БУТТУН «ГРИБОК» ООРУСУ

Микоз оорусуна алып келүүчү себептер

Буттун таманынын микоз оорусуна чалдыгышына: тамандын тердеши, буттун кан-тамыр оорулары, теринин өтө кургак болушу, тамандын терисинин жарылышы, манжалардын ортосундагы терилердин бузулушу, буттун үшүккө кабылышы, резина бут кийимди көп кийүү, иммунитеттин төмөндөшү себеп болот.

Буттун грибок ооруларынын бөлүнүшү

Эпидермофития” – бул “Trichophuton mentagrophutes” деп аталган микробактериялар жараткан оору.
Бул оору негизинен эпидермисти (теринин үстүнкү катмары, бети) жабыркатат да, дарыланбаса өнөкөткө айланат. Алгач тери түлөй баштап, анан кычышууга өтөт. Карттанып отуруп сөөл сымал катуу тартат. Тырмоонун натыйжасында тери сыйрылып түшүп, ичинде сары суусу бар майда быжыраган ыйлаакчалар пайда болот. Ушундан улам манжалардын ортосу сууланып, жанды жай алдырбаган кычышуулар келип чыгат. Эгерде ушул кезде башка бактериялар кошулса, жабыркаган жер ириңдеп кетиши мүмкүн. Мындай учурда дененин температурасы көтө­рү­лөт.
“Эпидермофитияда” буттун биринчи жана бешинчи манжаларынын тырмактары жабыркайт. Жабыркаган тырмактар саргара баштайт да, үстүнө сызыкча түшүп, калыңдоого өтөт. Кээде тырмактын түп жагы оорутпай туруп эле үбөлөнө баштайт.


Рубромикоз” оорусу. Муну “Trichophuton rubrum” микробактериясы пайда кылат.

Аталган ооруда буттун териси, тырмагы жабыркайт. Бут-колдун тырмактары көпчүлүк учурда жылмакай көрүнгөнү менен түп жактары саргыч тартып, калыңдайт. Айрым учурда үбөлөнүп түшө баштайт. Кээде тырмактар өңгүл-дөңгүл формага өтүп, сынышы күтүлөт.
Буттун таман териси калыңдап, кычышып, кургай баштайт. Тери карттанып сыйрылып түшөт. Тери көгүш-кызыл түс алуусу мүмкүн. Кычышып, тырмоонун натыйжасында жабыркаган теринин четтери кызарып, дөмпөк формага өтүшү да күтүлөт.
Мындан сырткары колдун алакан манжалары, тырмактары, алтургай, теринин жылмакай бөлүгү жабыр тартышы мүмкүн.


“Руброфития” оорусу. Кээ бир учурда бул оору дененин бүт терисин, алтургай, бет терисин да жабыркатышы ыктымал. Мындай абалга айрыкча дарылабай жүрө бергендер туш болот.

Буттун грибок оорусунан айыгууга болобу?

Бул оорудан албетте, кутулууга болот. Бирок, дарылоо мөөнөтү бир нече жумага, кээсинде айга созулушу мүмкүн. Грибок ооруларын дерматолог көрөт жана диагноз коёт.

Дарылоо ыкмаларынын түрлөрү:

  • Мазь жана кремдер
  • Грибокко каршы таблеткалар
  • Тырмакты хирургиялык жол менен алып салуу жана башкалар.

Эскерте кетчү нерсе, буттун грибок оорусунан өз алдынча дарыланууга болбойт. Бул оорунун тереңдеп, кө­лөм­дүү орунга жайылып кетүүсүнө алып келет. Ошондой эле чөп кайнатмалары грибокко жардам бер­бей тургандыгын эске алуу зарыл. Дерматолог врач гана оорулуунун грибоктун кайсы түрүнө чалдыкканын тактап, кантип жана кандайча айыктыруу керек экендигин чечет.

Микозго кабылбоо үчүн кеңештер

Аталган ооруларды адамдар көбүнчө мончо, душ, бассейн, спорт залдардан жуктуруп алышат. Ошондуктан, аталган жайларга барган учурда ар ким өз бут кийимдерин пайдалангандары оң. Оору грибок оорусу менен жабыркаган кишилердин денесинен, бармактарынан түшкөн терилер аркылуу соо адамга жугуп калат.

Кээ бир учурда бир үйбүлөнүн мүчөлөрү бүт ооруган учурлар кездешет. Буга жөнөкөй эле өздүк гигиенанын эрежелерин сактабоо себепкер болот. Башкача айтканда, биринин бут кийимин бири кийип алуусунан жугат. Ошондой эле оору бирөөнүн байпагын кийүүдө, бет аарчысын, дене жышкычын колдонууда да жугаарын унутпоо керек.

Абдумажит Мурзаев, врач, саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 197, 11-17-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан