Элибиздин келечеги, түркүгү болгон балдарды 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктап, акция уюштурган элек. Акциябызга алдын ала пландалгандай эле белгилүү жылдыздар менен балдар сүйгөн мультфильмдердин каармандары катышып, кичинекейлердин көңүлүн көтөрүштү. Айта кетчү нерсе, акцияны уюштурууга Биринчи Май райондук акимиаты чоң көмөк көрсөттү.
БАЛДАР КҮНҮНӨ АРНАЛГАН АКЦИЯ
Бул күнү шаар тургундарынын дээрлик көпчүлүгү кичинекей чүрпөлөрүн шаардын так борборунда жайгашкан сейил бакка жетелеп жөнөшөт эмеспи. Мунун айынан Панфилов атындагы сейил бакка барчу жолдордо машиналардын тыгыны пайда болуп, биз белгилеген жерге конокторубуздун көпчүлүгү кечигип келип жатышты. Элдин көптүгү ушунчалык, акциябыз старт ала элек туруп, сахнанын тегерегине адамдар чычкан аралагыс тизилип калды. Ал тургай сахна бетин да жаш балдар бербейт. Жолдогу тыгындан, андан соң элдин тыгынынан араң суурулуп келген ырчы Гүлзинат эжебизди таппай калып, таарынтып алдык. Ошентип, акциябыз старт алып, алпаруучулар оюндарды уюштура башташты, жеңүүчүлөргө белектер берилип дегендей. 1-июнда күн да бир башкача ысыды, чиркин. Ошол ысык аптапка карабай чекесинен тер кете кыдырата тизилип, көрбөсө да үнүн укканына кайыл көрөрмандарга ыраазычылык билдиребиз.
“Мадагаскар” мультфильминин каармандары оюндары менен, ырчылар ырлары менен, цирктен келген коноктор өз өнөрлөрү менен балдардын купулуна толуп турушту. Балдардын көңүлүн көтөрүү үчүн топтолгон жылдыздар: Гүлнур Сатылганова, Анжелика, Омар, Арсен, Алекс, Добр, Азамат Исмаилов жана Назира Айтбековалар фотоаппараттарды колго кармай эл аралап жөнөштү. Бири балдарды сүрөткө тартып жатса, дагы бири кичинекейлер менен эстеликке сүрөткө түшүп жүрөт. Ал учурда балдарга балмуздак менен бадырактар таратылып жатты. Айта кетпесек болбос, ата-энелер кичинекей балдарды чыркыратып тепселеп келип эле колубуздан таттуулар менен оюнчуктарды жулуп кетип жатканына кейидик. Бул көрүнүш ырчылар тарткан сүрөттөрдү ошол жерден чыгарып, балакайларга таратуу планыбызга бөгөт болду. Андыктан сүрөттөрдү редакциябыздан эле чыгарып, таратууну туура көрдүк. Баса, урматтуу ата-энелер, балдарыңыздарды ырчылар сүрөткө тарткан болсо же алар менен чогуу сүрөткө түшкөн болсо, 11-июнь күнү саат 17:00дөн 18:00гө чейин редакциябыздан алып кетсеңиздер болот.
Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg