Кээ бир кыздар турмушка чыгып, жыныстык жашоодо жашап жатса да оргазм эмне экенин сезе алышпайт. Сексопатологдор мунун себебин төмөндөгүчө түшүндүрүшөт.
1. Стринги (мини трусы). Муну кийбей эле койгон оң. Анткени жабышып, кысып туруучу ич кийим кан айланууну бузат. Эркек менен жакындашканда айым дүүлүккөнү менен, жыныстык органдарга кан жетишерлик деңгээлде барбайт. Демек, кумардын туу чокусуна жетүү мүмкүн эмес же жетүү кыйынга турат.
2. Алсыз булчуңдар. Жыныс кыны да булчуңдарга кирет. Физикалык активдүүлүк жок болсо, жыныс булчуңу да бош тартып, жакшы жыйрылбай калат. Ал эми оргазм болсо бул – булчуңдун жыйрылышы. Андыктан булчуңга “жумуш таап берүү” кажет.
3. Регулярдуу эмес төшөк катнашы. Айым анда-санда гана жыныстык катнашка барса, анда анын жыныс кыны чоюлчаактыгын, ийкемдүүлүгүн жоготот. Атайын суюктукту (жыныс кыны сууланып туруучу) иштеп чыгаруучу бездин да иштеши начарлайт.
4. Ашыкча тоюп алуу. Тамакты көп жеп алганда аны аш кылуучу системге оордук келет. Демек, организмдеги энергиянын көбү ага жумшалып, секс менен алектенүүгө дарман жок же аз калат. Тамакты төшөккө жатардан 2-3 саат мурун ичүү туура.
5. Жаштык. Кээ бир айымдарда гормондордун иштеши калыптана элек болот. Башкача айтканда, оргазмга жетүү үчүн керектүү гормондорду топтой элек. Андыктан алар бала төрөгөндөн кийин гана оргазмды сезе башташат.
6. Дары-дармектер. Аллергияга, суук тийгенге каршы дары-дармектер, заара кубалоочу каражаттар канга сиңгенден кийин дем алуу жолдорунун гана былжырларына таасир этпестен, жыныстык кындын былжырына да таасир этет. Башкача айтканда, оргазм алууга жолтоо болот.
7. Муздак буттар. Үшүкчөөл айымдар байпак кийип жатуулары керек. Анткени буттагы температура оргазмга жетүүгө да таасир этет. Буту жылуу айымда оргазм да «жашайт».