Өткөн саныбызда “Ушул кордукту көргөн акыркы кыз мен болоюн” деген аталыштагы макала жарык көргөн. Анда Фарида (аты-жөнү өзгөртүлгөн) аттуу келин эки жигиттен аёосуз зордук көргөнүн баяндап, соттордун адилетсиздигине нааразы болгонун айтып берген. Макала жарыкка чыккандан бери телефонубуз тынган жок. Окурмандар “күнөөлүүлөр жазасын алышсын, келинге жардам берели” деп тынчсызданып жатышат.
www.super.kg сайтыбыздын колдонучуулары да “өзүбүздүн кыздарыбызды өзүбүз кор тутабызбы? Кандай акмакчылык! Азыркы сотторго ишенич жок. Күнөөлүү балдарды таап, жазасын берүү керек, соттон адилеттик болбосо, өзүбүз жазалайлы” деген пикирлерди жаадырышууда. Коомчулуктун мындай реакциясынан соң ошол өкүмдү токуган сот акебиз ойлонот болду бекен?