ЖАКТЫРУУ
Сыртынан көрүп жактырып каласың. Аны көргөн сайын, эстеген сайын ичиң ысып, эзиле баштайсың. Келбетине, ай чырайына сугуңдун артылганын айт. Кез келгенде көзүң тойбой карай бересиң. Ага магниттей тартылып, жутуп жибергиң келет. Бүт кызыкчылыкты, тегеректеги адамдарды да унутуп коюп, миң толгоносуң. Күнү-түнү оюңдан кетпейт. Ооба, өзгөчө түнү уктай албай түйшөлөсүң. Кыялыңда бирде аны менен көл жээктей бирге бассаң, бирде таттуу өбүшүп, денелер денеге чапталат. Анткен сайын сени эркелетер, кучактаар колдорду самап, дүүлүгүп чыгасың. Эртерээк таанышсам деп самап, тобокелчиликке барганыңды айт...
ТААНЫШУУ
Куру кыялдарга азгырылып жүрө бербейин деп чымырканасың. Анан бир күнү анын дал бет маңдайында пайда болосуң. Сүрдөйсүң. Ошол эле кезде аны менен бирге болор күндөрдү ушунчалык күткөнүңдөн эркиңди кармап, сыртыңдан сыр бербейсиң. Болгон тажрыйбаңа таянып өзүңдү ушунча сыпаа тутуп, жылуу жылмаясың. Азгырыктуу сүйлөп, жылуу мүнөздө тил табышасың. Секин-секин имерип, бал тилге саласың. Ал жаныңда турганда жыпар жытына, келбетине арбалып, башың тумандайт. Ошол калыпта да өзүңдү жоготпой, тилин табууга өтөсүң. Анан... Анан акырындап колун кармап ээрчише басканга, ал тургай чын-тамашага салып имере кучактаганга жетишесиң.
ӨБҮШҮҮ
Көздү чылк жумуп, бүт дүйнөнү унутта калтырып, эриндер эриндерге чапташат. Бал тилин болор-болбос тиштеп, анан соргулайсың. Мындайда шилекейди аптыга жутуп, башың тумандайт. Дүйнө мас... Сага жабышкан дененин чатырап дүүлүгө баштаганын сезип, ансайын жыргалдын кучагында балкый баштайсың. Кыздын бүчүлөрүн секин бошотуп, тирсийген кош алмаларга колуң узайт. Ансайын жан дүйнөң алдастап, денең титирейт.
Анан... Анан үйлөнбөсөң болбой калганын сезесиң да, сулууңду жетелей бир күнү никеге турууга жөнөйсүң.
МАХАБАТ КӨЛҮНДӨ ЧАБАК УРУУ
Нике кыйылган түн. Эки дене биригер мүнөттөрдү самап, чыдамың кетет. Ал убак да келип, магдыраган назик жанды төшөккө басып кулайсың. Эмчегинин үрптөрүн, мойнун да, аппак, жумшак сандарын да сыдырып өпкүлөйсүң. Кыймылдар күчөйт. Миң түйүлүп, миң жазылып махабат көлүнө чумкуйсуң. Анын албырган жүзүн, ийкемдүү кыймылдарын көрүп, эки эсе күчтүү кыймылдайсың. Эзилишип, кумарга мас болосуң. Бир маалда эңсегениңе жетип, коргошундай эрип, эсиң оойт...