көрбөшү зарыл. 5-12 жаштагы балдар 1 саат, 12 жаштан өткөн өспүрүмдөргө 1,5 саат экранды кароого уруксат берүүгө болот. Баланын экран алдында көпкө отурушу төмөнкүдөй ооруларга кириптер кыларын окумуштуулар изилдеп чыгышкан.
Эгерде жогоруда айтылган ооруларга себепкер болбоюн десеңиз, балаңызды экрандан алыстатууга аракет жасаңыз. Баланын убактысын болушунча башка нерселерге жумшап, китеп окуу, сүрөт тартуу, жомок айтып берүүгө, кол өнөрчүлүккө, пластилинден ар кандай фигураларды жасоо сыяктуу нерселерге үйрөтүп, алаксытыңыз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg