Өлкөдө жыл сайын гигиеналык нормага ылайык келбеген оюнчуктардын саны өсүп келет. Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагымбаеванын айтымында, 3 жашка чейинки балдардын оюнчуктарында фенол менен стезол нормадан 5 эсеге жогору. “Мындай көрүнүш дем алуу органдарына, боор менен өткө терс таасир тийгизет”,- деди ал.
Андыктан өлкөгө бул сыяктуу оюнчуктарды алып кирүү үчүн текшерүүнү күчөтүү керектигин айтышат. Айрыкча бир жылдан кийин колдонулган оюнчукту пайдалануу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ыргытуу зарыл. Депутат Эсенгул Исаков мындай техникалык регламентти кабыл алуу боюнча 20 жылдай кечиккенибизди баса белгилеп өттү.