ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (11-июндан 17-июнга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада иштериңиз ийгиликтүү болуп, каржылык абалыңызды жакшыртууга шарт түзүлөт. Бизнес чөйрөсүндөгүлөр өнөктөштөрү менен бир катар жемиштүү макулдашууларга жетишет дешет жылдыздар. Апта ортосунда жеке жашооңузда чоң өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Жекшембиде сизге көрө албастык кылып, бут тосуп жүргөн адамдын ким экендигин билесиз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Кандайдыр бир маселе жаралса, ашыкча кайгырбаңыз. Убакыттын өтүшү менен өзү чечилет. Дүйшөмбүдө белгиленген жерге кечигип калып, маанилүү иштен куру жалак каласыз. Андыктан жолго эрте чыкканыңыз оң. Шейшембиде көптөн бери издеген нерсеңизге ээ болосуз. Дем алыш күндөрү ден соолугуңузга кам көрүүнү унутпаңыз, кескин түрдө начарлап кетиши мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптадагы иштериңизди пландап алыңыз. Себеби ден соолугуңузга кам көрүүгө көп убакыт талап кылынат. Эгер өзүңүзгө көңүл бурбасаңыз, келечекте чоң маселеге туш болушуңуз мүмкүн. Апта соңунда жолдо жүрүү сиз үчүн кооптуу болгондуктан, белгиленген сапарды кийинкиге жылдырганыңыз оң.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дүйшөмбүдө акча маселесине байланыштуу иштерде этият болуңуз. Соодалашууда алдатып жиберишиңиз мүмкүн. Шейшембиде көзүңүз жетпеген ишке убада берүүдөн алыс болуңуз. Жума күнү бойдоктор жаңы таанышуудан жолдуу болушмакчы. Жекшембиде адаттагыдай эс алуу менен убакыт өткөрөсүз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Элден озунуп демилге көтөргөнүңүз кимдир бирөөгө жакпай, бут тосуулар болушу мүмкүн. Андыктан азырынча ашыкпай, агым менен гана кете бериңиз. Шаршембиде ишиңизге байланыштуу бийлик адамдары менен пикир келишпестик жаралышы мүмкүн. Ишембиде эмоцияга алдырып, досторуңуз менен болгон мамилеңизди бузуп алуудан сак болуңуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Мурда убада кылган иштериңизди бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Үйдөгү чарба иштерине көңүл буруп, тиричилик буюмдарын сатып алууга ыңгайлуу апта. Ошондой эле акчага капчыгыңыз кампайып кубанасыз. Аптанын экинчи жарымында майда нерсени чоң маселеге айлантсаңыз, жакын адамыңыздын сизге болгон мамилеси салкындап, кол үзүп калышыңыз мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта башында аракет кылсаңыз, акча жана жеке жашооңуздагы маселелер сиз тарапка чечилет. Шаршембиде иш кылууда айланадагылардын пикирин четке какпай, эске алсаңыз, жакшы натыйжага жетесиз. Жума күнү башка бирөөгө ишенип тапшырган ишиңиз чыгымга алып келет. Андыктан өзүңүз аракет кылыңыз. Апта соңу пайдалуу маалыматка ээ болосуз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Колуңуздан келбей турган ишти аткарууга сөз берип, бирөөнө жардам берүүгө ашыкпаңыз, өз мойнуңузга жүк болуп калышы мүмкүн. Шаршембиде жаныңыздагы буюмдарыңызга сак болуңуз, жоготуп алышыңыз күтүлүүдө. Бейшембиде сабырдуу болсоңуз, жакындарыңыз менен болгон мамилени сактап каласыз. Дем алыш күндөрү артыңыздан кайгы ээрчибесин десеңиз, кумар оюндарына азгырылбаңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Дүйшөмбүдө жакын мамиледеги адамыңыз менен сиздин ортоңузду бузгусу келгендер чыгышы мүмкүн. Алардын сөзүнө маани бербеңиз. Шейшембиде бойдоктор издеген адамына жолугушу ыктымал. Жума күнү үйүңүзгө чакырылбаган коноктордун келүүсү күтүлүүдө. Жекшембиде табият койнуна чыгып эс алууга шарт түзүлөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптанын башталышында ишиңиздеги аракеттериңиз текке кетип, көңүлүңүз чөгөт. Үй-бүлөдө түгөйлөр ортосунда пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн. Андыктан тыныгуу кылып, эс алганыңыз оң. Аптанын экинчи жарымында жашооңузда өзгөчө бир бурулуштар болуусу күтүлүүдө.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада жылдыздар сиз үчүн эч кандай оор иштердин жок экенин кабарлашат. Шейшембиде алдыга койгон максатка жетүү үчүн бир топ аракет талап кылынмакчы. Өзгөчө каржы маселеси сизди бир топ түйшүккө салат. Тааныштардын колдоосуна таянсаңыз, ишиңизде ийгилик жарата аласыз. Жекшембиде конокко барууңуз ыктымал.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Дүйшөмбүдө сабырдуу болсоңуз, чырдын алдын аласыз. Шаршембиде чечим кабыл алууда шашылбаңыз, болбосо жыйынтыгы көңүлүңүздү чөгөрүшү мүмкүн. Жума күнү бир катар маселелер чечилип, көңүлүңүз тынат. Ишембиде алыстан жагымдуу кабар угасыз. Апта соңунда таң калтырган окуянын күбөсү болосуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 501, 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан