АТКАРЫЛБАГАН АМАНАТ (сериал)

(Башы өткөн сандарыбызда)

Тумар үчүн Уланды көрбөгөн үч күн үч жылдай туюлду. Жаннаттан уккан сөздөр көкүрөгүн өрттөп жатты. "Чын эле ушундайбы?" Чындыкты бетме-бет отуруп уккусу келгендиктен, Уландын телефон чалууларынын бирине да жооп берген жок. Трубкадан үнүн укса ыйлап иймек. “Деги тынччылыкпы?” деп Улан байкесине улам-улам чалып, сүйүктүүсүнүн жоругуна түшүнө албай бушайман. Жаныбек менен сүйлөшүп гана жооп алып турган. Үйдө Тумардан башка эч ким жоктугун билген Улан кирип кирбей жатып:
– Тумар, ыйык тумарым менин. Кайдасың?
Бул сөздөргө канчалык эрип, чуркап барып мойнуна асылгысы келип турганына карабай өзүн карманып, Тумар бөлмөсүнөн чыкпай отура берди.
– Ой, сен бул жакта белең? Үнүңдү чыгарбаганыңдан үйдө жок окшойт десем. Эмне болгон сага, кабагың да суз?
– Улан, мен сага ишенип, түбөлүккө сендик болууга макулдугумду берип, сени менен жашыруун болсо да баш кошууга бардым. Эми мына ачыкка чыгып, элдин батасын алып той бергени турганда гана сенин эмне иш кыларыңды башка бирөөнүн оозунан угуп жатам. Деги оюң кандай, эмне пландарың бар, айтчы? Келечек туурасында ой жүгүртөсүңбү?
– Токтой турчу. Бирден берсең, суроолордон башым адашып кетти. Эмне иш кылат экенмин?
– Баңгизаттарын сатып жан багат турбайсыңбы?!
– Ха-ха... Муну сага Жаннат жеңем айтып жүрөбү?
– Ооба, мунун эмнеси күлкүлүү?
– Мындай сөздөрдүн айтылышын күтүп эле жүргөм. Келчи, жаныма отурчу, экөөбүз сүйлөшөлү. Эгер бул сөздөр чындык болсо, сага буга чейин эле өзүм айтып бермекмин. Андай эмес болгондугу үчүн айтпагам. Анын үстүнө бул биздин келечекке, экөөбүздүн мамилебизге терс таасирин деле тийгизе турган нерсе эмес. Ошол себептен билбей деле койгонуңду туура көргөм. Эми анча болду айтып берейин. Мен эч кандай баңгизат менен соода кылган эмесмин. Жеңем сага баңгизаттар жөнүндө айткан экен, бир баланы бычактап салган деп да айтса керек?
Ооба, айтты баарын.
– Орусияда иштеп жүргөндө бир балдар менен уруша кетип, мага бычак көтөрүп жулкуна бергенинен мушташып жатып жыгылып калдым. Ал бала мени өлтүрмөкчү болгондо коргоном деп бычагын тартып алып, ачуум менен сайгылап салыптырмын. Бирок Кудай сактаптыр, тиги бала аман-эсен ооруканадан чыккан. Бул маселеден кутулуу үчүн көп эле каражатка түшкөм. Кийин ал балдар менден өч алуу үчүн байкатпай чөнтөгүмө баңгизатын салып кетишип, атайын карматышты. Бул жолу бир туугандарымдын жардамы менен чоң суммадагы акча берип жатып эркиндикке чыккам. Баңгизатын ошондо бир көргөнүм болбосо, дегеле тааныш эмесмин.
– Чынбы? Кантип эле?
– Ананчы. Кудай сактасын дечи, бирок жеңемдин айткандары чын боло турган болсо, экөөбүз таанышмак да эмеспиз. Мен эбак эле темир тордун ары жагына кетмекмин. Улан менен Тумар жолугушуп, бир бүтүнгө айланбай калмак.
– Жаннаттан бул сөздөрдү уккандан бери жанымды коёрго жер таппай калдым. “Эгер чын болсо эмне кылам? Андай арам ишке барган адамга турмушка чыгып алсам, келечекте кандай өмүр сүрөм?” деген суроолордон арыла албай түн уйкум качты.
– Сен да кызык экенсиң. Жеңем экөөбүздүн үйлөнүшүбүзгө каршы экенин билет элең го? Өзүң айтпадың беле, “караманча каршы болуп жатат” деп. Анын үстүнө өлөм деген жаман ойго чөмүлүп алып, өзүн-өзү кыйнап жатат байкуш жеңем.
Экөө көпкө баарлашты. Тумарга адал иш менен гана оокат табарын, андай жаман иштерге барбасын айтып ишендирди. Экөөнүн андан аркы маеги тойго кам көрүүгө өтүп кетти. Тумар үч күндүк таарынычтын баарын унутуп, Уландын ийинине башын жөлөгөн бойдон жүрөгү жылый отуруп калды. Ичинен курбусунун айткандарынын баары жалган кеп болуп калганына Кудайга ыраазычылыгын билдире, оор үшкүрүнүп койду.

ххх

Күндөр өтө берди. Жаннат бир күнү Уланды Тумарга жамандаса, бир күнү Тумарды Уланга жамандап, экөөнүн ортосун суутууга аракети күч. Сүйүшкөндөр Жаннаттын эмнени көздөп жатканын түшүнүшүп, жөн гана аны угуп койгондору болбосо, сөздөрүнө маани деле бербей калышкан. Акыркы мүнөттөргө чейин “экөөңөрдүн баш кошууңарга баары бир жол бербейм” деген Жаннат үйлөнүү той башталганга чейин күрөштү. Акыры айла жоктон тагдырга моюн сунуп, эки жашка бакыт тилеп отуруп калды. Бирок баары бир балдарын ойлоп жан дүйнөсүн куюн аралап турганы турган.
Көптөн күткөн той күнү да келип жетти. Самат менен Айжамалды татына кийинтип коюшкан. Той өтүп жаткан залда экөө куушуп ойноп жүрүшөт. Кубанычтарында чек жок. Улан менен Тумардын тою болорун уккан күндөн бери эле бул күндү чыдамсыздык менен күтүп жүрүшкөн болчу. Анан да Улан экөөнө “эми мындан ары Тумарды эже эмес, жеңе деп айтасыңар” деп үйрөтүп койгон. Ошондон бери жеңелеп жанынан чыгышпайт. Чакырылган коноктордун баары келишкен. Маараке ойдогудай өтүп жатты. Бир гана Жаннаттын тойго келбегендиги өкүнүчтүү.
Кызынын көздөрүнөн бакыттын нуру чачырап тургандыгын көргөн апасы, бир туугандары бир сыйра жашып алышкан. Анан да апасы кубанганынан улам-улам эки жаштын жанына басып келип, күйөө баласы менен кызынын маңдайынан сүйүп, түгөнбөгөн тилектерин айтып, алкап-жалкап жатты. Улан тараптан келген коноктордун да кубанычында чек жок. Ошентип, той ортодон ооп калган кезде сырттан сылтып басып Жаннат кирип келди. Артынан күлүмсүрөп Жаныбек келатат. “Жаныбектин аялы Жаннаттын оорусу катуу дешет. Эмчек рагына кабылыптыр бечара. Доктурлар “аз эле өмүрү калды” деп ачык эле айтып коюшуптур. Шордуу таптакыр эле төшөктөн турбай калыптыр” деген аңыз кептер туугандар арасында терең тараган эле. Бул сөздөрдү уккан киши Жаннатты бүгүн тойдон көрөм деп ойлогон эмес. Андыктан залдын ичи дуу боло түштү. Кыязы, баары бири-бирине “Жаннат келди. Төшөктөн тура албай калыптыр дебеди беле?..” деп жатышса керек. Бүгүн анын өңү суктанарлык. Жаннат атайын тойго камынып апакай көйнөк кийип, чачын жасалгалап, боёнуп да алыптыр. Оорусуна эрте күндө моюн сунуп алган Жаннат көптөн бери өзүн таптакыр каранбай койгон болчу. Анын ошол “оорукчан” жүзүнө көнүп калган Самат, Айжамал, Улан, Тумар бир чети таң калып, бир чети суктанып, кубанып карап турушту. Балдары апалап алдынан тосо чуркаган бойдон жөнөштү. Ал тургай Улан менен Тумар ордуларынан туруп Жаннат тарапка бет алышты. Тумардын көз жашы тыйылбай, курбусу менен кучакташкан бойдон бир топко турганы көпчүлүктү да жашытып жиберди көрүнөт.
– Келгениң үчүн чоң рахмат сага.
– Эч нерсе эмес, бүгүн кантип келбей коймокмун?!
– Рахмат, рахмат сага. Карачы, канча деген коноктор, бирок ушулардын арасында сенин жоктугуң кадимкидей сезилип турган. Эми менин телегейим тегиз болду.
– Бактылуу болгула.
Той бүткүчө коноктор да, жаңыдан баш кошушкан Улан менен Тумар да кубанычтын шарында көңүлдүү отурушту. Акыры эл тарап, жаш жубайлар үйдү көздөй бет алышты.
– Тумар, эми сен менин жашоомдун маңызысың. Үйүмдүн куту, жанымдын тумарысың. Болочокто балдарымдын энесисиң. Сени тапкан бактыма ыраазы болуп турам бүгүн. Экөөбүз бактылуу болобуз.
– Сөзсүз бактылуу болобуз.

(Уландысы кийинки сандарыбызда)

Айнура Болот кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Aleesia
2012-06-11 10:57:27
Baary jakshy bolup jatat jakshylyk menen ele butso eken ,Jannat aiygyp ketse eken dep tilenip jatam.
0
Elit
2012-06-11 14:24:08
Автор сураныч Жаннатты айыктырып эле койчу.
0
KG.aiba
2012-06-12 01:37:42
Baary ele aman esen bolup butso eken!!!
0
ledi.asfira
2012-06-12 13:19:06
Жаннат балдарынын пешенесине айыгып кетсе экен
0
pono4ka
2012-06-15 19:37:04
Жаннат созсуз айыгат. Бул орустардын чыгармасы.
0
Venita
2012-06-16 00:11:51
Ой жакшы эле бутот да аягында жомоктогудай бары жыргап, кунап бактылуу жашап калышат!!!
0
Dina_85
2012-06-16 13:29:09
Балдарынын бактысына Жаннат аман болсун!
0
Kana89
2012-06-16 19:12:40
Жанат айыгып кетсе экен,суперчилер коптон жазгылачы. Чыгарманын аягы кызыктуу болуп жатат. (ава налриМ)
0
№ 501, 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан