Кечээ жакында жоюлуп кеткен Каржы полициясынын экс-кызматкери Каныбек Жакшыбаев Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариевди сотко бере турганын айтты. Эске салсак, бир ай мурун Темир Сариев аталган органда мурда иштеген айрым кызматкерлер сынактан өтпөй калып нааразы болуп жатышканын айткан. "Алардын бири – Каныбек Эргешбаев. 2010-жылдын 7-апрелинен кийин фамилиясын өзгөртүп, кызмат үчүн Ак үйдө чуркап жүрөт. Учурунда Жаныш Бакиев менен Максимдин кол алдындагы кишиси болчу",- деген.
Ал эми Каныбек Жакшыбаев: “Ал мени Бакиевдин күчүгүнө теңеп койду. Ооба, мен 2009-жылдын 26-августунда эле атамдын атын калтыруу максатында фамилиямды өзгөрткөм. Ал өз сөзүнө жооп бериши керек, базарда отурган аял эмес да”,- деди.