Эрдиңе тилим ширелип,
Эмчегиң мага тирелип.
Жылаңач жатсам үстүңдө,
Жыйнаган бардык күчүмдү,
Жылдырып алга жиберип.
Ансайын мени азгырып,
«Ахалап» жатсаң аптыгып.
Апакай, назик денеңди,
Аймалап жатсам бастырып.
Айлаңды таппай чачылып,
Астымда жатсаң басылып.
Суналган түптүз буттарың,
Эрксизден бошоп, ачылып.
Аялуу жүргөн сакталып,
Ак жуумал денең тапталып.
Акышың сенин тыңшасам,
Абалкы кыймыл башталып.
Агарып киймиң чачылып,
Айданек этиң ачылып.
Мамыктай аппак эки бет,
От болуп күйсө ашыгып.
Саматкан сенин ак денең,
Салмагым менен басылып.
Эринден соруп сүйүшүп,
Эриген отко күйүшүп.
Эркектин жалаң төшүнө,
Эмчегиң жумшак тийишип,
Оюнга кирсек уламдан,
Кийимди чачып ийишип.
Жалооруп сенин көздөрүң,
Жалбара чыгып сөздөрүң.
Акыштап жатсаң астымда,
Агарып сулуу төштөрүң.
Таң агарып атканда,
Тараза жылдыз батканда.
Таттуу сенин даамыңды,
Тойгучакты кучактап,
Толугу менен татканда.
Аппагым болуп жеңилип,
Астымда жатсаң берилип.
Кучактап жатсам өзүңдү,
Кумарым канып керилип.
Иштин баарын бүтүрүп,
Ууздай аппак төшүңдү,
Уучтап жатсам койнуңда
Уйкудан көзүм сүзүлүп.
Багынып бүтүп өзүмө,
Башыңды коюп төшүмө.
Жылмышып мени кучактап,
Жылаңач жатсаң көшүлө.
Астра Айдарова
erotika@super.kg