«КУРУЛТАЙЧЫЛАР, ОЙЛОНГУЛА!»

– 29-майда өткөн Улуу Курултайдын экинчи чакырылышына катышкандан кийин аны колдоонун зарылчылыгы жок экенине ынандым. Курултай жыйындын атына жамынып өз кызыкчылыгын көздөгөн, кайсы бир саясий күчтөргө камчы болуу менен өздөрүн элге көрсөткүсү келгендердин иши экенине көзүм жетти. Окулган докладдарда коомго бурулуш жасап бере ала турган бир дагы сунуш айтылбады. Баяс Турал кооз жазылган докладын окуп баштаганда “баягысын баштады” деп күлүп отурушту. Кайда барбасын, жаттама сөзүн сүйлөгөндөр чыкты.
Мыйзамдуу күчкө ээ болбосо, президент, премьер менен спикер бир ууч адамга эмнеге чуркап келиши керек? Мыйзам жолуна араң түшүп баштаганда, курултайчылар, купшуңдабай, ойлонгулачы! Бийлик тараптан силерге кызмат сунушу түшсө, башка обон менен ырдап каларыңар белгилүү эмеспи!

Азис Мамбетмусаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 501, 8-июнь-14-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан