Бишкек Мамлекеттик циркинин көркөм жетекчиси Кадырбек Тажиев: «НИКУЛИНГЕ ЧУЧУК БЫШЫРТЫП ЖЕЧҮМҮН»

Өз ишин берилгендик менен аткарып, көрүүчүлөргө жарык маанай тартуулаган инсандарыбыздын бири Кадырбек Тажиев быйыл 65 жашта. Убагында эң мыкты деген атты багынткан кыргыз циркинин атчандар труппасынын мүчөсү, мыкты маскарапоз, актёр, чебер цирк режиссёру менен маек курдук.

“КҮЛҮП ТӨРӨЛГӨМ“
– Өзүм Токмоктун кулуну болом. 1947-жылы 3-июнда төрөлгөм. Апам айтат, мен төрөлгөндө ыйлап эмес, күлүп түшкөн экенмин. Төрөтканадагылардын баары таң калышып, "бул бала же Апенди, же куудул Куйручук болот го" дешиптир. Бир аз чоңоюп, басып калганымда атка аябай жакын болуп чыгыптырмын. Бир ирет айылда улак тартыш болуп жатса, барып эле аттардын ортосуна кирип кеткен экенмин. Аттар жапырт өтүп кетишип, менин бир да жерим чийилбептир. Ошондо жылкы жандыгы менин болочок кесибиме тыгыз байланыштуу экенин кайдан билдим.

“КЫРГЫЗ ЦИРКИНДЕ 47 ЖЫЛ ИШТЕДИМ”
– Тентектигимдин айынан мектептерден куулуп эле жүрөр элем. Баш-аягы 7 ирет мектеп которуптурмун. Акыры онду бүтүп, Политехникалык институттун технологиялык факультетине тапшырып, өтүп кеттим. Ал жерде окуп жүрдүм. Анан бир жылдан кийин өз кызыгуум менен цирктеги атчандар тобуна бара баштадым. Топ менен чет жактарга гастролдоп чыга баштаганда окуумду биротоло таштап, документтеримди алып кеттим. Гастролдон келгенден кийин кыргыз циркинде иштеп калдым.
Бизде атчандар абдан күчтүү труппа болчу да. Муну уккан кадимки Юрий Никулин бизге өзүнүн тобу менен кошо гастролго чыгууну сунуштап калды. Белгиленген күн да келип, биз Волгоградга жетип келдик. Келерим менен мен негедир манежге чуркап барууну туура көрдүм да, чуркап жөнөдүм. Манежге жакын калганда бир киши менен сүзүшүп кеттим. Экөөбүз тең маңдайларыбызды кармап эле туруп калдык. Бир маалда тиги мага бир көзүн кысып, “кыргыз, да?" деп сурап, "я Юра" деп колун сунду, ошол күндөн баштап Никулин экөөбүз жакшы тааныштардан болуп калдык.

“ЮРИЙ НИКУЛИН ЖЕТЕКЧИМ БОЛГОН”
– 1981-жылы ГИТИСке тапшырам деп сынакка даярдана баштадым. Сынак берчү күн да келди. Актёрдук чеберчилик боюнча комиссияда Никулин отурат. Мени чакырары менен эшикти ачтым да, колдорум менен басып барып ырдап- бийлеп бердим. Сценарийге, режиссурага, актёрдук чеберчиликке деп үч "5" коюшуп, мен Никулин жетектеген курста окуп калдым. Цирктин режиссёрлугу адистиги боюнча окуп, аны жакшы аяктадым. Бул кесип боюнча Кыргызстанда менден башка эч кимде диплом жок.
Ошол кезде Кыргызстанга келген сайын чучук, казы-карта алып барар элем. Экөөбүз анын үйүнө барып бышырып, чогуу жечүбүз, чиркин. "Чучукту жарылат деп ийне менен чеккен туура эмес" деп эки башындагы байланган жеринен желин чыгарып бышырчу ал киши.

“КЕЛИНЧЕГИМДИ АПАМ ТАПКАН“
– Бир күнү апам "сен канчага чыгып калдың?" деп сурайт. "Апа, бир айдан кийин 31ге толом" дедим. "Мени апа десең, тилимди алсаң, кайгырбаса, көпкө жашаса десең, мен айткан кызды аласың" деп калды, дароо макул болдум. "Бирок бир талабым бар. Мен чет өлкөдө көп жүргөндүктөн, кыргыз кызынын жүзү деп ээрчитип жүргөнгө өңү сулуу, бели ичке, буттары түз, бою узун болушу керек" дедим. Ошентип, апам эртеси таңкы саат алтыда мени ээрчитип алып өзүнүн төркүнү тарапка жөнөдү. Барсак, алдын ала айттырып койгон экен, кыздарын ээрчиткен энелер көп эле келишиптир. Алардын арасынан келинчегим Клараны тандап алгам. Кайненеме "кызыңыз менен таанышсам болобу?" деп түптүз эле айткам.
Клара экөөбүз таанышкан сааттан тартып эки сутка уктабастан ээрчишип жүрдүк. Киного бардык, сүйлөштүк дегендей. Акырында "менин келечектеги балдарымдын апасы бол" деп сунуш киргиздим. Макулдугун берип, экөөбүз үйгө кирип барсак эле апамдар таң калып калышкан. Колуна кармап алып сандыгынын ачкычын издеп жүрөт. Акыры таап, сандыктагы жүз чакты жоолуктун ичинен бирди тандап келинине салганы эсимде. Клара экөөбүз азыркы күнгө чейин эриш-аркак күн кечирип келебиз. Ортобузда бир уулубуз, эки неберебиз бар. Кудай кут кылып, 65тин кырын ашып турам.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кадырбек Тажиев: "Никулинге чучук бышыртып жечүмүн" (2-бөлүк)
Кадырбек Тажиев: "Никулинге чучук бышыртып жечүмүн" (1-бөлүк)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mira.24.
2012-07-01 18:56:48
Ар дайым кулку тартуулаган адамды эч ким ойлобосо керек кайгырат деп.
0
№ 501, 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан