ОШ ОКУЯСЫ КҮБӨЛӨРДҮН КӨЗҮ МЕНЕН

“Кыргыздар тургула, чатак башталды!” деген түндөгү кыйкырыктан чочуп ойгондум. Студент болчумун. Ооба, коркунучтуу түштөгүдөй күтүүсүз болду дебейм. “Кыргыз-өзбек жаңжалы чыгышы мүмкүн” деген күбүр-шыбыр кептер айтылып эле жүргөн. Бирок каргашаны ким эле кааласын, эки улут чын эле чабыша кетет деп ойлогон эмесмин. Бир түндө шаар ичи дүрбөлөң түшүп, миңдеген шордуунун көз жашын агызган каргашалуу окуя башталып кетти...
Адегенде ишене албадым. Окуяны жон терим менен сезип, качан гана шаарды таштап чыгып баратканда артта калган алакандай Ошту карап туруп, “оңой менен унутулбас иш болду“ деп сүйлөнүп алдым. Чатырсыз аңырайган үйлөр, капкара ыш баскан дубалдар менден алыста калып баратты.
Ошол окуяны мен жана кесиптешим Уулбү баштан өткөрүптүрбүз, эскербей коё албадык.

АВТАНДИЛ ДОБУЛБЕКОВ: “БИР ТҮНДӨ ОШ ТААНЫЛБАЙ КАЛДЫ”
– Карапайым бечара калк, ак калпактуу кыргызы да, чаар топучан өзбеги да бир ууч гана арам ниеттүү, чагымчыл адамдардын куралына айланып кала бергенин кийин түшүндүм. Анча-мынча жеке таарыныч, пикир келишпей жакалаша кеткен майда-барат көрүнүштөр болуп келгени менен, массалык түрдө майданда кылычташат дегидей деле кырдаал байкалган эмес. Канча жылдан бери бул эки улут эшиктеш жашап, базарда соодасы, талаада эгини, мечитте жайнамазы бир эле. Чагымчылдардын айынан эки эл бири-бирине кол көтөрүүгө аргасыз болду. Кечээги өзбек коңшулар үйүн таштай качып, өзбектер көп жайгашкан аймактарга кирип кетишти. Өзбектердин арасында жашаган кыргыздардын качып чыгууга үлгүргөнү да, ошол бойдон дайынсыз кеткени да бар эле. Элдин маанайы бузулуп, ары-бери өткөн унаалар токтотулуп, текшерилип жатты.

“5 КЫЗДЫ ТАЛГА АСЫП КОЮПТУР ДЕСЕ...”
– Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичирайонунда турчумун. 10-июнь. Бычакташуу биздин аймакка жетпегени менен, түн кооптуу өттү. Шаардын башка аймактарындагы уруш-мушташ тууралуу үрөй учурган маалыматтар келип жатты. Таң атып, баары белгилүү болду, тарсылдаган мылтык үндөрү жаңырып, шаар үстүн каптаган түтүн, эки элдин жигиттеринин жүзүндө жек көрүү сезими чегинен ашып турду. Анан адамдын оюна келбес шумдуктуу сөздөр тарады. Түшкө маал болчу, шамалдай учуп келген, айнектери караңгылатылган унаадан бир жигит башын чыгарып, “бул жерде эмне турасыңар жалдырап?! Тигил жакта (бир көчөнүн атын айтты, эсимде жок) 5 кыргыз кызды өзбектер талга асып коюшуптур! Баргыла ошол жакка!” деди да, зуу койду. Балдар топтолуша калышкан. Аңгыча бир киши жаныбызга келип, “балдар, мен азыр эле ошол көчө менен келдим. Асылган кыздар жок, барбагыла” деди. Мындай чагымчылдык аракет мен көргөн 5 күндүн ичинде көп эле жолу болду. Ал тургай шаардан айылга жөнөп жатканда да “Фуркатта шаардан чыккан ар бир машинаны өзбектер аткылап жатышыптыр. Мага азыр эле бирөө айтты” деп жакын досум мени менен чогуу кетүүдөн баш тартып, кала берди.

“МЕНИН КОҢШУМ БОЛОТ, ТИЙБЕГИЛЕ!”
– Биз турган жердин үстү – Он-Адыр, мында дээрлик өзбектер отурукташкан. Чогулгандар канчалык жаалданып “шаардын атышуу болуп жаткан жагына барып, кыргыздарга дем-күч берели” деп турушканы менен, "ошол адырдан өзбектер түшүп үй-жайды басып калбасын" деген ойдо кете алышкан жок. 11-июнь күнү саат 8-9дар болчу. Биз турган жерге Тико унаасы келип токтоп, ичинен бир өзбек эркек аялы менен түшүп, дүкөнгө кирмекчи болуп калды. Эч нерседен кабары жок экен. “Тигил жакта кыргыздар кырылып жатышса, мунун кенен жүргөнүн кара!” дешип, жаны кашайып араң турган жаштар жабыла тепкилеп калышты. Аңгыча биз тараптан бир киши жетип барып ажыратып калды. Көрсө, коңшусу экен. “Тийбегиле, эртеңки күнү бет карашпай калабыз” деп аны унаасына салып жөнөтүп жиберди. Унаасынын айнектери эчак талкаланып калган болчу. Эмне болуп кеткенин түшүнбөгөн боюнча узап кетти. Көп өтпөй ал кеткен тараптан бир бала “азыр бул жактан барган Тиконун ээсин кыргыздар тосуп алып чала жан болгуча сабап, анан ооруканага жөнөтүштү” деп келди.

“ӨЗБЕК ДОСТОРУМ ТЕЛЕФОН ЧАЛЫШЫП...”
– Жаңжалдын артынан шаардагы Кыргыз-Өзбек университетинин өрттөнүп кетишине аз калды. Талашсыз, бул окуу жайда өзбек студенттер көп болчу. Ээликкен жаштар өрттөп жиберерде ал жерде билим алып жаткан кыргыз студенттер, айрым окутуучулар кол тийгизбей сактап калышты. Ал эми жатаканада жашаган өзбек студенттерди эки күн бою жатакананын жер төлөсүнө жашырып, атайын аскердик топ келип чыгарып кетти. Өзбек курсташтар же жөн гана алака түзүп жүргөн тааныштар телефон чалышып, “мени жек көрүп жатасыңбы? Беш кол тең эмес, мурункудай эле бойдон калалы” дегендер да болду.

ДҮКӨНДӨР ЖАБЫЛЫП, ЖЕГЕНГЕ НАН ЖОК
2 күн дүкөндөр жабылганда кадимкидей азык-түлүк тартыштыгы чыкты. Дагы жакшы, кыйын күндө кол сунган кыргыздын кең пейилдиги жеңип, жер-жерлерден келген гумжардам билгизбей багып турду. Ыңгайы келип, ары-бери чапкылаган унаалардын бирине тыгылдым да, шаардын кыргыздар жүргөн айрым жерлерин көрүп келүүгө үлгүрдүм. Өрттөнгөн унаалар, кандын издери... Сөөктөрдү көргөнгө даабадым, өмүр бою көз алдымдан кетпес болуп калбасын деген ой кетти. Бул эми чети гана. Бүтүндөй дүйнөнү караткан Ош окуясы тууралуу айтчу сөз көп, дагы бир учуру келгенде айтылар.

Уулбү Каныбекова:“КЫРГЫЗДАР БАРБЫ, ЧЫККЫЛА КӨЧӨГӨ!”
– 10-июнь. ОшМУнун жатаканасында жашачумун. Кечки саат 11ден өтүп калганда биз менен жашаган бир кыз көздөрүн алаңдатып кирип келип, “4-кабатка чыгып отурат экенбиз” деп айтып, себебин түшүндүрбөстөн кайра чыгып кетти. Биз 1-кабатта жашачубуз. Коридорго чыксам, балдар тапырап ары-бери чуркап жүрүшүптүр. Бир группада окуган бала келип, “истфак, физматтын жатаканаларына өзбектер кол салышыптыр. Азыр биз жакка келе жатышат экен. Кыздардын баарын чогултуп, 4-кабатка чыккыла. Ыйлап, ата-энелерине телефон чалып ызы-чуу чыгарбай турушсун” деди.
Ар бир бөлмөдө 10-15тен кыз, жарыкты өчүрүп, кучакташып отурабыз. Эркек балдар колдоруна темирлерди кармап жатакананын эшигин бекитип, босогодо турушат. Топтошкон балдар бир аркы балконго чуркашса, кайра"алды жакка өтүштү" деп алдыңкы балконго чуркашат. Аябай ызы-чуу болуп, октун үнү жаңырып жатты. Кыргызстан көчөсүнөн “Кыргыздар барбы, чыккыла көчөгө?!” деген заардуу үндөрдү укканда жүрөгүбүз жарылып кетчүдөй болуп согот. Кудай жалгап, биздин жатаканага бастырып киришпеди. Коркконубуздан уйкубуз качып, таң атканча отурдук.

“ЭРТЕСИ...“
– Көчөгө чыгып келишкен эркек балдар шаардагы соода үйлөрү талкаланып, буюмдар тонолуп жатканын, көчөлөрдө адамдар өлүп жатканын айтып келишти. Ата-энелер айылдан телефон чалышып, ызы-чуу башталды. Кээ бир студенттер туугандарынын үйлөрүнө, айылдарына кетип жатышты. Алыскы облус, райондордон келгендер эле калдык. Дагы эле шаардын борбордук бөлүгүндө октун үнү токтобойт. Вахтада отурган өзбек аялдын иниси каза болгондугу туурасында кабар келип, ал бир жактан кыйкырып ыйлап отурат.
12-июнь күнү “даярдангыла, аскерлер келип, бизди обладминистрацияга алып кетет экен” деген команда берилди. Бир оокумда 5-6 аскер бизди алып кеткени келди. А биз 300дөн ашуун студентпиз. Ортого индиялык, пакистандык студенттерди тизип, алардын четине кыздарды алып, өзүбүздүн студент балдар темир таяктары менен обладминистрация тарапты көздөй алып жөнөштү. Шаар кейпинен кетип талкаланган, машиналар жол четинде аңтарылып, күйүп жатат. Коркконубуздан бири-бирибиздин бутубузду тебелеп, кээ биринин бут кийимдери калып кетип жылаңаяк баратышты...
Администрациянын чоң залында 2 сааттай отурдук. Баарыбыз ачкабыз. Колубузда суудан башка эч нерсе жок. Бир убакта “шаар четине, ОшТУнун жатаканасына барасыңар” деп баарыбызды шаардын четине жөө алып жөнөштү. Жолго чыкканыбызда артыбыздан танк келе жаткан экен, “жолдон качкыла!” деген үн чыкса, айрым кыздар чыңырып, жол четине качып барып жерге жатып калышты. “Өзүбүздүкүлөр, коркпогула” деп жатып кайра кайтардык. Фрунзе көчөсүнө бурулганыбызда эл топтолуп туруптур, бизди көрүп “кыргыздар, кыргыздар” деп бакырышат. Жаныбыздан унаа менен бир топ балдар желек көтөрүп, “кыргыздар” деп болгон үндө кыйкырып жатышты. Топ элдин арасына келгенде бизди аралап өтүп, индиялык, пакистандык балдарды уруп калган жигиттер да болду.
Дүкөндөрдө самын менен тамекиден башка эч нерсе калбаптыр. Бир аз азык-түлүгү бар дүкөнчүлөр товарын үч эсе кымбаттатып алышкан. Кайдан мал алып келгени белгисиз, мугалимдер студенттердин кардын тойгузуу үчүн күндө эт менен күрүч кайнатышат. Студенттер болсо баштыктарын көтөрүп, унаа келсе эле кетебиз деп эшиктин алдына отуруп алышкан. “Киргиле, Он-Адырдагы өзбектер ок атуусу мүмкүн” деп мугалимдер баарыбызды жатаканага киргизишет. Жакынкы райондордо жашагандар да жардам алып келген КамАЗдар менен кете башташты. Жатаканада студенттердин басымдуу бөлүгүн жалал-абаддык жаштар түзүп калды. Себеби ал учурда Сузакта Ош менен Жалал-Абадды туташтырган жолдо катуу уруш болуп жаткан эле.
Ошентип, 18-июнга чейин жатаканада жашадык. Атам райондук коргоочу топ Ошко келе жатканын, обладминистрациянын алдынан бизди алып кетерин айтты. Эжем экөөбүз жетелешип, алаңдап эки жакты каранып көчөгө такси тоскону чыктык. Бир унаага отуруп белгиленген жерге келип, туулган районубузду көздөй бет алдык. Атам күтүп турган экен, ошондо гана көзүмдөн жаш кетти. Бизди тоо жүрөктүүлүк менен коргогон жатаканадагы студент балдарга аябай ыраазымын. "Бирге болсок, бизди эч ким жеңе албайт" деген сөздү ишенүү менен айта алам. Ошол окуядан кийин бийлик, жетекчилерден эч нерсени үмүт этпеген, аябай улутчул, эл, мекен үчүн өлүмгө да башын сайган жаштар көбөйдү.

Бул алааматтын айынан жок жерден жабыркап, моралдык, материалдык чыгым тарткандар миңдеп саналат. Алардын бирине кайрылып ошол кездеги кырдаал тууралуу сүйлөштүк.

Жайлообек Ыманкулов:“ЖАҢЫ АЛГАН УНААМДЫ ӨРТТӨП САЛЫШКАН”
– 10-июнь күнү кечки саат 21:30дарда жумуштан чыгып, ХБК кичирайонуна баргам. Кайтып жолдо келе жатсам, Кыргызстан көчөсүндө кыргыз балдар жолду тосуп, “чатак башталып кетти, өткөнгө болбойт” дешти. Шаардык соттун жанында туруп калдык.
Түнкү саат бирлерде "Кашкар" кафесинде иштеген кыргыз кыздар качып келишти, бирөөсү терезеден качып чыгам деп айнектин сыныгына колунун күрөө тамырын кестирип алыптыр. Балдар ал кыздарды менин унаама салышып, облустук ооруканага жөнөдүм. Барсам, оорукананын алды толо эл. Өзбектер экен. Унааны талкалап салышты. Артка кайтып, кыздарды башка ооруканага алпармай болуп, “Үй тиричилиги” аялдамасынан өтө бергенде алдыда турган топ караан көрүндү. Кыргыздар го деп ойлоп өтүп кетем дегем, өзбектер экен. Жабылып калышканда машинадан качып чыгууга жетиштик, жан таттуу экен. Унаа сатып алганыма аз эле болгон, өрттөп салышты. Ага кейибедим, бейкүнөө адамдардын өлгөнүнө кейидим, ошондой алааматтан аман калганыма шүгүрчүлүк кылдым.

ҮЙЛӨР ГО БҮТТҮ, ЖАРААТ БҮТТҮБҮ?
Кандуу окуяда үй-жайсыз калгандар үчүн өкмөттүн куруп берген көп кабаттуу үйлөрү бүттү. Бөлүп берген акча менен айрым жыртыктар бүтөлгөндөй да болду. Кирип-чыгып эзелки коңшулар тиричилигин улантып жатышат. 2 жыл өтсө да, ошол учурда дайынсыз жоголуп кеткен 8 адамдын сөөгү дагы деле табыла элек. Эң башкысы, 2 жылдан бери “мына ушул баштаган, эң негизги күнөөлүү ушул!” деп кармап келип, сот жообуна тартуу сыяктуу аракеттин жоктугу өкүнүчтүү. Башкы күнөөлүүлөр Кадыржан Батыров баш болгон чагымчылдар сырттан соттолуп, ээн-эркин чет өлкөдө жүрүшөт. Башкы прокуратура болсо көпчүлүк өлкөлөр менен келишимдин жоктугунан кармалбай жатканын айтып алакан жайды.
Кечээ жакында парламентте “Ош шейиттери” коомдук уюмунун жетекчиси депутаттарга: “Ош окуясынын аягына силер чыкпасаңар, силерден кийинкилер чыгат. Аксы окуясы 10 жыл өтүп, өз баасын алды. Мына, тарых ордуна коёт бекен? Ош окуясы да кези келгенде өз баасын алат”,- деди. Өткөн өттү, кеткен кетти, эми мындай каргашаны болтурбоого жапа тырмак кам көрүү гана калды.

ЭЛДИН ЭСИНДЕ КАЛАТ
Жай турмушта акылдуу сүйлөп, патриот көрүнгөн бир далай атка- минерлер Ош окуясы болуп жаткан учурда кадам таштап барууга даай алышпады. Туура, алар деле колунан келген иштерин жасашты дейли. Тынчтыкты орнотуу үчүн салым кошушту, бирок алардын түштөн кийинки жардамы кан жутуп, кыйналып турган оштуктардын көзүнө көрүнгөн жок. Андыктан ошол күндөрү жанды калкалап жатып албай, келип “алың кандай, кыргыз?” деп, жардам берген уул катары Камчыбек Ташиев өңдүү азаматтардын аты алардын оппоненттери каалайбы, каалабайбы, ошол каргашалуу күндү көргөн элдин эсинде кала берет.

Камчыбек Ташиев, ЖКнын депутаты: "КЫРГЫЗДЫН БҮТҮНДҮГҮ ҮЧҮН ОШКО БАРГАМ"

– Саясатчылар каргаша болуп жаткан жерлерге баргандан чочулашат. Кандуу алааматка сизди эмне жетелеп барды?
– Кыргызстандын бүтүндүгү. “Өзбектер кыргыздарды шаардан кууп чыгып жатышыптыр” деген кооптуу маалыматтар келген. Көпчүлүк жерде биринчи сокку өзбектер тараптан болгон. Ошону токтотуп, кыргыз тарапты гана эмес, кыргыз элинин тынчтыгын, бүтүндүгүн сакташ үчүн ошол жерге барууга туура келди. Өзбек сепаратисттеринин кыргыз элине көтөргөн колун кайрып, аларды кыргыз мамлекетинен кууп чыкканга толук күчүбүздү жумшадык. Бул кылган жумушум үчүн мен ар дайым сыймыктанам.

– Өзүңүз коркунучта калган учур болдубу?
– Сөзсүз болду. Мен ошондо кийип жүргөн спорттук костюмумду сактап койгом, азыр үйдө турат. Ошол кийимдин алды жагында октун тешип өткөн орду калган. Мага ок жаңылышына эки-үч гана миллиметр жетпей калган.

Курсан Асанов, ИИМдин орун басары: "ТЫНЧТЫК БОЛБОСО, МАНСАБЫҢ БИР ТЫЙЫН ЭКЕН"
Бул инсан Ошко комендант болуп дайындалып, шаардагы кооптуу кырдаалды жөнгө салган. Анын арты менен шаар ичиндеги өзүм билемдик менен тосулган жолдор ачылып, маршруттук каттамдар иштеп, айтор, шаар калыптагы турмушуна акырындап келе баштаган.

– Ошто учурда кыргыздар менен өзбектердин мамилеси кандай? Чын эле жакшырдыбы же жасалма жол менен "жакшырды" дешип гезит-телеге чыгып жатышабы?
– Бүгүнкү күнү кыргыз эли менен өзбек элинин ортосунда бөлүнүп-жарылуу жок.
Мурдагыдай аралашып, турмуш-тиричилигин өткөрүшүүдө. Бирок ошол эле учурда достукта, ынтымактыкта жашап жатышкан элибиздин ортосуна чок салып, жалган сөздөрдү тараткан чагымчыл топтор аркылуу улуттар аралык кастыкты козгоочу маалыматтарды жана ырларды таркатуулары токтобой жатат. Акыркы мезгилде ушундай маалыматтарды таркаткандыгы үчүн укук коргоо органдары тарабынан 15 интернет-сайт такталып, соттун чечими аркылуу 9у жабылды. Калгандары боюнча иштер улантылууда. Эч кандай тынчсызданууга негиз жок. Ички иштер министрлигинин өкүлү катары Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жарандарыбыздын жеке коопсуздугун камсыз кылууга жөндөмдүү жана эч кандай улуттар аралык жана башка жаңжалдарга жол бербейт деп ишендирип кетемин.

– Кадыржан Батыров "биз, өзбек лидерлери, 10-июнь күнү Кыргызстан менен Тажикстандын чегинде болчубуз. Кийин эле "ошонун баарын уюштурушту" деп күнөөлөп чыгышты" деп маек бериптир. Сиздин комментарийиңиз?
– Ал – Кадыржан Батыровдун өзүнүн ою. Бирок К.Батыровдун Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагындагы болгон улуттар аралык жаңжалдардын башталышына себепкер болгондугу жөнүндө укук коргоо органдарында жетиштүү далилдер бар. Ошондуктан да сот тарабынан сырттан жоопко тартылып олтурат. Кармалып, мыйзам алдында жооп бере турган күн да алыс эмес деп ойлойм.

– Июнь окуясында өзүңүз курал колдонгон учур болдубу?
– Кудай жалгап, андай учур болбоду. Бирок биз тарапка карата ок атылган учурларга көп эле кабылдым.

– Ошто болгон кан төгүүдөн кандай сабак алдыңыз?
– Мен бир нерсеге ынандым. Эгер жерибизде тынчтык, туруктуулук болбосо, башка байлыгың да, мансабың да бир тыйынга татыбайт экен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
beka8585
2012-06-12 08:27:25
ошол согушту эстесем журогум титирейт сарттарды корсом кыжырым кайнайт эч качан сарттарга жакшы мамиле кылбаш керек сарттан досун болсо жанына бычак алып жур дешет ушул со туздон туз туптуура
0
saltu25
2012-06-12 12:18:52
Эшек сарттар аябай куу болушат, жеткен олумуш, жеткен кыйтыр короче суки... Байкуш кыргызым ала коодон, ак пейил, ичинде кири жок, кыргызымдан айланайын бар бол элим..
0
aika_7777777
2012-06-12 17:12:28
Чындыгында ал окуя коптогон адамдардын журогунон орун алган,менин дагы,ошол кунду эстегим да келбейт,Бизге окшогон жабыркаган студенттердин убалы кимге,таанып,бирге жургон досторун,тааныштарын бир убакта жок болуп калса,кимдин гана журогун оорутпасын, Аллахым жазасын берсин, Өзүбектен досуң болсо болсун,жаныңда кылычың кошо болсун деген эң туура сөз!
0
Gulzhan
2012-06-12 20:45:51
Ал кундор ар бир Ош шаарынын жашоочусунун эсинен кеткис кун болду го.Уруш болот экен деген создор эл арасында айтылып эле жургон,албетте ошол мезгилдеги аткаминерлер да укса керек.Бирок,урушту болтурбай,алдын ала чараларды корсо болот эле.Канчалаган балдар жетим калды,энелер кан жутуп,сыздап отуруп калышты.Президентибиздин суйлогон созун угуп калдым,буга чейинки болгон Ош окуясында мынчалык коп жардам берилген эмес деп,мен ойлом ал мезгилде мынчалык жоготуу коп болбосо керек деп.
0
Mir83
2012-06-15 10:23:31
Кыргыз елимдин ак конулдугу у.н сыймыктанам. Сарттарды оз елине жонотуш к.к. Кыргыз елимдин жашы еч качан жерде калбайт. Куноолулордун жазасын кудайым озу берсин. Паитриот ел бололу болунбойлучу.
0
timan86
2012-06-15 11:26:52
еех Баяман Баяман сиз болгондо бул сарттар мындай жолго барбайт болчу.Ташиев еми сиз буларды жок кылбасаныз башка бийликтегилер жок кылалбайт азыркы Потриот деп Ташиевти айтса болот
0
Maha_love_86
2012-06-15 12:15:31
Биз кыргызбыз!. Ар дайым Кыргызстанды колдоого, суусун сактоого даярбыз. Бизди бир да улут, бир да куч болуп жаралбайт. Потриот деп Ташиевти айтса болот. Кандуу кундордо эр журок жигитибиз элдин тычтыгын коргогон. Молодец К. Ташиев.
0
Alisher_1984
2012-06-15 13:40:22
Камчыбек Ташиев Кыргызмын деген адамдын келечегин ойлоп , ушул каргашалуу окуяда озунун эр журоктулуугун корсотту. Бар бол Камчыбек !!!
0
Nurbol
2012-06-15 13:53:48
Эч качан сарттарды актап болбойт, алар дос боюнча калабыз деп эртен эле чыгышы мумкун. бул биринчи эмес экинчи жолу кайталанып атат. озбектерди тынымсыз басмырлаш керек, оз жерибизде озубуз баш болушубуз керек. КЫРГЫЗДАР УЛУУ ЭЛБИЗ!!
0
pono4ka
2012-06-15 18:17:34
umar_kg кудай сактасын эч ким эч кимге кул болбосун. ар бир адам ар бир калк тынч жашасын. Кыргыздар менен узбектердин ортосундагы уруш кайдан чыканын бир гана кудай билет. Баары эле жакшы болуп жатып уруш болуп кетти.
0
azi.klgd
2012-06-16 03:10:01
Курсант аке, мен сизди аябай сыйлайм ,сыймыктанам,ушундай жигитттер бар экенине. жанагы сайттарды айтып кеттиниз, мен алыскы Калининградда отуруп, youtubeдан озбектердин кыргыз аксакалынын жакшынакай гана суротун коюп туруп, аябай жаман создор менен тоого айдап, шаарды менчиктеп атканын коруп кадимкидей ыйладым...
0
azi.klgd
2012-06-16 03:14:23
Мындай ураандар менен булар али тынчышы кыйын гооо. мен убагында ОшТУда озбек, кыргыз, орус балдар, кыздарга сабак бергем. Ош окуясынан кийин жакшы озбек студенттеримди издеп, группалаштарынан сурасам ,пейилдери озгоруп калганын айтышты. ишенбей, "мирден" кабатыр болгонумду билдирип кат жазсам, бир ооз созго келбеди... а мындай караганда жакшыдай эле корунгон, айтор, бул элден коркуп калдым.
0
sunflower
2012-06-17 14:25:42
Oshondo uydo kamalip jatabiz televizordu tiktep. Emne jardam kilaar eken chondor emne deer eken dep. Patriot bolumush bolgon mn bir chon sooroy basip kelgen emes. Kreslodo chalkalap gana olturup alip oshto ushunday bolup atat dep kaydiger gana aytip koyushup. El ozu basti baarin jadaganda kirgizstandin toluk kanduu armiyasi jok. Chondorubuz baari kuruk chop mn oozun maylagandar. Tekebaevdi siylayt elem. Dobush dep ozbekterge jalinganda bul dele biylik uchun et betinen ketken pende eken dep kal
0
Asul
2012-06-21 14:35:01
Бул жердеги айтылгандардын баары туура. Бирок мен айтат элем. Эр жигиттер, кыргыздын кыздары, дегеле баардык кыргыздар! Бизде мындай накыл кеп бар эмеспи: "Билеги кучтуу бирди жыгат, билими кучтуу минди жыгат" деген, анын сынарындай, кыргыз жаштары билим алгыла, билимдуу, илимдуу болгула. Онгуло, оскуло, чет тилдерди уйронгуло. Кыргыздын кандай эл экенин даназалагыла!!!!!!!!!!
0
sanya
2012-06-30 05:13:13
мамлекетибизге биринчиден тил саясатын киргизиш керек барысын кыргыз тил менен кана суйлой турган кылып кыргыз тилин онуктуруш керек а биздикилерчи тил билбегенин куп чыгыш керек олкодон бу озу бок курсактар саясаты тушунушобу кагаздарды и твдан коп кыргызча бериштери керек озбекстанда кыргыздар кыргыз эмес озбек болуп калышкан эми бардык маселе чондордо и элдерибизде ар бирибиз оз тилибизде суйлошубуз керек деп ойлойм а биз казакча суйлосо казакча жооп беребиз орусча суйлосо орусча жооп береби
0
№ 501, 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан