САРА ЖЕССИКА ПАРКЕР

Голливуд актрисаларын эстегенде дароо эле узун бойлуу, куурчактай келбеттүү, кымча бел айымдар көз алдыга тартылат. Бирок арасында мындай талаптарга жооп бербеген, катардагы айымдардан өзгөчөлөнбөгөнү бар. Ал картаң көрүнүүдөн коркпойт жана башкалар сыяктуу жашарууга жан үрөбөйт. Анысына карабай ал көпчүлүктүн сүймөнчүгү. Бул – актриса Сара Жессика Паркер.

БУТ КИЙИМДИ КОЛЛЕКЦИЯЛАГАН САРА ТУУРАЛУУ

Туулган жылы – 1965-жыл, 25-март.
Кичи мекени – Огайо штаты, Нельсонвилл шаарчасы.
Кесиби – Актриса, продюсер.
Тасма аянтында – 1984-жылдан бүгүнкү күнгө чейин.
Үй-бүлөсү – 1 уул жана эгиз кыздардын энеси.
Сара – Сологой.
Кайрымдуулук иштери менен активдүү алектенет.
Голливудда көп гонорар төлөнгөн актриса катары белгилүү. "Форбс" журналынын изилдөөсү боюнча, жылына 30 миллион доллар киреше табат.
2005-жылы “MAXIM” журналы “Дүйнөнүн эң сексуалдуу эмес айымы” деп тапкан.
Иудаизм динин карманат жана йога менен алектенет.
Актриса 5 жылдан бери “BITTEN” деген аталышта кийимдер жана аксессуарлар коллекциясын чыгарып келет.
Туфлилерди коллекциялайт. “Manolo Blahnik” фирмасы анын урматына “SJP” деген аталышта бут кийим чыгарган.

Саранын жаш чагы көп балалуу үй-бүлөдө өткөндүктөн, кийим-кечелер тартыш болчу. Чоңдордун кийимин кийип чоңойгон Сара жаш кезинде татынакай көйнөктөргө кызыгып, ошолорго өңдөш бут кийимдүү болууга ашыкчу. Бул кыялы минтип белгилүү актрисага айланганда орундалып, “Чоң шаардагы секс” сериалындагы Керри Бредшоунун образы аркылуу да белгилүү. “Каражатым жетип турганда мен эч качан мага жагып турган бир дагы түгөй туфлиден баш тарта албайм” дейт бут кийимдерге болгон сүйүүсүн жашыра албаган актриса.

ИЙГИЛИКТҮҮ ТАСМАЛАРЫ:

“Кыздар көңүл ачкылары келет” (1985)
“Лас-Вегастагы бал айы” (1992)
“Эд Вуд” (1994)
“Алгачкы жубайлар клубу” (1996)
“Чоң шаардагы секс” (1998-2010)
"Мен анын муну кантип жасап жатканын билбейм" (2011)
“Лавлейс” (2012) жана башкалар

АРАКЕТЧИЛ САРА
Болочоктогу актрисанын балалык чагы көп балалуу үй-бүлөдө өткөн. Саранын ата-энеси ажырашып кетишкенден кийин апасы 4 баласы менен экинчи ирет турмушка чыгат. Өгөй атасынын да 4 баласы болгондуктан, эми Сара 7 бир туугандуу болот. Жаш кезинен эле тырышчаак актриса эң престиждүү мектепте окуп, окуусу менен чогуу балет, бий жана Бродвей театрында да окуй баштайт. Ошентип, 11 жашында пьесаларда роль жаратканга үлгүргөн кичинекей, тармал чачтуу, сүйкүмдүү, жагымдуу жылмаюусу бар Сара актрисалык карьераны тандап алып, теледолбоорлорго, сериалдарга тартыла баштайт.
Анын биринчи ролу “Кыздар көңүл ачкылары келет” тасмасында ийгиликтүү жаралат. Андан кийин эле ага олуттуу фильмдерге сунуштар түшөт. Ал Николас Кейж, Брюс Уиллис жана балалыктагы кумири Вуди Аллен сыяктуу белгилүү актёрлор менен биргеликте киного тартылууга жетишкен.

“ЧОҢ ШААРДАГЫ СЕКС” 4 ИРЕТ “АЛТЫН ГЛОБУСТУ” АЛЫП БЕРДИ
Ар кандай ролдорду ийгиликтүү жарата алгандыгы менен популярдуулукту багынткан Сара 1996-жылы катары менен 4 тасмада (“Алгачкы жубайлар клубу”, “Акыркы чара”, “Эгер Люси кулап түшсө”, “Марс чабуулда”) роль жаратат.
Актрисанын жылдызы 1998-жылы “Чоң шаардагы секс” сериалы экранга чыккандан кийин жанды. Кинодо журналист Керри Бредшоунун образын мыкты жараткандыгы үчүн бир катар наамдар менен кошо 4 ирет “Алтын глобус”, “Эмми” сыйлыктарына татыктуу болгон. Бул тасма көрүүчүлөр жана сынчылар тарабынан да жакшы кабыл алынып, кино-хиттердин катарын толуктаса, Сара Голливуддун белгилүү актрисасына айлана алды.

“БАЛДАРЫМ – МЕНИН БАКТЫМ”
Сара Паркердин жеке жашоосу боюнча сөз кылсак, алгач актёр Роберт Доуни (кичүүсү)(1984-1991), андан кийин актёр Николас Кейж менен да сүйүү мамилелери болгон. Фанаттарынын көңүлүн өзгөчө бурган сүйүү романы болуп Жон Кеннеди (кичүүсү) экөөнүн мамилеси айтылат. Ал Американын 35-президенти Жон Кеннединин уулу, журналист жана адвокат болгон.
Сара өзү баалаган, издеген чыныгы бактысын 1997-жылы кезиктирет. Актёр Метью Бродерик менен таанышып, бири-бирин жактырышкан экөө ошол эле жылы баш кошуу чечимине келишет.
5 жылдык бактылуу үй-бүлөлүк жашоодон кийин Жеймс аттуу уулдуу болушат. 7 жыл­дан соң суррогат эненин жардамы менен түгөйлөр Марион жана Табита аттуу эгиз кыздуу болушат. “Балдарым – менин бактым. Жеймс атасына окшош, ал эми Марион жана Табита экөө эки башка. Марион абдан тырышчаак, сезимтал, ар нерсеге кызыкдар болсо, Табита ак сөөктөрдөй, ал бербейт, жалаң гана алат”,- дейт бакытка балкыган актриса.

САРА – НЬЮ-ЙОРК МОДАСЫНЫН ИКОНАСЫ
Актриса жакында “Лавлейс” тасмасына тартылып бүттү. Эми убактысынын көбүн үй-бүлөсүнө, баласына жана эгиз кыздарынын тарбиясына арнап жаткан чагы.
Укмуштуудай сулуу болбогону менен, өзүнүн сүйкүмдүүлүгү, өзүнө тартуу сапаты, жеке өзүнө гана тиешелүү болгон стили жана актрисалык чоң таланты менен бийиктиктерди багынтып, миллиондогон аялдардын кумирине айланган Сара Жессика Паркер – бүгүнкү күндө ийгиликтүү, бактылуу аял жана эне. Көпчүлүк үчүн Сара Нью-Йорк модасынын иконасы болуп эсептелет.

 Кыстарылган видео 
Сара Жессика Паркер
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
moon.alty6a
2012-06-13 14:37:47
МЫкты актрисалардын бири деп ойлойм
0
№ 501, 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан