КООПТУУ АБАЛДАГЫ ӨЛКӨЛӨРГӨ ТЫНЧТЫК ОРНОТУУЧУЛАР

Баары сени жактырбай жаткан чоочун өлкөгө тартип, тынчтык орнотуу кандай экенин билесизби? Бирөөнүн өлкөсүндө, башкалардын согушунда...

БУУНУН ТЫНЧТЫК ОРНОТУУЧУ КҮЧТӨРҮ ТУУРАЛУУ
БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү – уюмдун Уставына ылайык, экономикалык жана саясий мүнөздөгү аракеттер жетишерлик болбогондо жаңжалдын алдын алуу же коопсуздук коркунучун жок кылуу максатында биргелешип аракет кылган БУУга мүчө болгон өлкөлөрдүн куралдуу курамы. 1948-жылы БУУнун Коопсуздук кеңеши тынчтыкты коргоо максатында биринчи миссияны бекиткен. 1988-жылы БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнө “Нобель” сыйлыгы ыйгарылган. Бүгүнкү күндө 18 операциянын алкагында 72 миң аскер кызматкери жана 15 миң жарандык адам кызмат өтөйт.
Кыргызстан – БУУнун тынчтык орнотуу миссияларына өз өкүлдөрүн жиберген Борбор Азиядагы жалгыз өлкө. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн 33 тынчтык орнотуучулары БУУнун “Тынчтыкты сактоо” программасынын алкагында планетабыздын “ысык” аймактарында өз салымдарын кошуп жүрүшөт.

«ЧЫГЫШ ТИМОРДО ДА КАЛЫҢ БЕРИШЕТ»
Кыргызстан кичине өлкө болгону менен, дүйнөдөгү тынчтык орнотуу чараларына жигердүү катышып келүүдө. Негизи, тынчтык орнотуучуларга аскердик тармактагы талапкерлер тандалышат. Алардын ден соолугу чың болуп, аскердик бардык эрежелерди так, ок атууну жакшы билип, автоунааны айдай алуусу жана тил билүүсү шарт. Милдетине окуянын ачык чагылдырылышын, тараптардын мыйзам бузууларын көзөмөлдөө кирет.
БУУнун тынчтык орнотуучу полиция күчтөрүнүн курамында кызмат өтөп келгендердин арасында Коргоо министрлигинин алдындагы “Скорпион” атайын багытындагы бригадасынын башчысынын өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары Ашымжан Эсенкулов да бар. Ал Түштүк-Чыгыш Азияда жайгашкан Чыгыш Тимор өлкөсүндө бир жыл кызмат өтөгөн. Бул өлкөдөн алган таасирлери тууралуу айтып берди:
– Мен 2009-жылдан 2010-жылга чейин Чыгыш Тимор өлкөсүндө тынчтык орнотуучу болуп кызмат өтөп келдим. Ал өлкө Португалия менен Индонезияга колония болуп келиптир. 2002-жылы гана Чыгыш Тимор расмий түрдө көз карандысыз мамлекет катары таанылган. Согуш болуп жаткандыктан, көйгөйлөр көп, тамак-аш жетишсиз, жугуштуу оорулар күчөп кеткен. Экономикасы аябай артта калган, жумушсуздук. Элинин көбү чөп, банандын жалбырагынан жасалган алачыктарда жашашат.
Аларда да келин алганда калың берүү бар экен. Илгерки убактарда 100 буйволго чейин бергендери болсо, азыр аз болсо да калың беришет. Той-топурларга жакын келишет. Анан соодалашышат. Мисалы,
2-3 килограмм бананды 2 доллар десе, соодалашып отуруп 1 долларга сатып алабыз. Бизде арыкта агып жаткан сууну деле ичип кете берсең, ал жакта крандан чыккан сууну ичүүдөн да коркосуң. Суусунда ар кандай оору козгогучтар бар да, ага биздин организм көнгөн эмес. Жалаң гана дүкөндөгү сууну сатып алып колдончубуз.

«БИРИ-БИРИНИН ҮЙҮН ӨРТТӨЙ БЕРИШЕТ»

– Бир жолу чиркей чагып, маляриянын дендифебер деген түрү менен ооруп калдым. Алым кетип шалдырап, табым 40 градуска чейин көтөрүлүп, госпиталда 8 күн жатып, араң айыккам. Кыш болбойт, бизге окшоп кышка даярданбайт, отун чогултуп, чөп чаппайт. Жалаң эле күрүч жей беришет, нанды да аз жешет. Бизге бардык чыгымдарыбыз үчүн күнүнө 118 доллар төлөнүп берилчү. Ашканаларына кээде гана барбасак, акчаны үнөмдөө үчүн башка убакта өзүбүз тамак жасап жечүбүз.
Тынчтык орнотуучу болуп чет өлкөгө барган адам сөзсүз түрдө тил билүүсү кажет, себеби иш кагаздары англис тилинде жүргүзүлөт. Бизге жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүү үчүн котормочу кошулат. Элден алган маалыматтарыбызды рапорт түрүндө жетекчиликке жөнөтөбүз. Эки тарап уруша кетишсе, арага түшүп, тараптарды жараштырууга аракет кылабыз. Эгер күчүбүз жетпей баратса, борбордук базадан жардам сурайбыз.
Аларда аял киши экинчи сорттогу адам катары эсептелинип, сабай беришет экен, ошондуктан аялдар арызданып келген учурлар көп. Чыгыш Тимордо клан-клан болуп эле уруша беришет. Бири-биринин үйүн өрттөп, банандарын жулуп, мачетелери (чоң бычак) менен чабышып башташат. Мачете менен чапканда буту-колу үзүлүп эле жатып калышат. Бир жолу бизге бир жерде мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшүп калды. Биз баргыча эки жаат болуп мушташып, баары качып кетип, бирөө эле калыптыр. Анын бир колунун билегинен ылдый жагы жок, үзө чаап салышыптыр. Бир бутунун таманы да үзүлүп түшөйүн деп араң кармалып турат. Өзүн ооруканага жөнөтүп жиберип, калганыбыз колун издедик. Бир жарым саат дегенде араң таап ооруканага алып барсак, жансыз болуп калыптыр, улаганга болбойт экен.

«АР БИР ҮЙДӨ КАЛАШНИКОВ БАР»
Коргоо министрлигинин Күжүрмөн даярдык башкармалыгынын улук офицери Шербек Барпиев да ысык Африка материгинин Судан өлкөсүндө тынчтык орнотуучу катары кызмат өтөп келген.
– Мен 2009-жылдан 2010-жылга чейин Суданда болдум. Тынчтык орнотуучу болуп баргандарга алгач 3 жума кандай иштеш керек, эмнени кылса болот, эмнени кылса болбойт деген сыяктуу нерселерди үйрөтөт. Мен барган учурда 22 жылга созулган жарандык согуш жаңы гана аяктап, Конституциясы кабыл алына элек, эми гана өзүнө келип жаткан учуру экен. Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандай абал, баары талкаланган. Өлкө түштүк-түндүк болуп экиге бөлүнүп кеткен. Түштүк Судандын да, Түндүк Судандын да өзүнүн аскерлери бар. Эки жактын тең аскерлеринен бирден өкүл, котормочу болуп айылдарын кыдырып жолугушуу уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз, гуманитардык жардамдарды коштоп жүрөбүз.
Күндүн ысыгы 45-50 градуска чейин жетет. Кар жаабай, жер кургак болгондуктан, аба ууланып, адамдар ооруга бат чалдыгышат окшойт. Жерде жаткан бир нерсени кармаштан коркосуң, денеңдин бир жери кесилип калса, эртерээк дарылаганга аракет кыласың. Кыргызстанда жүргөндө оору жөнүндө ишиң деле жок болсо, ал жакта Кудайдан “ден соолук бер” деп эле суранып калат экенсиң.
Судандын борбору – Хартун чоң, жакшы шаар болгону менен, башка жерлерине чыксаң, биздегидей жаркыраган үйлөр жок. Калкы “тукул” деген камыштан жасалган алачыктарда жашашат. Жанына дагы бир тукул жасап, балдарын киргизип коюшат. Жумушсуздук аябай күчөгөн, канча киши иштебегенин эсептегенден көрө, тескерисинче, канча киши иштээрин санап чыгуу оңой. Ар бир үйдө эле Калашников автоматтарын сакташат. Бирөөнү бирөө атып салса, иликтөө деген таптакыр жок. Андан сырткары аскер кызматкерлери жумуштан кийин үйлөрүнө курал-жарагы менен баратып, бир жерге кирип ичип, бири-бирин атып алгандарды да көп көрдүм.

«ТҮРМӨГӨ ТҮШСӨ, СҮЙҮНҮШӨТ»
– Мамлекетте ачарчылык болуп жаткандыктан, түрмөгө камап койсо, кайра сүйүнүшөт. Себеби ал жерде тамак-ашын беришет да. Түрмөлөрүн да короо курчагандай темир тор менен эле тосуп коюшкан. Карапайым калкы БУУнун тынчтык орнотуучуларын жакшы көрө беришпейт. Күлүп учураша беришкени менен, баары бир жаман көрүшөт.
Бир жолу алыскы бир айылга тик учак менен барып калдык, патрулдун лидери мен элем. Жерге конолу деп жатканда автомат менен куралданган жергиликтүү эл курчап алып, “консоңор эле атабыз” деп кондурбаганга аракет кылды. Ал эми учкучтар “конмоюнча кайра көтөрүлө албайбыз” деп жатышат. Котормочу аркылуу эл менен сүйлөшүүгө аракет кылсак, мотордун үнүнөн эч нерсе угулбайт. Эптеп конуп, тилмеч экөөбүз эл менен сүйлөшүүгө аракет кылдык. “Силер эмне келдиңер же бир жардамыңар тийдиби? Келесиңер, биздин жашообузду жазасыңар, башка жардамыңар жок” деп жакын жолотпой коюшту. Кайра тик учакка отуруп учуп кеткенден кийин гана жүрөгүбүз ордуна келген. Ошондо “ушунча жүрүп, эми башка өлкөдө өлүп каламбы...” деген ой кеткен. Бирок мындай нерселерди үй-бүлөңө айтпайсың да, сүйлөшүп калганда “баары жакшы” деп коёсуң. Айтсаң, жаны чыгып кетпейби.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кооптуу абалдагы өлкөлөргө тынчтык орнотуучулар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kyrgyzz
2012-06-24 01:15:28
men bul jerdi okubai ele komentari9 jazam antkeni men u4un BUUnun iwtegeni jakpait ozuloru soguw a4ip kayra ele ozuloru jardam berip ele juro beret bul jon ele pokazuha...misali ubagynda Ruwandaga dele jardam berbei koigon al dele USAnyn jurguzgon sa9satynyn negizinde soguw 4ikkan... Livi9ga dele USAnin katywuusu menen soguw 4ykkan. emi Iranga da soguw a4at amerika . Owondo ddele BUU baryp jardam beret birok ubagynda soguwtu toktoto albait antkeni USAnin diktovkasi m.n iwteit!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
№ 501, 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан